You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Келечек жана кесип: абитуриенттер кайсы тармакка агылат?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку окуу жайга кабыл алуунун биринчи туру аяктады. Расмий маалыматка караганда, онлайн тапшыргандардын саны жыйырма үч миңге чукулдады. Айрым факультеттер биринчи турда эле толду.
Технологиялык өзгөрүүлөрдүн заманында болочокто миңдеген кесип жоголуп, алардын ордуна таптакыр жаңы кесиптер пайда болору айтылып эле келе жатат. Бир убакта экинин бири эле экономист, юрист болом деп келди. Акырындап бул көрүнүш өзгөрүп бара жатат. Азыр IT адиси, автоэлектрик сыяктуу кесиптер тандоонун сап башына чыкты.
IT тармагы, Кремний өрөөнү кыргыз жаштарынын кыялына айланды
Жогорку окуу жайлары бири-бирине атаандашып, IT, медицина факультеттерин ачып жатат. Мисалы быйыл кээ бир окуу жайлар суроо-талап өсөт деген жүйөө менен киберкоопсуздук боюнча адистиктерди ачууга киришити. Киберкоопсуздук деген түшүнүк кадимкидей эле коопсуздуктун маселеси экенин, жөнөкөй киши бул аркылуу электрондук шылуундуктун алдын алса болоорун түшүнүп калды.
"Буга чейин экономика, финансы, банк иши, бажы иши, эл аралык мамилелер, юридикалык факультет популярдуу болуп, баары ошол жака тапшырып келишсе, азыр болсо IT тармагына тапшырып жатат. Бирок ал үчүн математиканы күчтүү билиш керек. Көпчүлүк мектептерде математиканы үйрөтүү деңгээли түшүп кеткендиктен, ЖРТдан математикадан төмөн балл алып калышат. Анан кыйналып, биринчи курста эле меники эмес экен, айтиге шыгым жок экен, мен так илимдерди билбейт экенмин деп, гуманитардык, социалдык багыттарга которулушат. Айтини түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле барып жатышат. Айтиге талап аябай көп. Суроо-талап көп болгондуктан жогорку окуу жайлар айти колледж, айти факультеттерди ачып жатышат. Жылдан жылга квоталарды көбөйтүп жатышат", - деп билдирди коммуникация илимдеринин доктору Элира Турдубаева.
Деген менен математикага анчалык басым жасоонун кажети жок деген адистер да бар.
"Мен музыкантмын. Балдарга бир нече музыкалык аспапта ойноону үйрөтчүмүн. Кийин финансист болдум. Бирок ал тармакта бир күн да иштеген жокмун. Жалаң айтишниктердин арасына түшүп калдым дебедимби, башка түшсө байтал жорго болдум. Математикадан абдан начар элем. Бирок, окуганга туура келди. Айти деген мага туман, татаал, генийлер гана жасай турган иштей көрүнчү. АКШда жүк ташыгыч да болдум, айдоочу да болдум, башкасын да кылдым. Азыр мени окуп жаткандарга айтаарым сиз да айти десе ошондой ойлойт болушуңуз керек. Андай эмес, ишениңиз, аракет кылыңыз",- дейт кезинде Google, Yahoo сыктуу компанияларда иштедим деген Бекназар Жаманкараев.
Наркы кымбат окууларга талап жогору
IT тармагын окуунун наркы да салыштырмалуу кымбат. Контракттын орточо көлөмү эки миң доллардан үч жарым миң долларга чейин жетет. Кыргызстандыктар үчүн бул чоң эле акча. Ошого карабастан бул тармакты окуйм дегендер жүздөп саналууда. Мисалы, айрым университеттин айти факультетиндеги орундар биринчи турда эле толуп калган.
"Биздин окуу жайда ITге 280 орун ачылган. 268 орун биринчи турда эле толуп калды. Азыр бардык тармак санариптешип жаткандыктан, индустрияга болгон талап дагы өсүп жатат. Ошон үчүн абитуриенттердин арасында жылдан жылга бул багытта окуйм дегендердин саны күчөгөндөн күчөгөн. Айтиде түрдүү программалар бар, жаштар өздөрү келип, ошолорго болгон талапты күчөтүп жаткандыктан, айрым багыттар жаңы ачылды. Мисалы, киберкоопсуздук тармагын быйыл жаңы түптөдүк. Бул жаатта окуу кымбат болсо дагы, анын кайтарымы ошончо. Мисалы, айти студенттер окууну бүтө электе эле кирешелүү жумуш таап, иштеп алышат. Ушунусу менен өзүнө тартып турат го дейм", - деди Ала-Тоо эл аралык университетинин IT окутуучусу Андрей Ермаков.
Кыргызстанда айти менен медицина азыр эң кымбат кесиптердин сап башында турат. Андан кийинки орундарда бизнес, экономика, финансы, социалдык тармакты жөндөп кете алган СММ, контент жаратуучу кесиби турат.
Наркы кымбат окуунун натыйжасына дагы талап жогору болот. Буга ылайык, мыкты адистерди табуу аларга жакшы айлык акы төлөө окуу жайлар үчүн дагы машакат иш.
Окуу жайлар менен компаниялардын талашына түшкөн адистер
"Бирок мугалим жок аларды окута турган. Себеби мугалимдер өздөрү айти мугалими болгондогу айлыгына караганда, айтишник болуп иштегенде айлыгы көп болгондуктан алар чоң компанияларга иштеп кетишет дагы, университтерге сабак бергени кадр жок. Бир группага 70-80 баланы топтоп алган. Бирок, аны үйрөткөнгө мугалим жок болгондуктан, кайра эле курстарга багытташат. Айрым студенттер университетттен жетиштүү билим ала албай, курстардан алып жүрүшөт", - деп кошумчалады Элира Турдубаева.
2020-жылдагы бүткүл дүйнөлүк пандемия дагы аралыкта иштөөгө мүмкүн болгон кесиптерди алдыга түртүп чыгарды. Алардын бири IT экени талашсыз.
Жогорку окуу жайларда азыр жылына беш миңдей айти адис даярдалууда.
Гуманитардык окуу калып калган жок
Ошол эле учурда гуманитардык окууга болгон суроо-талап төмөндөгөн жок дейт адистер. Мугалим, чет тилдерин үйрөнүү, логопед сыяктуу кесиптин ээси болууну каалагандардын саны азайган жок. Буга биринчи кезекте бул жааттагы эмгек акынын жогорулашы себеп болсо, экинчиден бюджеттик орундар кенен, окуу программасы салыштырмалуу оңой деген көз караш калыптанган.
"Ар бир багыттын өзүнүн сүйүүчүлөрү бар. Гуманитардык багытты туура көрүп, мугалим болобуз, эколог болобуз, мыкты журналист болобуз, тилчи, котормочу болобуз дегендер деле көп. Бардыгы айти тармагына кетип калды, медицина тармагына кетип калды, бардыгы бөлөк багытка кетип калды дегенден алыспыз. Биздин өзүбүзгө тиешелүү контингент бар, ошого жараша иш алып барабыз. Туура башка багыт дагы өсүш керек. Бирок, гуманитардык багыт деле аксап калган жок. Ал деле өнүгүп келе жатат. Акыркы үч жылда бугатка тапшыргандардын саны төмөндөп кеткенин деле байкаган жокмун", - дейт Бишкек мамлекеттик университеттин проректору Азамат Сатиев.
Гуманитардык багытты окуткан Бишкек мамлекеттик университетине тапшыруучулардын санында акыркы беш жылда чоң айырма болгону байкалбайт.
2020-жылдан берки статистикасын алып караганда, жылына 1400дөн кем эмес абитуриент гуманитардык багытка тапшырып келет.
Изилдөөлөрдө жакынкы он жылдыктарда 70 миңдей кесипти жасалма акыл аткарып калышы мүмкүн.
Буга байланыштуу адистер билим берүү министрлиги мындай өзгөрүүгө азыртадан даярданып, талап боло турчу кесиптерге болгон шарттарды түзүү керектигин айтышууда.