You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ирандын "өзөктүк куралынын атасы" кантип өлтүрүлгөн?
Иран бийлиги Израил өзөктүк курал боюнча алдыңкы адис Мохсен Фахризадени "алыстан башкарылган курал" менен өлтүрдү деп айыптоодо. Фахризадени батыш жана израилдик атайын кызматтар Ирандын "өзөктүк куралынын атасы" катары санап келишкен.
Өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Али Шамхани кол салгандар "электрондук аспаптарды" колдонгонун белгиледи.
"Бул абдан татаал, дыкат даярдалган миссия болду. Алар электрондук аспаптарды колдонгон",-деп айтты Шамхани.
Тегеран Фахризаденин өлүмү боюнча бир нече карама-каршы билдирүүлөрдү таратты. Бирок окумуштуу бара жаткан унаага ок атылып, ал оор жаракат алгандан кийин ооруканада үзүлгөн. Жергиликтүү басылмалар дагы анын унаасына ок атылганын жазышты. Коомдук тармактарга тараган сүрөттөрдөн ок жаадырылган унааны көрүүгө болот.
Ирандын Коргоо министрлиги алгач Фахризаденин жан сакчылары менен кол салуучулар атышканын маалымдаган. Андан кийин Ирандын медиасы окумуштуу "алыстан башкарылган курал" же "спутниктен башкарылган курал" менен өлтүрүлгөнүн маалымдашты.
Бул айтылгандар боюнча Израилдин өкмөтү расмий билдирүү жасай элек.
Ишембиде президент Хасан Роухани мамлекеттик телеканал аркылуу билдирүү жасап, окумуштуунун өлүмүнө Израилди айыптады. Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи мунун артында ким турганын таап, жазага тартууну талап кылды.
"Алар башаламандыктын үрөнүн сепкиси келет. Бирок алар [Израиль] биз үчүн китеп сыяктуу эле ачык, алардын колунан эч нерсе келбейт. Американын кийинки президенти конфронтация эмес, диалог каалап жатканын Иран жакшы түшүнөт",-деди Роухани.
2010-2012-жылдары Ирандын өзөктүк программасынын төрт эксперти киши колдуу болгон. Тегеран ошол кезде дагы Израилди айыптаган, бирок эч кандай далилдер болгон эмес. Фахризаде болжолу 59 жашта болчу.
Айрым агенттиктер "террорчу деп шектелен үч-төрт киши кол салуу болгон Абсард шаарында өлтүрүлгөнү" тууралуу маалыматтарды таратты.
Би-Би-Синин Перс кызматынын баяндамачысы Жияр Голдун пикиринде, Фахризаденин өлүмү ирандык атайын кызмат үчүн чоң сокку болду. Анткени анын коопсуздугуна атайын кызмат жооптуу эле. Ошондуктан айрымдар окумуштуунун өлүмүн Ирандын коопсузудук кызматындагы Израилдин жана батыштын чалгын кызматына иштегендер уюштурушу мүмкүн деген кептер болууда деди Гол.
Анализ
Пол Адамс, Би-Би-Си баяндамачысы:
Мохсен Фахризаде Ирандагы өзөктүк физика боюнча алдыңкы адис экенидигинде эч кандай күмөн жок. МАГАТЭ жана батыштын атайын кызматтары аны өзөктүк куралды иштеп чыгуу боюнча жашыруун программанын негизги кыймылдаткычы катары санап, көп жылдан бери айтып келишкен.
Фахризаде Ирандын Коргоо министрлигиндеги изилдөө жана инновациялар бөлүмүн жетектеп, өтө маанилүү фигуралардын бири эле. Эки жыл мурун Биньямин Нетаньяху "анын ысымын эстеп калгыла" деп бекеринен айтпаса керек.
Иран 2015-жылдагы келишимди сактабай калгандан кийин (Трамптын келишимден чыгып кеткенине жоо кылып) өлкөдө уранды байытуу иши жанданган. Мурда келишим менен тыюу салынган жогорку деңгээлин байытып жатканы тууралуу сындар айтылган эле. Ирандык чиновниктер бул кадамдарды илимий изилдөө катары түшүндүрүп келген, бирок илимий жетишкендиктер келечекте өзөктүк курал өндүрүүгө жол ачышы ыктымал.
"Биз артка кайта албайбыз",-деген жакында эле Ирандын МАГАТЭдеги мурдагы өкүлү Али Асгар Солтани.
Эгерде Мохсен Фахризаде Израиль дайым ырастап келгендей өтө маанилүү ролду ойногон болсо, аны Ирандын өзөктүк прогрессин токтотууга кызыкдар болгондор өлтүрүшү мүмкүн.
АКШнын шайлоону утуп чыккан лидери Жо Байдендин өзөктүк келшимди кайра жандантуу тууралуу айткандарын эске алсак, бул кол салуу алдыдагы сүйлөшүүлөрдү таталдаштырууга багытталган болушу да ыктымал.