Борбор Азия лидерлери Путинге колдоо көрсөтүштү

Сүрөттүн булагы, Official
Новгород облусундагы орус президентинин резиденциясына украин дрондору жасады делип жаткан чабуулду казак жана өзбек президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Путин менен болгон телефондук сүйлөшүүдө айыптаганын Кремль жазып чыкты.
Расмий Москва тараткан маалыматта, Мирзиёев дрон чабуулун "акыл-эске сыйбас террордук аракет" деп, ал эми Токаев "украин дрондорунун чагымчылдык кол салуусу" деп айыптаган.
Акорда Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу Путин менен сүйлөшкөнүн ырастады, бирок анда Кремль жазгандай "украин дрондору" тууралуу сөз жок.
"Токаев Украина боюнча маселени жөнгө салуу боюнча прогрессти кубаттап, бекем макулдашууга багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди уланта берүүнүн маанисин баса белгиледи"- делет бул тууралуу кыска маалыматта.
"Ошону менен бирге өлкө башчысы Орус Федерациясынын президентинин мамлекеттик резиденциясына кол салуу аракетин айыптап, мындай аракеттер тынчтыкка умтулууга жана конфликттин саясий чечимин издөөгө көмөктөшпөйт".
Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматы да Путин менен болгон телефондук сүйлөшүү тууралуу кыска билдирүү таратты. Мында "террордук аракет" сөз айкашы колдонулган жок.
"Маектешүүнүн алдында мамлекет башчысы Новгород облусундагы орус президентинин резиденциясына болгон чабуулду чечкиндүү түрдө айыптады", - делет анда.
"Мындай акттар туруктуулукка жана коопсуздукка, анын ичинде тынчтыкка келүүгө багытталган аракеттерге шек келтирери баса белгиленди".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украин президенти Владимир Зеленский Киевдин бул чабуулга катышы бар деген Москванын мындай айыптоолорун "калп" жана "фейк" деди. Анын айтымында, Кремль муну менен украин шаарларына жана өкмөттүк имараттарына жаңы кол салууларын актаганы жатат. Лавров буга чейин Москва жооп катары жаңы соккуларыды пландап жатканын айткан.
"Орусия тараптан учурда аябай кооптуу билдирүүлөр болуп жатат, алар президент Трамптын командасы менен болгон бирдиктүү ишти жокко чыгарууга багытталганы айдан ачык. Биз тынчтыкка келүү үчүн чогуу иштешип жатабыз. Азыр эми орусиялыктар орус диктаторунун резиденциясына сокку урулуптур деген кезектеги фейкти ойлоп табышты. Бул Украинага, Киевге соккуларын улантуу үчүн жана согушту токтотууга керектүү кадамдарга баруудан баш тартууда өздөрүн актоо үчүн жасалды. Орусиялыктарга мүнөздүү тактикалык калп. Алар Киевге, Украинанын министрлер кабинетинин имаратына буга чейин сокку урушкан", - деп жазды Зеленский бул тууралуу өзүнүн телеграмына.
Украин президенти эл аралык коомчулукту "орусиялыктар тынчтыкка болгон умтулууну жокко чыгарып салбаш үчүн унчукпай калбоого" чакырды.
30-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирген. Ал тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов 30-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазып, "бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо келтирет" деп белгилеген.












