You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бекназар: Гуглда иштейм деп оюма да келген эмес
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандык Бекназар Жамангараевдин негизги кесиби музыкант. Ал бир топ жыл мурун Америкага барып жүк ташып, айдоочу да болуп иштеген экен. Анын дүйнөлүк корпорацияларга ишке киргени өзүнчө бир кызык окуя.
Би-Би-Си программист менен кенен маек курду. Маекти толугу менен видео түрүндө жакында Би-Би-Синин YouTube, Facebook баракчаларына жарыялайбыз
Бекназар: 10-15-жыл мурун бул тармак жаңыдан башталып жатканда бул келечек, 15-20 жылдан кийинби же 30 жылдан кийнки ишпи деп ойлочубуз. Мына көп өтпөй азыр ошол заман келди деп айтсак болот. Азыр бул тармак укмуштай өнүгүп жатат, өсө турган жактары чексиз, идеялар көп, бирок, ошону ишке ашырганга адамдар жетпей жатат. Азыр турмушубузда кайда караба айтинин изи, колу бар. Болгону кээ бирлери аны байкабайт. Мен 12 жыл мурун АКШга көчүп кеткем. Калифорниядамын. Ал жер айтинин жүрөгү, борбору. "Google", "Apple","Tesla" дегендин баарына коңшулаш жашайм. Анан мен ал жерге барган соң эмне кылышым керек? Көмүр каза албайсың, мал багайын десең болбойт. Демек, өзгөрүшүм керек болду.
Би-Би-Си: Негизи кайсы тармактын адиси элеңиз?
Бекназар: Мен музыкантмын. Балдарга бир нече музыкалык аспапта ойноону үйрөтчүмүн. Кийин финансист болдум. Бирок ал тармакта бир күн да иштеген жокмун. Жалаң айтишниктердин арасына түшүп калдым дебедимби, башка түшсө байтал жорго болдум. Математикадан абдан начар элем. Бирок, окуганга туура келди. Айти деген мага туман, татаал, генийлер гана жасай турган иштей көрүнчү. АКШда жүк ташыгыч да болдум, айдоочу да болдум, башкасын да кылдым. Азыр мени окуп жаткандарга айтаарым сиз да айти десе ошондой ойлойт болушуңуз керек. Андай эмес, ишениңиз, аракет кылыңыз.
Мен акырындап окуп баштадым, окуумду аяктаганда тажрыйба өтүүгө бардым. Адатта тажрыйба учурунда акы төлөнбөйт. Мага болсо дароо эле төлөп кирсе болобу? Таң калып эле калдым. Биринчи жетекчим еврей улутундагы адам эле. Анын кол алдында иштеп баштадым. Мени ишке алып жатканда айтини укмуш билип же кыйын болуп кеткенимден эмес, келечегимди көрүп, дараметимди баалап алышканын баса белгиледи. Алты ай өтпөй эле ошол кезде дүркүрөп турган "Yahoo" компаниясынан сунуш келсе болобу? Барып жетекчиме айттым. Ал кезде "Google", "Apple" компаниялары телчигип жаткандай эле болчу. Жетекчим сунуш кайдан келгенин сурады. "Yahoo" компаниясынан деп ачык айттым. Эми элестетип көргүлө өзүнүн атаандашы саналган компания кол алдындагы жумушчусун ишке чакырып жатса ким эле макул болот? Таң калыштуусу менин жетекчим, сенин келечегиң кенен болушу керек деп, мени сынакка өзү даярдап, ийгилик каалап узатты. Көрсө өтө сейрек кездешкен, менин бактыма кезиккен адам экен. Менин жолумду ачып берди. Барып "Yahoo" компаниясына сынакка катыштым. Угуп, көрүп байланышышыбыз мүмкүн, бара бериңиз деп узатып койду. Үйгө жете элегимде эле телефон чалып, өттүңүз деп куттукташты. Мына андан кийин жарым жыл өтпөй чакыруулар байма-бай келип, сунуштар аябай көбөйдү. Ошентип "Google", "Apple" компанияларында иштедим.
Би-Би-Си: Кыргызстандын бул багыттагы келечегин кандай деп элестетесиз?
Бекназар: Сөзүмдүн башында бир нерсе айта кетейин. Ан-сезим, ой жүгүртүү жагынан жакшы бир көрсөткүчтөрүбүз бар элбиз. Санжыра дегенди чагабыз, өзүбүздүн эле эмес, кошуна, тууган-уруктукун кошо сүрүштүрүп жиберебиз. Анын баарын эстеп, жаттап калуу оңой иш эмес. Ошону кылымдап сактап келдик. Аны эстеп айта салуу, ошончо маалыматтан тез сууруп чыгуу программалоодо оптимизация деп аталат. Программаны жөн эле жазбай, аны тездетүү, таап чыгуу. Санжыра да ошондой да, эстеп калуу, аны айта салуу. Бул укмуштай эс-тутум. Экинчиси, тилге болгон жакындык. Кайсы тилде болбосун ушунча тез, так, таза сүйлөп кеткен калкпыз. Кимдер менен гана иштешпейм. Баары сүйлөп жатса англис тили өз тили эмес экени даана эле сезилип турат. Кыргыздарды көрсөң канчасын көрбө, кайдан көрбө таза сүйлөйт. Бул эки сапат же жөндөм ДНК деңгээлиндеги артыкчылык десем болот. Айтиге дал ушул нерсе өтө керек. Экөө тең бизде бар. Демек келечеги ошончолук кенен.
Би-Би-Си: Сиз сыяктуу дасыккан програмисттерди кыргыз бийлиги чакырып, кеңешип же сунуш менен кайрылабы?
Бекназар: Кайрылат, бирок, келечектүү, стратегиялык сунуштар менен эмес. Мисалы сен муну билет турбайсыңбы? Бизге ушуну жасап бере калчы дегендей. Андай эмес, стратегиялык сунуштарды күтөт элем. Биз ошол жагынан жардам берип, колдоп чыгат элек. Мисалы, мектеп программасына програмалоо тилин сабак катары киргизүү. Окуучулар кадимкидей эле биринчи класттан тарта окуса дейм. Адистерди да даярдоого жардам берет элек. Окуучуларыбыз мектептен эле программалоонун 2-3 тилин үйрөнүп чыкмак. Аны өркүндөтмөк. АКШда мектепте окуп, менден көрүп олтуруп балам үйрөндү. Ал болгону 14 жашта, бирок, ушул жашында эле эки тиркеме жасап койду. Элестетиниз...
Би-Би-Си: Кыргызстан айтини кирешелүү тармаккка айлантуу үчүн эмне кылуусу керек?
Бекназар: Биз азыртан адистерди жапырт даярдайлы. Адис көп жерге жумуш, кеңселерден бери көчүп келет. Менин кол алдымдагылар ар кайсы өлкөдөн жана ошол жакта туруп иштешет. Биз аларга түрдүү тапшырма беребиз. Алар үйүндө туруп эле аткарат. Ошентип аларга миллион, миллиарддаган доллар кетип жатпайбы. Эгер биз адистердин "армиясын" даярдап койсок, биз ошол сунуштун баарын Кыргызстанга жолдоп, миллиондогон каражатты алат элек.
Маекти толугу менен видео түрүндө жакында Би-Би-Синин YouTube, Facebook баракчаларына жарыялайбыз.