Асманда жаңырган кыргыз тили. Кыргыз авиациясындагы айымдын ишмердиги
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Тлеухор Бошумованын жеке архиви
Аялзатынын ишмердиги баардык тармакта эркектердикинен кем калышпай жемишин берип келет. Мейли чарбада, үйдө, мекемеде керек болсо көк асманда да ошондой. Асман демекчи, аба жиреп учкан учкучтардын арасында да айымдардын орду, ат көтөргүс кызматы бар. Космонавт, учкучтан баштап стюардессаларга чейин аялзатынын салымы өзгөчө.
Би-Би-Си Кыргызcтандын жарандык авиациянын тарыхын бул тармакта 60 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Тлеухор Бошумованын көзү, тажрыйбасы менен карап көрдү.
Тлеухор Бошумова учурда жашы 80ге таяп калса дагы, авиация институтундагы музейди жетектеп, студенттер үчүн китеп жазып дагы деле иш үстүндө.
Асмандагы алгачкы кыргыз үнү

Мен 1961-жылдан бери кыргыз авиациясында иштеп жатам. Эски аэропортто бир жыл диктор болдум, андан кийин стюардесса болуп иштедим.
1966-жылы Усубалиев, Кулатов, Сүйүнбаев, Айтматов баш болгон токсон жүргүнчү учуп бара жаткан бортто, кыргыз авиациясынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон, Ишенбай Абдраимовичке кайрылып, “Фрунзе борборуна бара жатып эмнеге саламдашуу сөзүн кыргызча айтпайбыз?”- десем, "өзүң эле которо бер" деп калды.
Ал убакта котормо агенттик деле жок. Ошентип, биринчи жолу учакта кыргызча “Саламатсыздарбы, кымбаттуу жүргүнчүлөр, кораблдин командири жана экипаж сиздерге №18 самолеттун бортунан салам айтышат”- деп которуп сүйлөдүм. Ал сөздү жүргүнчүлөрдүн бардыгы угушту. Чынында бири дагы ойлогон эмес кыргызча саламдашуу болот деп. Анан Усубалиевдин алдына тамак алып барып калдым, ошондо көз айнегин өйдө көтөрүп, “Кызым, кайдан үйрөндүң кыргыз тилин?”- деп сурап калды. “Мен билем кыргызча, Кыргызстанда туулуп өскөм”, - деп жооп бердим. “Азаматсың кызым” деп мактап койду.
Көк асманда көркөмдүү кыргыз тилин укканда жүрөгү толкуп кетти окшойт. Кыргыз авиациясында ошондо иштей баштагам. Ал жакта он жети жыл иштедим. Андан соң социалдык бөлүмдүн директору болдум.
2004-жылдан бери авиациалык институттагы музей менен алекмин. Китеп жазам.

Кыргызстандагы алгачкы рейс
Кыргызстандагы алгачкы рейсти Николай Мартинич аттуу учкуч 1933-жылы 7-октябрда келип ачкан. Ишенбай Абдраимов Ташкент авиациалык жайкы мектебин бүтүрүп, Кыргызстандын авиация тармагын 25 жыл башкарган. Бул тармактын өсүшүнө аябай салымы чоң. “Манас” аэропортунун ачылышына опол тоодой эмгек жасаган. Аэропорттун атын “Манас” коёлу деп Чыңгыз Айтматов сунуштап, ошо менен ушул аталышты алып калган.

Кыргызстанда аба майданы жаңы башталган учурда, санитардык авиация менен тоонун башында малчылардын ден соолугуна кам көрүшүп, жада калса вертолеттун ичинде төрөттү кабыл алган дагы учурлар болгон. Самолеттун ичинде операцияларды жасашкан. Тоонун башынан өлгөн малдарды алып келишкен.
Эгемендикти алгандан кийинки беш самолет

Эгемендик алгандан кийин союздун аэрофлотунан бөлүндүк, “Кыргызстан аба жолдору” деген аталыш менен өзүнчө ачылды. Өз алдынча каттамдарды жүргүзгөндө кыйынчылыктар болду. Ошол убакта бизде ИЛ-18 деген беш самолет болгон. Лондондон кыргыз сомун ИЛ-62 деген самолет менен алып келишчү.
Кыргызстандын аба каттамындагы беш учак Москва, Новосибирске, Ленинградга “Кыргызстан аба жолдору” деген аталыш менен каттамдарды жасап турушкан. Андан башка дагы жергиликтүү каттамдар болгон.
Кыргызстандан чыккан ийгиликтүү учкучтар

Ишенбай Абдыраимович Кыргызстандагы эң алгачкы ийгиликтүү кыргыз учкучу болду. 1966-жылы “СССРдин эмгек сиңирген учкучу” деген наамын алган. Бул кишинин кыргыз авияциясына кошкон салымы чоң. Андан башка Прозоров, Козубек Үмөтович, Арманхоев, Касымнур Мокоев аттуу ийгиликтүү учкучтар болгон. Менин жолдошум Марат Бектенов дагы АЛ-14, АЛ-18, ТУ-154 деген самолеттордун командири болгон. Өмүрүнүн акырына чейин кыргыз авиациясына кызмат кылды.
Японияда учак башкарган Турар Исмаилов, андан башка Орусияда, Африка, Кубада дагы биздин учкучтар болгон.

Турар Исмаилов аттуу биздин бүтүрүүчү Японияда учкан. Андан башка дагы Россияга, Африка, Кубага кетип учкан студенттерибиз бар.
Азыр авиацияга кызыккан студенттердин саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул жылы абитуриенттерди конкурс болуп, анан кабыл алдык. Окууга жыл сайын эле кабыл алуу боло бербейт.
Кыргыз авиация билиминдеги жетишкендиктер жана көйгөйлөр

Стамбул, Россиянын Санкт- Петербург аймактарына барып окуганга болот. 3-4 студентти алар бул жакка жөнөтөт бекер окушат, кайра биз дагы 3-4 студентти ал жакка жөнөтөбүз. Муну менен студенттер эки диплом ала алат. Азыркы учурда Кытай менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө, жакында ал тарапка алмашуу программасы менен студенттер окуп калышы мүмкүн. Азыркы тапта Түркия, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүндө окуп жаткан студенттер бар. Ал жактан келген студенттер үчүн атайын жатакана каралган.
Заманбап техникалар жетишсиз, самолеттук паркты чоңойтуш керек. Азыр мурункуга салыштырмалуу такыр башка окуу методу керек












