CIVICUS Monitor: Кыргызстан демократиядан авторитаризмге бет алды

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Отчет

Сүрөттүн булагы, CIVICUS Monitor

Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу People Power Under Attack (PPUA) 2023 деп аталган глобалдык отчёт CIVICUS Monitor тарабынан жарыяланды.

CIVICUS Monitor –дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу платформа.

Борбор Азия чөлкөмүндө эң демократиялуу өлкө катары таанылган Кыргызстан 100 баллдан 40 балл алды.

“Жети өлкөнүн бешөө эң начар эки категорияга өттү. Бангладеш менен Венесуэла жабык деп бааланууда, ал эми Кыргызстандын, Сенегалдын жана Шри-Ланканын статусу төмөндөп, жарандык эркиндиги кысымга алынган өлкөлөргө кирди. Бул мамлекеттерде жарандык коом үчүн шарт барган сайын төмөндөп жатат”,- деп жазылат анда.

Отчётто Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү репрессияланган же жабык деп классификацияланды. Жалпылап алганда Европа өлкөлөрүнүн дагы рейтинги начарлап кеткени көрсөтүлдү.

“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда. Дүйнө коомчулугунун жана жарандык коомдун кескин каршы болгонуна карабастан, Россиянын "чет элдик агенттер" мыйзамдарына окшош долбоорду Жогорку Кеңеш кабыл алуу алдында турат”,- деп айтылат отчётто.

"Чет элдик өкүл"

"Чет элдик өкүл" мыйзамынын долбоору

Сүрөттүн булагы, АРТЕМ ВАЖЕНКОВ ДЕП КАТТАЛГАН ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУНУН БАРАКЧАСЫНАН АЛЫНДЫ

Аталган мыйзамдын долбоору коомчулук тарабынан катуу сынга кабылды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айрым адистер жаңы мыйзам кабыл алынса, мындан ары мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынан каржылык жана чарбалык документ талап кыла алат деп жатат.

Ошондой эле ал уюмдар өткөрүп жаткан иш-чараларга мамлекеттик жооптуу кызматкерлер катышып турат. Мындан тышкары, каржылык булактардан түшүп жаткан акча кайда жана кантип жумшалып жатканын сурап билүүгө укуктуу болот. Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчет берүүгө милдеттендирилет. Эң талаштуу жери кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси болууда.

25-октябрда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун карап, биринчи окуудан жактырды.

Ал ортодо медиа коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Германиянын элчиликтерине жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу жасап, аталган долбоорду демилгелеген депутаттарга виза берүүдө чектөө киргизүүнү сунуштады.

Демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова долбоор өлкө коопсуздугун коргоо максатында иштелип чыкты деген жүйөнү айтып жатат.

“Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчётто ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Андан сырткары, алардын ишине мамлекет тарабынан көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”,- деди депутат.

Парламентте дагы мыйзамдын долбооруна каршы болуп, Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөө керек деген депутаттар дагы жок эмес.

Кезинде аталган мыйзам долбооруна Нарматова менен кошо демилгечи болгон бир топ депутат кийинчерээк ар кандай жүйө менен демилгечилердин катарынан чыгып кеткен.

“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору

"ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоору

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

CIVICUS Monitor жарыялаган отчётто учурда парламенттин кароосунда жаткан “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу дагы айтылды.

Анда аталган долбоор менен медиага жана онлайн платформага ашыкча мамлекеттик көзөмөл киргизилип жаткандыгы белгиленди. Андан улам бийликке сын айткандарды куугунтуктоо үчүн колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу айтылат.

Өлкөдөгү журналисттер коомчулугу дагы бул долбоор сөз эркиндигин чектейт деп тынчсызданып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон.

Бул долбоор кабыл алына электе эле бийликтин мыйзамсыз иштерин сындаган журналисттерге кысым болуп жатат деген кабатыр билдирүүлөр болуп жатат. Бир жыл мурда УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин үй-бүлөсүнүн, баласынын отун бизнесиндеги иштерин иликтеген журналист Болот Темировду паспортту мыйзамсыз алган деп сот өлкөдөн чыгарып жиберди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын беделине шек келтирген маалыматтарды жарыялап жатат деген негизде “Клооп” интернет басылмасын жоюу боюнча шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Сунушталып жаткан жаңы долбоор боюнча интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынат. ЖМК ээси деген институт киргизилет.

Журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызмат деп айтылат. Андыктан ЖМК ээсинин редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ЖМК уставында да бекитилет.

“Кемпир-Абад иши”

“Кемпир-Абад иши”

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кемпир-Абад" иши боюнча сот отурумдары жабык, камактагылардын катышуусу жок өтүп жатат.

Бийликке каршы сын айткандардын арасынан саясий негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын саны дагы көбөйдү деп жазылат документте. Анда “Кемпир Абад” ишине байланыштуу 2022-жылдагы камоолор дагы камтылды. Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыгып, отузга жакын журналист, блогер, укук коргоочу жана коомдук ишмерлер кармалганы, бүгүнкү күндө дагы алардын айрымдары дале камакта отурганын баса белгиледи.

Эл оозунда “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган бул кылмыш иш эгемен кыргыз саясатындагы эң чуулгандуу жана кармалган адамдардын саны боюнча эң резонанстуу иш болуп жатат.

Айыпталып жаткан 27 кишинин он бири абакта кармалууда, он төртү үй камагына чыгарылса, эки кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Алар Талантбек Эшалиев жана Орозайым Нарматова.

Айыпталуучулар сот эмдигиче алардын айыбын угузбай жатканына нааразы.

“Кемпир-Абад боюнча иш баштала элек. Жарым жыл болуп калды, ошондон бери алардын айыбы угузулбай жатат. Ушуга чейин болгону баш коргоо чарасын өзгөртүү сыяктуу жагдайлар гана каралып келди. Сот камактагылардын мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узартып койду”,- деди Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев.

Сот отурумдары болсо жабык эшик артында, камактагылардын катышуусу жок өтүп жатат. Бул дагы ишти ого бетер создуктурууда.

Үй камагында отурган активист Рита Карасартова – бул адам укугун одоно бузгандык дейт. Камакта отурган киши ага байланыштуу чыгып жаткан чечимди билиши керек экенин айтат.

“Аларды отурумга алып келбегени чоң мыйзам бузуу. Бул – кыйноо. Бизге отурум алардын катышуусу жок каралсын деген кагазды дагы беришкен жок. Сот чечими менен чогуу аласыңар деп койду. Даттанууга дагы мүмкүнчүлүк беришпеди. Буга нааразы болгон Азимбек Бекназаров жакында эле адвокатын чакыртып алыптыр. Мындан улам отурум 3 жолу жылып кетти”,- деди ал.

Эгер айыпталуучу сот залында соттун тескөөсүнө баш ийбеген учурда залдан чыгарып жиберүүгө мыйзам жол берет. Муну айткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы айыпталуучулар 27-сентябрда өткөн отурумда бир нече жолу тартип бузушкандын жүйө келтирди.

“Кылмыш жаза кодексинин 307-беренесинин негизинде сот айыпталуучуларды соттук отурумдун залынан соттук териштирүү аяктаганга чейин чыгарып жиберүү жөнүндө токтом кабыл алды”,- деди басма сөз кызматы.

Тергөө тарабынан аталган ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сот отуруму жабык өтүп келет. Бирок буга айыпталуучулар макул эмес. Отурумдун жабык өтүп жатканына байланыштуу коомчулукта дагы бир-топ суроо жаралып жатат.

Кармалгандардын баардыгына “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Бийликти басып алууга даярдануу” деген эки негизги берене боюнча кылмыш иши козголгон. Айрымдары дагы башка беренелер боюнча айыпталууда.

"Кыргызстан - адам укугун сыйлаган өлкө"

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекет башчы Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган өлкө экенин кайталап айтып келатат

Ал ортодо 10-декабрда адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктап жатып президент Садыр Жапаров ар бир жарандын укуктары менен эркиндигин урматтоону бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

Мамлекет башчы Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган өлкө катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын баса белгиледи.

“Бул маанилүү документтин принциптери биздин Конституцияда жана негизги мыйзамдарда бекем орун алып, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого умтулуубузду айгинелеп турат. Бул принциптердин жашообуздагы маани-маңызын жакшылап аңдап-түшүнүүбүз зарыл. Ар бир жаран өз укугу корголгонун, мамлекеттин адам укуктарын сактоого умтулгандыгын сезе алгыдай болушу кажет”,- деди ал.

Диктатурага бараткан башкаруу системасы

Таттыбүбү Эргешбаева

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Биз мамлекетти күч менен башкаруу формасын баш мыйзам менен бекитип алганбыз”,- дейт юрист Таттыбүбү Эргешбаева.

Адам укуктары боюнча адис Таттыбүбү Эргешбаева мунун баары азыркы бийлик тандаган диктатурага багытталган башкаруу системасы менен байланыштуу дейт.

Ал Кыргызстандын конституциялык климаты эл аралык уюмдар тарабынан Тажикстан менен Түркмөнстанга салыштырылып бааланып жатканын айтты.

“Эл аралык институттардын берген баасы боюнча Кыргызстандагы укуктук чөйрө Өзбекстан менен Казакстандан дагы төмөндөп жатат. Биз алардан дайыма алдыда жүрчүбүз. Авторитаризм күчөгөн өлкөлөрдө бир мамлекеттик институттун ролу чоң болот. Эл аралык уюмдар Кыргызстан демократиядан авторитаризмге, укуктук өлкөдөн - укугу чектелген мамлекеттин катарына кирип жатканын ачык айтып жатат”,- деди ал.

Эргешбаеванын айтымында, адам эркиндиги боюнча Кыргызстандын аброюнун төмөндөөсү жакшылыкка алып келбейт.

Өлкөнүн эл аралык келишимдерге катышуусун чектеп, чет жактан грант, насыя алуусуна терс таасир берет.

“Бул өлкө супер президенттик башкаруу системасына өткөндүгүнүн натыйжасы. Биз мамлекетти күч менен башкаруу формасын баш мыйзам менен бекитип алганбыз”,- деп кошумчалады юрист.

Бычакка сап оппозиция жок

Адил Турдукулов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарандык активист Адил Турдукулов карылуу оппозициянын жоктугуна кабатыр.

Дагы бир жарандык активист Адил Турдукулов соңку жылдары өлкөдө адам укуктарынын корголуусу кескин төмөндөп кеткенин айтат.

Анын баамында, саясий куугунтук жана сөз эркиндигине болгон басым күчөп жатат. Ал иликтөө жүргүзүп, бийликке сын айткан журналисттердин, “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” жана “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна каршы болгон активисттердин айрымдары камакта отурганын мисалга тартты. УКМК тарабынан тууну өзгөртүүгө каршы чыккандар биринин артынан экинчиси суракка тартылып жатканын эске салды.

“Укуктук негизде баа берилбестен, саясий куугунтук гана уланып жатат. Эл аралык уюмдардын чыгарып жаткан тыянагы туура. Бирок биз аларды эле карап отура бербей, өзүбүз дагы жыйынтык чыгарганды үйрөнүшүбүз керек. Сөзсүз чет элдик уюм айтмайынча аңдабай отура берген адат калыптанды, бул туура эмес. Дагы бир жагдай чет элдик уюмдар бизди ар дайым Борбор Азия алкагында гана карап келет. Бирок сөз эркиндиги, адам укугу керек болсо Европа өлкөлөрүнө салыштырылып каралышы керек”,- деди Турдукулов.

Активист сөз эркиндиги төмөндөп, жарандык коомдун укуктары корголбой жаткандыгынын дагы бир себеби бычакка сап оппозициянын жоктугу дейт.

Акыйкатчы институту болсо эл аралык уюмдардын чыгарган рейтинги алар тарабынан дыкат талданып, иликтенип, керектүү мамлекеттик органдарга сунуштар киргизилип турарын айтат. Бирок институт алардын жылдык баяндамасында берген сунуштардынын 20 пайызы гана аткарылат жана бул абдан өкүнүчтүү дейт.