"Тазалык" ишканасынын чөгүп кеткен дагы бир кызматкеринин сөөгү табылды

ӨКМ куткаруучусу

Сүрөттүн булагы, Official

Бишкек Жылуулук электр борборуна тийиштүү техникалык суу каналына 29-декабрда чөгүп кеткен "Тазалыктын" үч кызматкеринин экинчиси - 1963-жылы туулган Ж.Ж аттуу адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге "Тазалык" ишканасынын директору Жолдош Чуштуков ырастады.

Анын айтымында, бүгүн сөөгү табылган Жолдошбек аттуу жарандын сөөгү кечээ алар чөккөн жерден өтө алыс эмес аймактан табылды.

"Аны дагы шаардык табытканага жеткиришти, соттук медициналык экспертизасы бүткөндөн кийин сөөгүн жакындарына өткөрүп беришет. Кечээки табылган сөөктү жакындары үйүнө, Лебединовкага жакын Новопокровкага алып кетишти",- деди Чуштуков.

ӨКМ кызматкерлери окуя орун алган 29-декабрда 33 жаштагы кызматкердин сөөгүн табышкан.

Чөгүп кеткен үчүнчү адамдын сөөгүн издөө иштери бүгүн да уланып, ага 150 киши тартылды. Алардын 90у куткаруучу, 30у милиция кызматкери, бул ишке Бишкек шаардык мэриясынан дагы 30 кызматкер катышып жатат.

"Бирөөсү сууга кулап кеткен, азырынча бизде ал кантип кулап кеткени тууралуу маалымат жок. Андан кийинки эки кызматкер аны куткарабыз деп, анан үчөө тең чөгүп кеткен. Биринчи адам кандай жагдайда сууга кирип кеткенин милиция тактап атат. Биз өз кезегинде кызматкерлерге коопсуздук чаралары сактоо тууралуу көрсөтмөлөр берип жатабыз " - деди "Тазалыктын" директору Жолдош Чуштуков.

Мэрия билдиргендей, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап бүтүп, жумуштан кийин үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.