Германия суутек менен орус газына көз карандылыгын азайта алабы?

Жанет Шмидт, технология кабарчысы

Суутекти болот сыяктуу металл өндүрүш процесстеринде пайдаланууга болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суутекти болот сыяктуу металл өндүрүш процесстеринде пайдаланууга болот

Украинадагы согуш Германиянын энергетика саясатын астын-үстүн кылып жиберди.

Согуш башталгандан бери Германия Орусиянын мунайына болгон көз карандылыгын 35 пайыздан 12 пайызга, ал эми Орусиянын газын 55 пайыздан 35 пайызга азайтты.

Ошентсе да энергетика соодасы Москва үчүн чоң киреше булактарынан болуп эсептелет. Финляндиянын CREA аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, согуштун алгачкы эки айында Германия Орусиянын мунайы менен газына дээрлик €9 млрд ($9,6 млрд) төлөгөн.

Вероника Гримм Эрланген-Нюрнберг университетинин экономика профессору. Учурда ал Экономика акылмандары деп аталган Германиянын федералдык өкмөтүндөгү атайын үч кеңешчинин бири.

“Энергия булактарыбызды башында пландаганыбыздан дагы эртерээк ар түрдүү тармактардан алып, көмүртекти азайтышыбыз керек”, — дейт ал. Мындай максатка жетүү үчүн Гримм өлкө суутекти “көбүрөөк” колдонууга өтүшү керек деген пикирде.

Суутек эбегейсиз чоң көлөмдө энергия топтой алат, өндүрүш процесстеринде табигый газдын ордуна колдонсо болот жана оор жүк ташуучу унаалардын, поезддердин, кемелердин же болбосо учактардын кыймылдаткычтарын ишке киргизе алат. Мындай болсо аталган транспорттук каражаттар ичүүчү суунун буусунан башка эч нерсе бөлүп чыгарбай калат.

Германия Орусиянын газы менен мунайына көз каранды болгусу келбейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия Орусиянын газы менен мунайына көз каранды болгусу келбейт

Гриммдин чоң кубанычы көпчүлүктүн көңүлүн бура баштады. Эл аралык энергетика агенттигинин (ЭЭА) маалыматы боюнча, ондогон мамлекеттер өздөрүнүн улуттук суутек стратегиясын жарыялашты же жарыялайын деп жатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кызыккандардын көп болгонуна карабастан суутекти кеңири масштабда колдонууну ишке ашырса болобу азырынча белгисиз.

Анткени мындай толкундануу сезими мурда дагы болгон эле: 1970-жылдары эки мунай кризисинен кийин жана 1990-жылдары климатка байланыштуу кооптонуулар жаралган кездерди эске сала кетели. Бирок экөө тең абага сиңгендей жок болуп кетти. Азыркы ызы-чуу мурдагылардан айырмаланабы?

Скептиктер эскерткендей, дүйнө жүзү боюнча суутек кеңештеринде үстөмдүк кылган тармактын өкүлдөрү суутекке карата оң көз карашта. Анткени алар субсидия берет жана азыркы иштеп жаткан куурларга, танкерлерге, турбиналарга же казандарга болгон талапты канааттандырат.

Ошондой эле, алар белгилешкендей, саясатчыларга татаал чечимдер эмес, алыскы келечектеги чоң, жашыл пландар жагат.

Ал ортодо айлана-чөйрөнү коргоо топтору этияттыкка чакырууда. Алардын оюнча, суутекти башкы отун катары пайдаланууга болбойт. Аларды негизинен түс коду менен белгиленген эки жол аркылуу жасоого болот.

Жашыл суутек электролизердин жардамы менен сууну суутек жана кычкылтек молекулаларына бөлүү үчүн кайра калыбына келүүчү энергия булактарынан алынган электр тогун колдонуу менен өндүрүлөт. Бирок мындай машиналар менен аларды иштетүү үчүн электр энергиясы кымбат турат.

Жашыл суутек күн же шамал энергиясын колдонуу менен өндүрүлөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жашыл суутек күн же шамал энергиясын колдонуу менен өндүрүлөт

Боз суутек деп аталган зат беш эсе арзаныраак. Ал табигый газдан же айрым учурларда мунайдан же көмүрдөн алынат. Бирок өндүрүш учурундагы жоготуулардан улам табигый газды күйгүзүүгө караганда CO2 болжолдуу 50% көп бөлүп чыгарылат.

Көгүлтүр суутекте да ушундай эле ыкма колдонулат. Бул ошол эле процесске негизделет, бирок кайра колдонуу же сактоо үчүн өндүрүштө бөлүнүп чыгарылган көмүртектин болжолдуу 60-90% кармап калат.

Мындай ыкманын кемчилиги бааны болжолдуу эки эсеге кымбаттатып жибергенинде жана ири масштабда өндүрүүгө ылайыктуу болбогонунда. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн суутектин болгону 0,7% гана көгүлтүр.

Экологиялык аброюна жана потенциалына карабастан бүгүнкү күндө дүйнөлүк суутек өндүрүшү кайсы бир өлкөлөргө, мисалы Францияга караганда үч эсе көп CO2 бөлүп чыгарат.

Жашыл суутек турак-жайды кантип камсыздайт?

Ички өндүрүш кеңейип жатканда Германия суутекти сырттан алып келүүгө аракет кылат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ички өндүрүш кеңейип жатканда Германия суутекти сырттан алып келүүгө аракет кылат

Андай болсо көп нерсе мамлекеттер кантип суутекти өндүрүп чыгарынан көз каранды болуп калат.

Айрым мамлекеттер артыкчылыктуу багыттарын так аныктап алышкан. Электролизерлерди иштетүү үчүн көпчүлүк күнөстүү өлкөлөр күн энергиясына, ал эми Франция өзөктүк энергияга таянып жатышат.

Кытай болсо көмүр жана газдан жасалган боз суутекке аяр мамиле жасап, экологиялык жактан таза альтернативаларга инвестиция кылууда.

АКШ, Канада, Британия, Нидерланддар жана Норвегия көгүлтүр суутекти илгерилетип, алдыңкы катарда баратышат. Алар алынган көмүртекти узак убакытка сактоо же мунай алууну жакшыртуу үчүн мунай жана газ чыккан жайларга куюшууда.

Бирок Германияда абал анча ачык эмес

Берлин колдонмо илимдер университетинин кайра калыбына келген энергетика системалары боюнча профессору Фолкер Квашниң Германиянын суутек системасын сынга алды:

“Меркелдин бийлиги энергетикалык өткөөл мезгилдеги өзүнүн алешемдигин жаап-жашыруу үчүн аны алаксытуучу маневр катары колдонгон”.

Анын билдиришинче, келечекте экологиялык жактан таза суутекти өндүрүүнү жеңилдетүү үчүн күн жана шамал энергиясын тез арада жайылтуу керек эле. Бул демилгени Германиянын жаңы өкмөтү өзү колго аларын айтты.

Бирок бийликтеги коалициялык көпчүлүктү түзгөн үч партия, үч министрлик жана суутек кеңеши баары ич ара суутек боюнча талашып-тартышып жатышат. Алар жашыл суутекке басым жасоо керекпи же чектелген сунуштагы боштукту убактылуу жаап туруу үчүн көгүлтүр альтернативаны эле кабыл алуу орундуу болобу деп талкуу кылууда.

Эрланген-Нюрнберг университетинин профессору Вероника Гримм суутек кеңешинде көп түстүү айкалышты колдогон көпчүлүккө кирет.

“Көгүлтүр суутекти кабыл алуу өнүгүп келе жаткан тармак үчүн керектүү запастарды жаратууга жардам берет”, — дейт ал. “Ал Германиядагы технологиялык ачылыштарга өбөлгө түзүп, экологиялык жактан таза суутекти өндүрүүгө инвестиция салуучуларды шыктандырат”.

Германиянын экономика министри Роберт Хабек суутек өндүрүү боюнча амбициялуу пландарын жарыялаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын экономика министри Роберт Хабек суутек өндүрүү боюнча амбициялуу пландарын жарыялаган

Январь айында экономика министри Роберт Хабек кайра калыбына келген энергия булактарын илгерилетүү боюнча амбициялык пландарын жар салган. Ал экологиялык жактан таза суутекти өндүрүүнү көбөйтөрүн билдирген. Учурда 70 МВт болгон суутек өндүрүшүн 150 эсеге көбөйтүп, 2030-жылга чейин 10 ГВт жеткирерин айткан.

Бул көрсөткүч Евробиримдиктин жалпы 40 ГВт деп койгон максатынын төрттөн бирин түзөт жана Франция 6,5 ГВт деп койгон чектен көбүрөөк.

Ички өндүрүш кеңейип жатканда Германия суутекти сырттан алып келүүгө аракет кылат.

Германиянын энергетика агенттигинин башчысы Андреас Кулманндын айтымында, Германия суутек сатып алуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү кескин түрдө тездетип жиберген. Аталган агенттик Суутек кеңешин координациялаган мамлекеттик компания.

Түштүк Европаны суутек куурларына туташтыруу боюнча иштерди алып баруу дагы сүйлөшүүлөрдө камтылган. Аталган аймактагы ыңгайлуу күн жана шамал энергиясы суутекти минималдык чыгаша менен өндүрүүгө шарт түзөт.

Айласы кеткен министр Хабек энергия экспорттоочулар менен жолугууда. Март айында бир апта бою ал Норвегияга барып, суутек куурларын салуу үчүн техникалык-экономикалык негиздемелерин макулдашкан; энергетикалык өнөктөштүктү аягына чыгаруу үчүн Катарга барган жана кызматташуу жөнүндө беш макулдашууга кол коюу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына барып келген.

Германия суутек өндүрүүнү бир нече өлкөлөр менен талкуулап жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия суутек өндүрүүнү бир нече өлкөлөр менен талкуулап жатат

БАЭден алгачкы партия ушул жылдын аягында келери күтүлүүдө

Министр Хабектин суутек радарында жайгашкан өлкөлөрдүн арасында Ирландия, Сауд Аравиясы, Оман, Чили, Намибия жана Австралия бар.

Профессор Квашниң суутек импорттоо керек экенин айтканы менен бирок министр Хабектин айрым үмүттөрүнүн таш-талканын чыгарат. “Суутекти чөлдөгү заводдордон импорттоо жай, натыйжасыз жана кымбат болот”, — деп түшүндүрдү ал.

Чынжырчанын ар бир баскычында баштапкы энергиянын бир бөлүгү пайдаланылат: чийки материал катары таза суу алуу үчүн деңиз суусунан тузду бөлүп салуу, электролизер, ташуу үчүн суюлтуу, танкер менен ташуу, Германиядагы куурлар аркылуу өлкө ичинде ташып жеткирүү жана суутекти электр энергиясына кайрадан айлантуу.

“Аталган кадамдардын баарын кошкондо чөлдө өндүрүлгөн баштапкы электр энергиясынын жок эле дегенде 70% керектелет”, — дейт Квашниң.

“Ошондуктан чөлдөгү күн панели Германиядагыга караганда 80% көп электр энергиясын өндүрүп чыкканына карабастан жолдогу жоготуулар өтө көп. Күн энергиясын Германияда эле өндүрүү эки эсе натыйжалуу болчудай”.

Баасы кымбат болгондуктан суутекти “энергетикалык өткөөл мезгилдин шампаны” деп атап коюшат. Аны ким биринчи ууртайт болду экен?

Бул боюнча көпчүлүк байкоочулар бир пикирде. “Түз электрификация мүмкүн болбогон өнөр жай тармактарына гана суутек бөлүп берүүбүз аябай маанилүү”, — дейт Феликс Маттес. Ал Öko-Institut аналитикалык борборунун энергетика боюнча эксперти жана Германиянын суутек боюнча кеңешинин мүчөсү.

“Биз аны башында болотту, химикаттарды жана айнекти өндүрүүдө колдонушубуз керек”, — дейт ал.

Андан кийин кеме менен жүк ташууга, оор жүк ташыган унааларга жана ошондой эле жакынкы же алыскы аралыкка учкан учактарга өтсөк болот. Ал кошумчалагандай, автомобилдерде же жылытуу системаларында пайдалануу натыйжасыз, кымбат жана алаксыткан фактор болуп калат.

“Андан тышкары, Хабек мырзанын кайра калыбына келген энергия булактары боюнча жаңы демилгеси биздин электр менен камсыздоо системабызга тең салмактуулук алып келет. Күнөстүү жана шамал болгон убактарда электролизерлердин жардамы менен суутек өндүрүп, аны кыштын бүркөк күндөрү үчүн ири кампаларда сактоо керек болот”, — дейт Маттес.

Орусиянын энергиясына көп акча жумшабоо боюнча Германияга басым болууда, бирок бул татаал процесс.

Көпчүлүк бул өткөөл мезгилде суутек ишти жеңилдетет деп үмүт кылат. (EA)