"50 сом, 100 сом". Оштогу базардын селден кийинки абалы, соодагерлердин кабагы
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Оштун борбордук базарындагы соодагерлер селден калган товарларын жууп, тазалап, акция менен болсо да болушунча сатып калууга аракет кылып жатышат. Селге чейин миң сомдоп бааланган товарлар элүү сом, жүз сом, үч жүз сомдон деп баасы да, баркы да кетип турган чагы. Ошондо дагы өтпөй турганын айтып, кейиген соодагерлерге кезиктим. Ошентсе дагы баштары аман калганына сүйүнүп, жакшылыктан үмүт үзбөй, күн кечирип жатышат.
2-август күнү, борбордук базарды аралап жүрүп, мындагы соодагерлердин далайынын ою онго, санаасы санга бөлүнүп турганын байкадым. Алардын моюнунда алдыныкы миллион, арты жүз миңден кем эмес карызы, насыясы бар экен. Ошондо дагы чөкпөй, эл көргөндү көрөбүз деп, белдерин бекем бууп тургандарына бир чети баа бердим.
"Артыбызда тоодой карыз, насыя бар"

Базар Ак-Буура суусун бойлой жайгашкан. Дарыянын үстүндөгү ондой көпүрө жай турмушта күнүмдүк сооданын жолу болуп келген. Тилекке каршы сел каптаган күну так ошол көпүрөлөр кырсыктын бир себеби болуп берди көрүнөт. Анткени алкынып келген суу агызган агындылар кептелип, суу туш-тушка ашып, аркыраган бойдон базарды каптап кирген.
“Ал күнү тынч эле оокатыбызды кылып жатканбыз. Аз-маз жаамгыр жааган ошол күнү. Кардарларыбызды жаңы эле чыгарып келе жатсак, балдар айтып калышты “сел келе жатат, качкыла!” деп. Чуркап келсек элек көпүрөдөн суу ашып жатыптыр. Суу базарга кире баштаганда эле качтык. Контейнерди толук жапканга дагы жетишкен жокпуз. Ушунун баары эки мүнөттүн ичинде эле болуп кетти. Башында суу азыраак көтөрүлгөндө, контейнерди жаап койсок болот го деп ойлогонбуз, бирок айттырбай келген кырсык кыйын экен, баарыбыз эле нес болуп калдык”, - деп эскерди ал күндү соодагер Максат Мырзалиева.
Суунун шары, биринчи толкуну “Эдельвейс” базарын басып калган. Бул базар дарыяга эң жакын жайгашкан. Азыр бул жердеги көпүрөнүн баары алынган. Бир чети коопсуздук үчүн бул көпүрөлөр алынды деп сүйүнүшсө, экинчиден соода мурдагыдай болбой калганын айтып кейип жатышат.

“Ооба, көпүрөнү алганына каршы эмеспиз. Бирок, ошентсе дагы бизди деле ойлоп, убактылуу болсо дагы бийигирээк кылып көпүрө салып берип турушса жакшы болмок. Азыр бир күндө сатсак бир товар сатып жатабыз, сатпасак жок. Саткан акчабызды күнүмдүк нан, чай алып кетип жатабыз. Артыбызда тоодой кредит, карыз бар”, - деп кейиди Максат айым.
Азыр соодагердин бардыгы тең эле бир ооздон ушундай пикирлерин айтып жатышат. Кимиси менен сүйлөшпө ушул сыяктуу арыз-армандарды угасың.
Айрым контейнерлер ошондон бери жабык турат. Сатайын десе товардын баарын суу жууп кеткен. Баткакта калган товарларды жууп, кайра арзан сатканга аракет кылышканы менен аны деле ала койчу киши жок.
Селдин кубатын мындагы майышпас темирлерден да көрдүм. Былк этпейт деген темирлер да селдин катуу шарына кабырылып, айрым контейнерлерден жарака кеткенин көрүүгө болот.
Базардын баткагы толук кургай элек

Эми базардын борбордук бөлүгүнө өтөлү.
Бул жерде катар-катар тизилген контейнерден сырткары, ортосунда дагы соодагерлер өз алдынча товар тизип сатышат. Аралап басып жүрүп, кокустан тилсиз жоо каптаса, өрт өчүрүүчү унаалар кантип кирмек деген ой кетти.
Бул жерде селдин элеси даана көрүнүп турат. Жер баткактан толук кургай элек, контейнерлердин ичи-сыртынан бери жарым-жартылай баткактын изин көрүүгө болот. Айрым контейнерлердин электр энергиясы жабыркап, ошондон бери күйбөй турат.

“Булар селде калды жуудук. Менин электр энергиям иштебей калды. Товарым калган жок. Бардыгы күйүп кетти. Селге чейин товарым толтура эле. Селден кийин кичине алып келдим мынакей, 80 миңге алган товарым. Селден калганын эпетеп жууп сатып жатам. Учурундла 400-500 сом деп келген товарды 200 сомдон сатсам жакшы. Эптеп эки жуз сомго болсо да сатылып кетсин”,- деди соодагерлердин бири Санирабига.

Маегибизди кулагы чалып калдыбы жакын жерде турган соодагерлердин бири дагы, "менин да арыз-арманымды тарткылачы" деп өзү чакырып калды.
“Сел болуп, ошоно калгандарды жууп келип, ушинтип акция менен сатып жатам, мына көргүлө. Бизге эч жактан жардам жок. 200 сомдон сатып жатам. Ошондо деле ала турган киши жок. Болбосо 350-400 сомдон жөн эле сатмакмын. Ар бир товардан артка кетип жатам. Мунун баары акция, мына көрдүңөрбү? Бардыгы акция",- деп калды кейиген сатуучу.
Ушул тегеректеги эле ондой соодагер менен сүйлөшүп туруп калдым. Камера тартып, эфирден көргөзүп калса, балким бийлик тараптан жардам болобу деген үмүттөрүн айтып турушту.
Аларга түздөн-түз жардам бере албасымды, жөн гана журналист экенимди түшүндүрүп, базардын сырт жагына өттүм.

Жолдо бузулган көпүрөлөрдүн изи турат. ӨКМге тийиштүү бир-эки техника иштеп жатканын көрүүгө болот.
Айрымдары Акбуура дарыясынын жээги эми ирээтке келет деп үмүттөнүп, шаарды көрктөндүрүүчү зонага айланат деп турат. Бирок, иштеп жаткан техникалардын, жумушчу күчтүн аздыгын көргөндө базар көчө дагы, тез арада эле ирээтке келип калаарына көзүм жеткен жок.
"Банкрот болуп, жаптым"
Көчө тараптагы соодагерлер дагы селдин биринчи шарына калышкан. Контейнерге кирген суу товардын баарын басып, тилсиз жоо катуу эле сес көрсөтүптүр.
Бул жер соодага кыйла ыңгайлуу болчу. Орточо эсеп менен күнүнө он беш миң сомго чейин соода болуп келгенин айтышууда.

Жебей-ичпей иштедик эле...
"Контейнерди ачканда суу эмес, ылай түштү. ӨКМ келип, ылайды тонналап алып чыгышты. Кийимдерди жуудум. Түркияда бир даанасы жети жарым миң сом турган көйнөктөр ылай болуп, ботко болуп калды. Азыр муну кара эми.
Азыр муну эки жүз сомдон дейин десем дагы эч ким албайт. Сен аял кишисиң мунун сапатын билесиң, оригинал товарлар да. Ушунун баары бүт ылай болуп калды",- деп үшкүрүнүп алды сатаачулардын бири Роза.
Роза айым менен бир апта мурун Оштогу борбордук базарда ушинтип маектешкен элек. Азыр болсо, соода жоктугунан, карыздарынан улам, контейнерин жапканын айтты.
“Банкрот болдум, контейнерди жапканга туура келди”, - деп кейиди телефондон Роза айым.
Зыяндын көлөмү
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соодагерлер жалпысынан 388 млн сомго зыянга учураган билдирди. Чоң контейнерден тарта, майда-барат соода кылган дүкөн, жүк ташыган арабаан бери суу астында калган. Бардыгы биригип, 1480 субъект экени айтылды.

Селден кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 750дөй соодагердин ар бирине 1-августка чейин жүз миң сомдон жардам берилерин айткан. Бирок, бул дагы азыр кечеңдеп жатканын базардагылар айтышты.
Бул төлөмдөр дагы салык төлөп, ишин мыйзамдуу алып барган соодагерлерге берилерин базар жетекчилиги билдирди.
“Зыян тарттык дегендин айрымдарынын салык төлөмү чыкпай жатат. Салыктан чыккан тизменин негизинде, ошолорго гана берилет экен жардам. 850 соодагер болсо баары эле баары эле салык төлөп жүрүшкөн борбордук базарда. Мындан араба сүйрөп соода кылгандар салык төлөгөн эмес. Алардын туруктуу орду жок, улам бир жерге жылып соода кылган үчүн алар салык төлөчү эмес. Өзүнчө коюп алып саткандар, аларда эч кандай мыйзамдуу оруну жок да. Көчөдөн келип коюп алышкан. Патент, салык төлөшкөн эмес”,- дейт борбордук базардын бөлүм башчысы Баширилла Нишанов.

Деген менен базардын ичи, сыртанда соода кылгандардын саны 850дөн дээрлик көп экенин байкоого болот. Бейрасмий маалыматтарда эки миңге чукул киши түрдүү товар сатып, соода кылат. Муну базарчылар дагы ырастоодо.
Базар октябрда шаардын четине көчөт. Коопсуздуктан улам кабыл алынган бул чечимге, соодагерлердин бир тобу айла жоктон макул болушту. Алар шаар сыртында соода кандай болор экен деп турган чагы. Мындай чечим ижарага орун алып иштеткендерге баш ооруу болуп турганын жашырышпайт. Ошол эле учурда шарты менен жаңы базарга барабыз деп кубаттагандар да кезигет.
Жаңы базардын аянты жети гектарды түзөт. Учурда жери түздөлүп, октябрга даярдоо иштери жүрүп жатат.












