Чүкөгө кыт куюп ойнодуңуз беле? Коргошундун зыяны...
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бал кезиңизде кыт куюлган чүкөнү далай ойносоңуз керек. Кыздар болсо апалардын ийигине бекитилген коргошунду кызыгып кармалаган, кошо жип ийришкен учурлар көп эле болгон. Бири оюн болсо, экинчиси тириликтин эле бир бөлүгүндөй туюлат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коргошунду ден соолукка олуттуу зыян келтире турган химиялык он заттын тизмесине кошкон. Ал чектен ашкан учурда мээге чейин зыянын тийгизет.
Мындан сырткары машиналардын эски аккумуляторлорду ой келди чачып, оюнчуктай эле кармалап ойногон балдарды көрсөңүз керек. Бул абдан зыян.
Илимпоздордун айтымында, АКШ, Европа мамлекеттери өткөн кылымдын орто ченинен тартып курамында коргошун бар заттардан баш тарта баштаган. Кыргызстанда болсо бул маселени ким козгоп, ким коңгуроо какканы эсте калбагандай.
Коргошун адамзаттын күнүмдүк колдонгон буюм-тайымдарынын курамында болуусу мүмкүн.
Ал ичүүчү суу агып келе турган суунун куурунан тартып, боёктордо, идиш-аяктарда, косметикалык каражаттарда, керек болсо балдардын оюнчуктарында дагы кездешет.
Айрыкча Кыргызстанда анын жайылышына өбөлгө түзгөн бул сапатсыз күйүүчү жана майлоочу майлар.
Авто парктын көп бөлүгүн дээрлик эски унаалар түзөөрүн айткан илимпоздор, адамдар андан чыккан коргошун сыяктуу уулуу заттардын концентраттары менен дем алып жатышат дейт.
Келип жаткан бензиндин, товарлардын сапаты кыйла төмөн экенин белгилешет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коргошун өзгөчө балдар жана репродуктивдүү курактагы аялдар үчүн коркунучтуу экенин айтып келет.
Бул максатта АКШ 1978-жылдары курамында коргошун бар заттардан арылуу максатында атайын чоң программа кабыл алып, көзөмөлдү күчөткөн.
Коргошундун кандагы концентратын текшерүү ал мамлекетте негизги анализдердин тобуна кирет.
Коргошундун деңгээлин аныктоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда балдардын канынан коргошундун деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө иштери эми гана башталып жатат. Ага бир жаштан алты жашка чейинки балдар тандалып алынды.
Дарыгерлер изилдөөнүн жыйынтыгы коргошунга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыкканга өбөлгө түзөт дешүүдө.
“Бул көйгөй биз ойлогондон дагы масштабдуу. Аны мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгуу керек”,- деди Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков.
Учурда алты топтон турган дарыгерлер 21 шаар жана айыл-кыштактарда балдардан анализ алууда.
Алардын ичинен Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Совет айылына, Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарына, Чүйдөгү Ак-Туз айылына артыкчылык берилген.
Кезинде бул айылдарга жакын жерде коргошундун калдыктары сакталып калган.
Жалпылап алганда Кыргызстан боюнча 1 миң 140 баладан анализ алынып, текшерилет. Жыйынтык келе жаткан жылдын январь-февраль айларында чыгат.
“Бул өлкөдө коргошунга ууланган балдар барбы же жокпу жалпы абалды аныктоого жетиштүү”,- деди Жаркынбек Касымбеков.
Эмне үчүн балдар текшерилип жатат? - деп ойлоп жатсаңыз дарыгерлер ага мындай деп жооп берет:
“Бул жашта балдардын эң негизги органдары калыптанып жаткан учур болот. Коргошундун ашказанга кирген бир дозасын чоң кишиге караганда баланын организми 4-5 эсеге көп сиңирет. Колун жана башка буюмдарды оозуна көп салгандыктан балдардын уулануу тобокелдиги жогору болот”.
Негизги белгилер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коргошунга ууланган организмдин белгилери ар кандай болушу ыктымал. Аны дароо эле так айырмалай билүү мүмкүн эмес.
Дарыгерлердин айтымында, эгер кандан коргошундун концентраты аныкталса, аны акырындык менен сүрүп чыгарууга болот. Бирок тиште, сөөктө топтолуп калуу тобокелдиги жогору.
Улуу заттардын катарын толуктаган коргошун биринчи кезекте бөйрөктү, боорду жабыркатып, зат алмашуу процессин бузат.
Коргошундун организмде өтө жогорку өлчөмдө болуусу мээге жана борбордук нерв системасына катуу зыян келтирет.
Ал талма оорусуна, ал тургай өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Андан катуу ууланган балдардын акыл-эсинин өөрчүшү начарлайт.
Ал организмге абдан пайдалуу делген темир, кальций, сыяктуу заттарды жок кылат.
“Бул заттардын жок болушу аз кандуулукка алып келет. Мээнин иштешин начарлатып, өнүгүүсүн жайлатат. Кээде бала бат-баттан ооруп, иммунитети түшүп, аллергиялык фон жогору болуп кеткенде эмне болуп жатканын дарыгерлер дагы түшүнбөй калат. Коргошунга уулануунун бирден-бир себеби ушундай болушу дагы мүмкүн”,- деди Касымбеков.
Дарыгерлердин сунушу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дарыгерлер үй буюмдарын, курулуш материалдарын же балдар оюнчугун сатып алууда абдан этият болууга чакырат.
Айрыкча балдарга өтө ачык түскө боёлгон буюмдарды сатып берүүдөн алыс болууга үндөшөт.
Товар кайсыл өлкөдөн келип жатат, кайсыл фирманыкы, курамы эмнеден экенин кылдат окуп чыгуу керек.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперт Индира Жакипованын айтымында, Бишкектеги алар текшерүүгө алган аймактын топурагынан, суусунан улуу заттын концентраты аныкталган эмес.
Ошондой болсо дагы тобокелдикти жок кылуу үчүн бийлик жер-жерлердеги калдык сактоочу жайларды зыянсыздандыруу керек дейт.
“Жаандан, шамалдан алар аба аркылуу тарап жатат. Андан тышкары Бажы кызматы тыштан кирип жаткан товарлардын курамында коргошун барбы же жокпу катуу көзөмөлгө алуусу керек. Биздин жашообуз үчүн жооп берген ар бир мамлекеттик орган тарабынан жолго салынышы керек”,- деди ал.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылы коргошундун таасири 1,5 миллиондон ашык адамдын өлүмүнө себеп болгон.








