Пакистанда 22 адамды документин текшергенден кийин атып салышты

Пакистан Белужистан

Фархат Джавед, Би-Би-Си

Джордж Райт, Би-Би-Си, Исламабад

Расмий кабарларга караганда, Пакистандын түштүк-батышында куралчан адамдар кеминде 22 адамды автоунаадан чыгарып, документтерин текшерип туруп атып өлтүрүп салышкан.

Кол салуу Белужистан провинциясындагы шосседе түн ичинде болду, бул жакта коопсуздук күчтөрү көптөн бери эле диний, этникалык жана жикчил зомбулук менен күрөшүп келатат.

Куралчан адамдар жолдогу автоунааларды токтотуп, андагы жүргүнчүлөрдүн баарынын документтерин текшеришкен. Алардын ичинде Пенжабдан келаткандарды бөлүп алып, атып өлтүрүп, автоунааларын өрттөп жиберишкен, дейт расмий булактар.

Белужистандын боштондук армиясынын (ББА) согушкерлери Муса-Хель районунда болгон кол салуулардын артында турганын билдиришти.

Соңку 24 саатта Белужистан боштондук армиясы көп сандаган өкмөттүк объектилерге чабуул койду, анын ичинде полициялык участкалар жана коопсуздук лагерлери бар.

Калатада 11 адам курман болду, анын ичинен бешөө коопсуздук кызматкери. Дагы бир башка райондо алты адамдын жансыз денеси табылды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жогорку кызматтагы жергиликтүү өкүл Наджибулла Какаранын айтымында, Муса-Хеледеги кол салууга 30-40 согушкер катышты.

«Алар 22 автоунааны токтотушкан»,-деди ал AFP агенттигине. «Пенжабдан келаткан жана ал жакка бараткан транспорт каражаттарын текшерип, Пенжабдан келаткан адамдарды таанып атып салышкан».

Reuters агенттигинин кабарында, ББА анын көздөгөнү жарандык кийим кийип жүргөн аскер адамдары болгонун билдирген.

ББА чабуул алдында Белужистандын элин шосседен алыс кетүүгө чакырып, “алар пакистандык оккупациялык аскерлерге каршы күрөшүп жатышканын” айтышкан”.

«Биз Белужистандын негизги автомагистралдарынын баарын көзөмөлгө алып, тосуп салдык», — деп айтылат билдирүүдө.

Премьер-министр Шехбаз Шариф өзүнүн канцеляриясы тараткан билдирүүсүндө «террордук кол салууга байланыштуу катуу айыптоо жана терең кайгылуу” билдирди.

Белужистан — Пакистандагы ири провинция, анда башка провинцияларга караганда адам көп жашаган менен анчалык өнүкпөй калган.

BБA жана башка жикчил күчтөр Пакистандын Пенжаб жана синхилер жашаган башка райондоруна кол салууну күчөтүүдө . Алар ошондой эле чет өлкөлүк энергетикалык компанияларга дагы кастарын тигип, аларды регионду эксплуатация кылып, бирок тапкан пайдасын бөлүшпөйт деп айыпташууда.

Ушул жылы апрелде дагы ушундай инцидент болуп, Белужистандан келаткан автобустан тогуз жүргүнчүнүн документин текшерип туруп атып салышкан.

Улуу Британия, АКШ баш болгон бир катар батыш мамлекеттери ББАны эл аралык террордук уюм катары тааныган. (КС)