"Бүдөмүк маселе". Коммерциялык эмес уюмдар кантип иштей турган болду?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, CIVICUS MONITOR
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү 50дөн ашык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен өткөң аптада соңунда жолугушуу өткөрдү.
Жыйында жакында кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, тиешелүү уюмдар менен мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары талкууланды.
Эдил Байсалов Кыргызстанда демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон коммерциялык эмес уюмдардын салымын өлкө жогору баалайт деди.
Байсалов Юстиция министрлиги тарабынан учурда укуктук-ченемдик акт иштелип чыгып жатканын айтып, ал өлкөдө жарандардын, бирикмелердин, коммерциялык эмес уюмдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, коомдук турмушка активдүү катышууга багытталат деп ишендирди.
«Эң негизгиси бардык укуктар, эркиндиктер, саясий ишмердикке ачык катышууга мүмкүнчүлүктөр сакталды. Муну мамлекет башчысы бир нече жолу баса белгиледи. Талап кылынган бир гана нерсе - катталуу жана реестрде болуу. Бул норма дүйнөдө кеңири таралган. Иш-аракеттерге эч кандай куугунтук жана чектөөлөр болбойт. Сиздердин өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш-аракеттериңиздерге кызыктарбыз”,-деди Эдил Байсалов.
“Акылга сыйбаган абсурд”

Сүрөттүн булагы, Social media
“Адилет” укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова жолугушуу жакшы маанайда өткөнүн маалымдады.
Бийлик жарандык коомдун өлкөнүн социалдык жана экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын жогору баалай турганын жана аларга карата эч кандай аңдуу болбой турганын айтып ишендирди деди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул жолугушуунун максаты коммерциялык эмес уюмдардын тынчсыздануусун азайтуу экени айтылды.
“Укуктук жана ченемдик акты боюнча сунуш-пикирлерди угуу үчүн жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултуп жатабыз деди. Ал документ Министрлер кабинетинин токтому менен эмес, Юстиция министрлигинин буйругу менен гана кабыл алына турганын кошумчалады. Жарандык коомдун өкүлдөрү каршы пикирибизди билдирип, аябай тынчсызданып жатканыбызды айттык. Кабыл алынган мыйзам Конституциянын нормаларына туура келбей турганын дагы бир ирет билдирдик”,- деди ал.
Ошондой эле Жакупова мыйзамдан кылмыш жоопкерчилигин алып салуу менен маселе чечилген жок деди. Айтымында, андан башка дагы бүдөмүк маселелер өтө арбын. Ал мыйзам күчүнө кире электе эле терс таасири байкала башталганын кошумчалады.
"Көптөгөн мамлекеттик органдар жарандык коом менен кызматташуудан баш тартууда, текшерүү иштери тууралуу дагы кооптонуулар болуп жатат".
Жакупова жыйында суроолор көп болгонун жана алардын көбү жоопсуз калганын айтты. Бирок бийлик айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен укуктук-ченемдик акты кабыл алынат деп ынандырганын кошумчалады.
“Мыйзам иштей берсин, туура эмес жагы болсо кошумча-алымчаларды киргизип коебуз дейт. Бул такыр туура эмес кадам. Маселен, мен чет элдик өкүл катары реестрге катталган шартта азыркы Жарандык кодекске ылайык кайсы өлкөнүн жана кайсы институттун өкүлү экеним так көрсөтүлүшү керек. Алар менин өкүл экенимди тастыктай турган документ берилиш керек болот. Бул менин эмес Жарандык кодекстин талабы. Жөнөкөй тил менен айтканда эгер мен Евробиримдиктен акча алып иштеп жатсам, анын Кыргызстандагы өкүлү болушум керек. Ооба, бул уюум мага акча бөлүп берди, бирок мага алардын өкүлү деген укук бербейт да. Анткени алардын расмий өкүлү - элчи. Бул акылга сыйбаган абсурд”,- деди ал.
Юрист мунун баары мыйзам долбоор кезинде талкууланып, эске алынышы керек болчу дейт. Ошондой болсо дагы бул жолугушууну позитивдүү сунуштардын бири катары баалады.
“Иштин соңу кандай жыйынтыкталат, айтуу кыйын. Айрыкча болгон жоопкерчилик Юстиция министрлигине жүктөлүп жатат, алар оор кырдаалга кептелди. Мыйзамдын кемчилиги үчүн сындар депутаттарга эмес, аткаруу бийлигине айтылат. Муну эске алуу менен сапаттуу укуктук-ченемдик акт кабыл алууга Юстиция министрлиги кызыкдар болушу керек”,- деди ал.
Юстиция министрлиги болсо учурда тиешелүү документ коомдук талкууга даярдалып жатканын айтып, азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.
“Кооптуу жагдайлар арбын”

Сүрөттүн булагы, Social media
Талас облусунун “Жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бектур Медетовун айтымында, жаңы мыйзамга ылайык, тигил же бул уюм эки критерийдин негизинде чет элдик өкүл катары таанылып, каттоого алынат экен.
“Чет мамлекеттен гранттык каражат алып, саясий иш кылган болсо чет элдик өкүл катары таанылат. Эгер чет мамлекеттен каражат албай туруп, саясий иш менен алектенсе андай деп эсептелбейт. Макул, реестрге катталды дейли бирок бир же эки жыл өткөн соң долбоор бүтүп, каржылоо токтоду. Ошол учурда уюм реестрден чыгабы же жокпу? Буга азыр эч ким жооп бере албайт. Юстиция министрлиги дагы башы катып жатат. Мына ушундай жагдайларды карап, бардык нерсени иштеп жаткан мыйзамдарга шайкеш келтирүү керек”,- деди ал.
Медетов мындан улам мыйзам боюнча дале кооптонуу жараткан жагдайлар арбын деди.
“Укуктук-ченемдик акты кандай кабыл алынбасын, аны ишке ашыруу жагы кандай болот деген суроо ачык бойдон калууда. Баалаганга, текшергенде аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээли канчалык жетиштүү болот”,- дейт Бектур.
Мындан бир канча күн мурун Кыргызстанда отуз жылдан бери иш алып барып келген “Ачык коом” фонду бул өлкөдө ишмердигин токтотуп жатканын билдирди.
Фонддун Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсеси тараткан маалыматка караганда, мындай чечимге Кыргызстанда кабыл алынган чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишине катуу жана ашыкча чектөөлөрдү койгон жаңы мыйзам түрткү болду.
Фонддун билдирүүсүндө “Сорос-Кыргызстан” фонду чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү коммерциялык эмес уюм катары сөзсүз түрдө жаңы мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болот деп айтылат.
“Сорос-Кыргызстан” фонду жана анын кызматкерлери Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча карапайым калкка өлкөнүн демократияга жана ачык коомго умтулуусуна олуттуу колдоо көрсөтө алды. Уюмдун ишмердүүлүгүн мындан ары уланта албай турганына, жаңы репрессиялык мыйзам жарандык коомду белгисиздик жана коркуу шартында иштешине алып келе турганына терең өкүнүп турабыз”,- деди “Ачык коом” фонддорунун президенти Бинайфер Новроджи.
Бийлик фонддун жабыла турганы мурда эле белгилүү болгонун, бирок “Сорос-Кыргызстан” муну жакында эле кабыл алынган "Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө" мыйзам менен байланыштырып жатканы таң калтырганын айтты.
“Ачык айкын иштей башташат”

Сүрөттүн булагы, Official
Эл аралык уюмдардын катуу сынына карабастан президент Садыр Жапаров мыйзамга апрелдин башында кол койгон. Ал чуулгандуу мыйзам боюнча түшүндүрмө дагы берген.
“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен”,- деген ал.
Айтымында, эми алар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшөт жана банктан эсеп ачышат.
“Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат”,- деген эле Жапаров.
Кандай болгон күндө дагы аталган документ эл аралык уюмдардын катуу сынына кабылып, өлкөнүн адам укуктарына байланыштуу рейтингин төмөндөткөн документтердин бири болуп калды.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганы кыргыз бийлигинин өзгөчө саясий чечими болду",- деди юрист Таттыбүбү Эргешбаева.
Ал мындай чечим менен мамлекет тышкы саясатты жүргүзүүдө Кыргызстандын көз карашын көрсөтүп койгонун айтты.
“Мыйзам кабыл алына электе демократияны жактаган өлкөлөрдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү каршылык ноталарын жиберди, бирок мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми ошол өлкөлөр, эл аралык уюмдар каржылык жардамын чектейт. Кайсы бири Кыргызстанга, Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон саясатын өзгөртүшү мүмкүн”,- деди юрист.
Грузия дагы чочуп турат...
Бул сыяктуу мыйзамдын долбоору учурда Грузиянын парламентинде дагы каралып, талкууга алынып жатат.
Атүгүл депутаттары тирешип, кызык чеке болуп бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барган учурлар болду.
Грузиянын маалымдоо каражаттары тараткан маалыматка караганда, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, каржылоонун 20 пайызынан кем эмесин чет өлкөдөн алган уюмдар өлкөнүн Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүп, жылдык кирешеси тууралуу отчёт берип турушу керек экен.
Эгер антпеген шартта 25 миң лари же 9 миң доллардан ашык айып пул сунушталып жатыптыр.
Грузияда буга чейин дал ушул мыйзам долбоору боюнча талкуу кызыганда миңдеген киши каршылыгын билдирип көчөгө чыккан. Алар эң негизги бул мыйзам долбоору дээрлик Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн деп катуу каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада, 2023-жылдын жазында мыйзам долбоорун кароо токтогон эле.
Бул ирет мыйзам долбоорун кайрадан кароо аракети дагы катуу каршылыкка кабылып жаткан учур. Грузия менен Евробиримдиктин желегин көтөргөн миңдеген киши көчөгө чыкты. Алар бул мыйзам долбоору Евробиримдикке умтулуп жаткан Грузияны артка тартат, кысым күчөйт деп жатышат.












