You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп Иранды бомбалайбыз деп коркутту, Тегеран түз сүйлөшүүдөн баш тартууда
Вашингтон менен Тегеран Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунасага келе албаса, Америка Иранга сокку ураарын Трамп билдирди.
"Эгер алар келишимге кол койбосо, бомбалап салабыз. Мындай чабуулду алар элестете да алышпайт", - деди Трамп NBC News телеканалына. Ал ошондой эле Ирандын товарларына кошумча санкциялар салынарын эскертти.
Вашингтон менен Тегерандын ортосунда "байланыш бар" экенин Трамп кошумчалады.
Axios басылмасы америкалык расмий өкүлгө жана башка эки ишенимдүү булагына таянып жазгандай, Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеиге жолдогон Трамптын катында жаңы келишимге кол коюу үчүн Тегеранга эки ай убакыт берилгени айтылган.
Басылма кабарлагандай, Дональд Трамптын каты коркутуу таризинде жазылган. Анда кошмо штаттардын президенти өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылып, бул сунуш четке кагылса, кесепети оор болоорун эскерткен. Axios белгилегендей, келишим түзүү үчүн эки айлык мөөнөт көрсөтүлгөн.
Басылманын айтымында, Ак үй каттын мазмуну тууралуу өзүнүн союздаштарына – Израилге, Сауд Аравиясына жана БАЭге маалымат берди.
Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи дүйшөмбү күнү билдирүү менен чыгып, эгер Америка чабуул жасаса, анын жообу катуу болоорун эскертти.
Хаменеинин айтымында, Америка жана Израил менен Ирандын ортосунда душмандык мамиле дайыма болуп келген.
"Алар бизге кол салабыз деп коркутуп жатышат, муну ишке ашыруу кыйын болот. Бирок алар бизге карата кандайдыр бир жаман иш жасаса, сөзсүз катуу жооп беребиз. Эгер алар мурдагыдай эле өлкөнүн ичинде козголоң чыгарууну пландап жатса, Иран эли алар менен өзү күрөшөт", - деди Хаменеи. Анын сөзүн Рейтер агенттиги жазып чыкты.
Иран бийлиги 2022-2023-жылдардагы нааразылык акцияларын уюштурду деп Батышты айыптап келет.
Трамп жолдогон катты алганын айткан Хаменеи Америка президенти "алдап жатат" деген эле. AP маалымат агенттиги жазгандай, жекшемби күнү Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШнын түз сүйлөшүү сунушун четке какты.
"Тегеран менен Вашингтондун түз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү четке кагылганы менен, кыйыр сүйлөшүүлөргө жол ачык", - деп жазды AP маалымат агенттиги.
Трамп Иранды коркутууда, бирок эки тарап тең сүйлөшүүлөргө жигердүү катышууда
Би-Би-Си Перс кызматынын кабарчысы Шабнам Шабани:
Тегеран менен Вашингтон соңку күндөрү активдүү сүйлөшүп жатат, бирок эки тарап тең сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу ачык айтпай келет.
Жалпысынан алганда, Америка диалогго умтулуп жатканын жана компромисске келүү каалоосун дагы бир жолу ырастап, бирок дипломатия натыйжа бербесе, катаал чараларды колдонууга даяр экенин эскертүүдө деп айтса болот.
Иран өз кезегинде кыйыр сүйлөшүүлөрдү артык көрөрүн жана коркунучту сезсе, жооп кайтарарын белгиледи.
Вашингтон менен Тегерандын расмий билдирүүлөрүнө таянып, Иран бийлигинин АКШга берген жообу сүйлөшүү процессин токтоткон жок деп дагы айтууга болот. Тескерисинче эки тарап тең кыйыр сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасын баштоого даяр өңдөнөт. Бир гана суроо, эгерде бул сүйлөшүү ийгиликтүү болбосо, башка кандай сценарий болушу мүмкүн.
Ал ортодо Тегеран расмий түрдөгү сүйлөшүүлөр күн тартибинде экенин тастыктады. Ал эми Американын республикачыл сенатору Линдси Грэм Иран уранды 60% байытып жатканына тынчсызданып, ошол эле учурда Дональд Трамп маселени дипломатиялык жол менен чече алат деген үмүтүн билдирди.
Женевада европалык үч өлкө катышкан сүйлөшүүлөр уланууда, Иран өкмөтү да эксперттик деңгээлдеги жолугушуулар өтүп жатканын ырастады.
Мунун баары азырынча тараптардын ортосунда формалдуу келишим жок болсо да, кээ бир маселе боюнча өз ара түшүнүү пайда болгонунан кабар берет.
Учурда жолугушуулар жабык өтүүдө, анын чоо-жайы журналисттерге эле эмес, Европанын айрым дипломаттарына да белгисиз.
Иран, АКШ жана Европанын ортосундагы байланыштар тууралуу расмий маалымат жок болгондуктан, сүйлөшүүлөр тууралуу көптөгөн божомол гана айтылып жатат.
Жолугушууга катышкан тараптар коомдук пикирге көңүл буруп, журналисттерге маалымат бергенден көрө негизги пикир келишпестиктерге басым жасоону артык көрүшөт өңдөнөт.
2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөө киргизилип, анын ордуна эл аралык санкциялар жокко чыгарылган.
Ошондой эле Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрдөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.
Келишимге АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Иран кол койгон.
2018-жылы кошмо штаттары Иран өзөктүк куралды өндүрүүнү улантууда деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Андан соң эл аралык санкциялар кайрадан салына баштады, Иран болсо өзүнүн милдеттемелерин аткаруудан баш тартты.
Быйыл АКШнын президенти болуп шайланып келген Дональд Трамп Иранга каршы "максималдуу басымды" баштады. Анын максаты — Израилдин негизги душманын алсыратып, Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербөө жана баллистикалык ракеталардын учуу аралыгын чектөө.
Кытай болсо Иранга каршы "мыйзамсыз" санкцияларды токтотууну сунуштап, бул өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү туңгуюктан чыгарууга жардам берет деп эсептейт.
Кытайда март айынын орто ченинде Иран менен Орусия делегацияларынын жолугушуусу өтүп, анда Иран менен сүйлөшүү үчүн Орусия Трамптын администрациясына жардам берүүгө макул болгондугу тууралуу кабарлар тарады.