You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Цезардан Скрипалга чейин: мамлекет "буюртма киши өлтүрүүгө" өзү аралашып келген
"Кутумчулар өзүнүн урматын көрсөткөндөй түр берип, аны тегеректеп калышты. Бирок капылеттен алардын бири анын тогасын жулуп алып, тамагына канжар урду. Андан кийин кезеги менен анын денесине канжар уруп чыгышты - 23 сокку, 23 өлүмгө жеткирген жаракат".
* (Тога -байыркы Римдеги ак сөөктөр кийген эркектин сырткы кийими).
Тарыхый эмгектерде Юлий Цезардын өлүмү ушундайча сүрөттөлгөн. Тагыраагы, Гай Светоний өзүнүн тарыхый жазмасында сенаторлор Цезардын көзүн кантип тазалаганын ушунтип жазат.
"Цезардын өлүмү - республика үчүн элита тиранды бийликтен четтетүүнү чечкен тарыхтагы биринчи окуя эсептелет. Бирок мунун арты жакшылык менен бүткөн эмес. Республика кулаган, кутумчулар болсо жаңылышкан",-дейт профессор Кэролайн Кеннеди Пайп.
Анын пикиринде, "ыңгайсыз кишилерди" четтеттүү же көзүн тазалоо амалы миңдеген жылдар бою колдонулуп келүүдө.
Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин башына келген өлүмдү ким ойлоду дейсиң? Аны кыйноого алып, музыка коюп алып кескилешкен деген маалыматтар бар. Саясий өлүмдөр - тарыхый китептерде же чыгармаларда эле айтылып калбайт. Бул реалдуу жана үрөй учураарлык.
Бирок мындай ыкма максатына жетеби?
Бул макала BBC Radio 4 Analysis программасына негизделип жазылды. Анын авторлору мындай көрүнүшкө укуктук же моралдык баа берүүнү көздөшкөн эмес. Аларды төмөндөгү суроо кызыктырган: мындай ыкма саясий күрөштө канчалык колдонулат? "Душманынын" көзүн тазалоонун кандай жолдору бар?
"Көңүлдү буюртманы мамлекет берген "киши өлтүрүүлөргө" бурабыз. Бул негиздүү жана көп тараптуу иликтенген суроо",-дейт Analysis программасынын автору Эдвард Стёртон.
"Моссаддын" күзүрү - өлүм алдындагы коркунуч
Атайын кызматтын оюндары. Египет
Израил мындай практиканы эмне үчүн колдоноорун изилдөөгө журналист Ронен Бергман сегиз жылдык өмүрүн арнаган. Ал миңге чукул интервьюларды алып, анын негизинде "Козгол дагы, озунуп өлтүр: израилдик атайын операциялардын жашыруун тарыхы" деген китебин чыгарган.
"Давид Бен-Гурион (Израилдин биринчи премьер-министри) жөөт мамлекетинин чоң эмес аскер күчтөрү жети араб өлкөсүнүн армиясын жеңе аларына бекем ишенген. Бирок жаш өлкөгө дагы бирдеме жетишпей турганын түшүнөт. Израилдин атайын кызматы башынан эле жөн гана жашыруун маалыматтарды алуу максатында гана эмес, душмандын тылында атайын операцияларды өткөрүү, диверсия уюштуруу, ордунда өлтүрүү үчүн түзүлгөн. Биздин иликтөөнүн жүрүшүндө израилдик атайын кызмат түзүлгөндөн бери мындай өлтүрүүлөрдүн 2700ү болгонун эсептеп чыктык. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мындай практиканы колдонууда Израил бир дагы Батыш өлкөсүн алдыга салган эмес. Балким дүйнөдө эч кимди алдыга салбаган чыгар".
Мунун баары Израилдин коопсуздугуна коңшулары коркунуч туудурган кырдаалда башталган.
Өзгөчө Египет, бул мезгилде өлкөнү өтө курч лидер Гамаль Насер жетектеп турган.
"1962-жылы июлда Каирдеги аскердик парадда Насер алыскы аралыкка атыла турган баллистикалык ракетаны жана "Жер-жер" аталган ракетаны көрсөткөн. "Бул ракеталар менен Бейруттун түштүгүнөн баштап, кандай гана бутаны болбосун жок кыла алам" деген ал. Бейруттун түштүгүндө кандай өлкө жайгашканын, биз баарыбыз билебиз. "Моссаддын" тынчы кеткен. Алар бул ракеталарды Гитлердин учурунда иштеген нацист-окумуштуулар жасап жатканын билгенден кийин, такыр эле дүрбөлөңгө түшүп калышкан",-дейт Бергман.
Анын айтымында, мындан кийинки окуялар такыр башка өңүттө өнүктү.
"Атайын багыттагы "Моссаддын" бөлүгү Ицхак Шамирдин жетекчилиги алдында немис окумуштууларын жок кылуу үчүн Европага жөнөп кеткен. (Кийин Шамир премьер-министр болгон). Израилдиктер Пильц ысымдуу окумуштуу жубайы менен начар мамиледе экенин, ажырашууга камынып жүргөнүн угуп калышат. Алар почта маркасын жана мөөрдү жасап, аялынын адвокатынын атынан окумуштууга "алуучунун жеке колуна" деген мөөр менен кат жөнөтүшөт. Атайын кызмат Пильц катты өзү ачат болуш керек деп болжогон. Бирок алар окумуштуу менен катчысынын ортосунда сүйүү романы бар экенин билишкен эмес экен. Окумуштууга турумушка чыгам деп үмүттөнүп жүргөн катчысы катта ажырашуу туралуу маалымдалса керек деген ойдо, аны ачып жиберет. Конверттеги жардыргыч иштеп, катчы кыздын манжаларын, кулагын жулуп кеткен. Ал сокур болуп калып, тиштеринен дагы айрылган",-деп айтып берди Ронен Бергман.
Ошону менен "Моссаддын" операциясы үзгүлтүккө учурап калат. Мындай ыкма менен Египеттин ракеталык программасын токтото албасына көздөрү жетип, эки тарапка тең иштеген агентти издей башташат. Ал агент Насерге иштеген немис окумштуулары менен жакын мамиле түзө алгандай болушу керек эле.
Мындай адамдарды мурдагы нацисттердин катарынан гана табууга мүмкүн эле. Холокосттон кийин 20 жылдын тегерегинде эле убакыт өткөн. Жөөттөр мындай нацисттер менен мамиле түзөт деген эч кимдин капарына да келмек эмес. Бирок алар ушуга барышты. Жаңы агенттин ысымы Отто Скорцени болгон.
Скорцени ССтин Венадагы батальонун жетектеген экен. Анын таржымалында синагогдорго өрт койгону, жөөттөрдү өлтүргөнү айтылат. Буга карабастан, израилдиктер "өткөндүн кегин куугандан көрө, бүгүнкү улуттук коопсуздукту камсыздоого колдонуу максаттуу" деп чечишкен.
"Моссад" мурунку "СС" офицерин кылтакка илүү жолдорун издей баштайт. Бул окуяда тыңчылар тууралуу курч сюжеттердей эле окуялар жүз берген. Аны жубайы Ильзе фон Финкинштейн аркылуу кылтакка илишкен. Жубайынын көңүлүн атайын даярдалган "Моссаддын" тыңчысы таап, көңүлдөшү болгонго жетишкен. Ал аркылуу күйөөсүн ишке тартышат.
Ошентип Скорцени Египеттин президентине иштеген окумуштууларга жетүүнүн жолу катары тандалып, муну ишке ашырса коопсуздугуна кепилдик берилери убадаланат.
Агент тарабынан алынган маалыматтардын негизинде "Моссад" окумуштуулардын өздүгү, жеке маалыматтары, сырларынын баарына ээ болгон. Кийин окумуштуулардын көбү ракета программасынан өз ыктыяры менен баш тартып кетип, программа ишке ашпай калат.
Таза аткарылган иш. Иран
Бул кырдаалда ийгиликтин ачкычы өлүмдүн өзүндө эмес, өлүм алдындагы коркунучта.
"Израил мындай схеманы ийгиликтүү деп билген жана ондогон жылдардан кийин кайра колдонгон. Бул жолу Ирандын өзөктүк программасына каршы. 2007-жылы ирандык долбоордун үстүндө иштеген окумуштуулардын бири табышмактуу жагдайда көз жумган. Көптөр бул жерде Израилдин колу бар деп билишкен",-дейт Analysis программасынын алып баруучусу Эдвард Стёртон.
"Алардын тизмесинде 15 киши бар эле, алтоосун оюндан чыгарышкан. Ирандын окумуштууларынын арасын коркунуч аралады. Кайсыл бир кесиптеши же санаалашы каза таап, манжасынан, көзүнөн, бутунан ажырагандары болуп жатты",-деп айтып берет Ронен Бергман.
Окумуштуулар биринин артынан экинчиси өзөктүк программаны таштап чыгып кетишкен. Пенделик коркунуч бул жерде маанилүү роль ойногон. Бул окуя 1960-жылдардагы Насердин ракеталык программасына каршы иштелген ыкма сыяктуу эле.
Журналисттин айтымында, бир жолу ЦРУнун мурдагы жетекчиси Майкл Хайден менен маектешкен учурда, Ирандагы диверсиянын артында ким турганы баарына эле белгилүү деп айткан экен. Бирок ким кылганын эч ким далилдей алган эмес.
Башын алууга буйрук берилген. Кансыз согуш
Тиш пастасындагы уу.
Ыңгайсыз системаны бузуп-жаруу, аны борбордук башкаруучу мээден айрып салуунун дагы бир ыкмасы. Түз эле айтканда, мамлекет башчынын өлүмү.
Кансыз согуштун учурунда дипломатиянын эрежелери эң четке сүрүлүп калган. Аны баары билишкен, бирок эч ким эрежелерди колдонгон эмес.
Айталы, Советтер Союзу менен АКШнын тирешиндеги атаандаштарын четтетүү боюнча жогорудан төмөнкү баскычка чейинки деңгээлде иштер жүргөн. Мисалы, кимди СССРдин "пешкасы" деп санашса, ошону "четтетишкен".
Мына ушундай "пешкалардын" бири деп, Конго Республикасынын премьер-министри Патрис Лумумба эсептелген. Бул өлкө 1960-жылы эгемендикке жетишкен эле. Бул лидерди четтетүү эмне кесепетке алып келерин көрсөткөн тарыхый окуялардын бири.
Конгодо жарандык согуш башталган учурда Патрис Лумумба Москвага жардам сурап кайрылат. Кийин бул өлкөдөгү жаңжал СССР менен АКШ жана Британия, Бельгия сыяктуу өлкөлөр ортосундагы согушка айланып калды. Акыр соңунда мунун кунун Патрис Лумумба өз өмүрү менен төлөдү.
"Лумумбанын өлүмүнө так ким күнөлүү экенин далилдөө кыйын. Маселен, Британия буга тиешеси бар экенин такыр эле моюнга албайт. Биз билгендей, анын көзүн тазалоодо МИ6 өтө агрессивдүү өнөктүк жүргүзгөн. Бирок мунун баары кыйыр түрдө. Иш жүзүндө ал көтөрүлүшчүл аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Аларды белгиялыктар машыктырган. МИ6 менен ЦРУ бардык учурда арткы планда болгон",-дейт атайын операцияларды иликтеп жүргөн профессор Рори Кормак.
Израил ирандык окумуштуулардын өлүмү боюнча шектенүүлөргө такыр жооп бербесе, Британия башка жолду тандап алды - Лумумбанын өлүмүнө катыштыгы жок экенин айтып келет. Чынында англиялыктар тарабынан түз буйрук болгон эмес.
Европадан айырмаланып АКШда мындай "өлтүрүүлөр" ар дайым өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча саясатынын жашыруун бөлүгү болуп келген.
"1970-жылдары конгрессмендер болжолу бир катар дүйнө лидерлерин, биринчи кезекте Фидель Кастрону жок кылуу боюнча ЦРУнун программасы болгон дегенге түшүндүрмө талап кылганы, баарыбыздын эле эсибизде. Лумумбанын таржымалын алганда эле, ишке жасалган мамиледе чоң айырмачылыктар бар. Британия пропаганда жана дезинформация аркылуу анын лагериндеги тарапташтарын башаламан кылганга аракет кылган. Ал эми ЦРУ өзүнүн резиденти Ларри Девлинге ууланган тиш пастасы аркылуу Лумумбаны өлтүрүүгө түз көрсөтмө берген",-деп түшүндүрөт Кормак.
Кийин Девлин Би-Би-Сиге берген интервьюсунда ошондой буйрукка карата өзүнүн реакциясын мындайча сүрөттөгөн:
"Биринчи эле менин сураганым, бул өлүм ким тарабынан санкцияланганы тууралуу болду. Көрүнгөндүн эле буйругуна баш ийбешим керек, өзгөчө мындай буйруктар боюнча. Бул мен үчүн адам өлтүрүү. Ооба, өмүрүмдө ар кандай иштерди аткардым, бирок эч качан кишилерди оңду-солду өлтүргөн эмесмин. Менде "агент нөл-нөл жетинин" эч нерсеси жок. Мен (пастаны) эч ким алалбай тургандай кылып, Конго дарыясына ыргытып жибердим".
Патрис Лумумбанын өлүмүнүн кесепети оор болду. Өлкөнүн бийлиги диктатор Мобутуга өтүп, ондогон жылдар бою саясий башаламандык өкүм сүрүп турган.
"Моссаддын" операциясы
Көптөгөн аналитиктер кансыз согуш учурундагы Батыш тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өткөрүлгөн операциялар, өзгөчө АКШ катышкан операциялар Батыштын кызыкчылыктарына зыянын тийгизген. Эч кандай жардамы болгон эмес.
Израил дагы кандайдыр бир учурларда лидерлерди "тазалоо" менен бет келген. Бирок күтүлгөндөй "түшүм" алган эмес.
1980-жылдары Израил радикалдуу шийиттик "Хезболла" уюму менен каршылашат. "Хезболланын" негизги күчү Ливанда жайгашып, алардын максаты Израилди жок кылуу болгон.
"1992-жылы февралда Израил биринчи жолу дрондун жардамы аркылуу "жок кылуу" операциясын ишке ашырган. "Хезболланын" башкы катчысы Сайед Аббас аль-Мусави өлтүрүлгөн. Операция маалымат топтоодон баштап, аткарылганга чейин өтө дыкаттык менен иштелген. Бирок израилдиктер эртеси күнү эмне болорун эсепке алышкан эмес. Мусавиден кийин лидерлик сапаттары жок, харизмасы байкалбаган Хасан Насралла уюмдун башына келип, "Хезболла" Израил үчүн мурункудан дагы кооптуу болуп калган. Кайсыл бир лидерди өлтүрүүдө кандай өзгөрүүлөр болуп кетерин алдын ала болжоо кыйын",-дейт израилдик журналист Ронен Бергман.
Саткындарга өлүм! Орусия кат жолдойт
Саясий киши өлтүрүүлөрдүн ыкмасы өзгөрдү. Бирок буга байланышкан тобокелчилик Юлий Цезардын доорундагыдай эле.
Бул чөйрөдө чоң тажрыйбасы бар өлкө - Орусияны карап көрөлү. Орусиялык атайын кызматтын мурдагы офицери Александр Литвиненко 2006-жылы Лондондо радиоактивдүү зат менен ууландырылган. Бул башка "качкындар" үчүн сигнал болушу керек эле.
Ошол учурда Британиянын Орусиядагы элчиси болуп турган сэр Тони Брентон башынан эле Литвиненконун өлүмүнүн артында Орусия турганынан күмөнсүнгөн эмес.
Анын айтымында, "Литвиненко атайын кызматтын эң жөнөкөй эрежелерин бузду. Жүзүн үйрүп, Британияда дезертирлик кылып кетти. Режимдин ыкмалары тууралуу ачык материалдарды жарыялады. Ал ачык эле бута болуп берген".
"Операциянын максаты: Литвиненкону өлтүрүү менен потенциалдуу дезертирлерге жана саткындарга Орусия өлкөсүнүн колу бардык жерге жетерин көрсөтүштү",-дейт мурунку элчи.
Андан сырткары мурунку элчинин пикиринде, Москва Лондон менен мамилесин бузуп алуудан корккон деле эмес. Алар үчүн АКШ жана Германия сыяктуу Улуу Британия өтө деле маанилүү эмес.
"Мамилелер четинен ыдырады. Мурда ачык турган эшиктердин баары мен үчүн жабылып калды",-деп эскерет сэр Брентон.
"Биздин Орусия менен өз ара аракеттенген башка маанилүү тармактар бар эле. Британдык компаниялар Орусиядагы бизнестерин улантышын каалаганбыз. Ошондуктан биз айрым гана санкцияларды киргизип, бир нече адамды чыгарып жиберүү жетиштүү деп ойлодук. Биз адашыптырбыз. 12 жылдан кийинки Скрипалдын окуясы көрсөткөндөй биз чоң ката кетириптирбиз",-деди Тони Брентон.
Бул макала BBC Radio 4 Analysis: Do Assassinations work? Программасынын негизинде даярдалды. (AbA)