Яхта, учак, чопкутталган поезд: Ким Чен Ын чет өлкөгө кантип чыгат?

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Владивостокко барганы көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Түндүк Корея лидерлери үчүн салтка айлангандай, Кимдин чопкутталган люкс поезди жолдо жыйырма сааттан ашык убакыт өткөрүп, акырындык менен 1200 км жолду басып өттү. Албетте, узак жолдо Ким ачка калган жок - кабарларга караганда, поездде Ким Чен Ынды тейлей турган мыкты жабдылган ресторан бар, мисалы, дасторконго жаңы омар жана поезддеги шарап кампасынан француздардын эң сонун шараптары коюлат.

Поезд болушунча бекем чопкутталган, ошондуктан болжол менен саатына элүү км ылдамдыкта жүрөт. Салыштыруу үчүн, Британиянын ылдам жүрүүчү поезддери эки жүз км/саат ылдамдыкка жетет, ал эми жапониянын Шинкансен поезди үч жүз жыйырма км/саат жүрөт.

Мындан тышкары, Түндүк Кореянын темир жол тармагынын өзгөчөлүгүн эске алуу керек, аны заманбап деп айтууга болбойт.

Поезд “Таэянхо” деп аталат - бул корейче “күн” дегенди билдирет жана ошол эле учурда символикалык түрдө Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) негиздөөчүсү Ким Ир Сенге карата айтылат.

Эски салт

Негизи, КЭДРдин биринчи башчысы, Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сен брондолгон поезд менен саякаттоо салтын жолго салган. Ал ошондой поезд менен Вьетнамга жана Чыгыш Европага сапарга чыккан.

Албетте, бул поезддер кылдаттык менен кайтарылат. Коопсуздук кызматкерлери маршруттарды жана станцияларды бомба жана башка коркунучтарга текшеришет.

Ким Чен Ындын атасы, Түндүк Кореяны 1994-жылдан 2011-жылы көз жумганга чейин башкарган Ким Чен Ир учакта учуудан корккондуктан сапарларга поезд менен чыкканы айтылып келет.

2001-жылы Ким Чен Ир Москвага жетүү үчүн 10 күндүк жол жүрүп Владимир Путин менен жолуккан.

 Ким Чен Ирдин чопкутталган поезди 2001-жылы Москвага келген учуру.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кимди 2001-жылкы сапарында коштоп жүргөн орус аскер башчысы Константин Пуликовский өзүнүн “Восточный Экспресс” аттуу китебинде люкс поезд тууралуу эскерет: “Орус, кытай, корей, жапон жана француз ашканасынын каалаган тамактарын тандасаңыз болот эле”.

Поездге тирүү омарлар жеткирилип, Бордо жана Бургундиянын кызыл шараптары кутуларда (ящик) Парижден алып келинген.

Пуликовскийдин айтымында, Орусиянын президентинин жеке поезди да комфорту жагынан Ким Чен Ирдин поезди менен теңтайлаша алган эмес.

Дагы бир мурдагы орус дипломаты Георгий Толорая 2001-жылы ошол эле поездде жолго чыкканын 2019-жылы айтып берген. Ал эшек эти жана абалон (моллюскалардын бир түрү) сыяктуу деликатес деп эсептелген тамактар Пхеньяндан чопкутталган поездке жеткирилгенин эскерет. “Русский стандард” арагы да алынып келинген.

Эки орусиялыктын тең баяндарына караганда, поезддин бортунда артисттер жана ырчылар коноктордун көңүлүн ачып турган.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары кабарлашкандай, Ким Чен Ир дал ошол чопкутталган поездде баратып жүрөгү кармап каза болгон.

2009-жылы ноябрда Түштүк Кореянын консервативдүү “Чосун Илбо” гезити чопкутталган поездде 90го жакын вагон бар деп жазган. Вагондор жашыл түскө боёлуп, сары түс менен ортосунан сызык тартылган, алар конференц-залдар, аудиториялар жана уктоочу бөлмөлөр менен жабдылып, спутниктик телефондор жана брифингдерди өткөрүү үчүн заманбап телевизорлор орнотулган.

Башка сүрөттөрдө вагондордун биринде кызыл булгаарыдан жасалган отургучтарды көрүүгө болот.

Ким Чен Ында атасынын учуудан коркуу сезим жок десек болот: ал буга чейин орусияда чыгарылган жеке учакта бир нече жолу сапарга чыккан.

Бирок Түндүк Кореянын башчысы 2019-жылы да Владивостокко Путин менен жолугушууга поезд менен келген (кыязы, ал Кимдин ушул күнгө чейинки чет өлкөгө жасаган акыркы сапары болгон).

Анын жолу Пхеньяндан башталып, Орусиянын чек арасындагы Туманган станциясы аркылуу өткөн, ал жерде поездди бир нече саат ичинде орусиянын рельстерине которушкан.

Жеке учактар

Поезддерден тышкары Ким ыгы жок чыгым кылып башка транспорт каражаттары менен да сапарларга чыккан, мындай жорук Түндүк Кореяда өкүм сүргөн жакырчылыкка такыр туура келбейт.

2018-жылдын май айында ал бийликке келгенден берки биринчи эл аралык рейске чыккан. Анда ал Кытайдын Далянь шаарына Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан.

Ал буга чейин жеке учагы менен Түндүк Кореянын ичинде бир нече жолу учкан деп болжолдонууда.

Ал учак советтик алыс аралыкка учуучу Ил-62 учагы. Жергиликтүү тургундар аны "Чаммэ-1" деп аташат – ал карчыга куш өлкөнүн символдорунун бири болуп эсептелинет.

Ил-62 учагы 2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарына Түндүк Кореянын делегациясын жеткирүү үчүн колдонулган.

Сүрөттүн булагы, AFP

Учактын ак фюзеляжынын эки тарабында корей тилинде Түндүк Кореянын расмий аталышы жана анын жанында мамлекеттик желеги түшүрүлгөн. Учактын куйругуна кызыл жана көк тегеректин ичиндеги кызыл жылдыз тартылган.

Учак толугу менен заманбап интерьерге ээ. Маал-маалы менен Кимдин учактын бортунда иштеп жатканы же конокторду кабыл алуу учуру басма сөз каражаттарына чыгып турат.

2018-жылы КЭДРдин олимпиадалык делегациясы, анын ичинде өлкө башчысынын карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореяга “Чаммэ-1” бортунда барган.

Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги учак "PRK-615" идентификациялык номерин колдонгонун, бул 2000-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк биргелешкен декларациясына символикалык шилтеме болушу мүмкүн экенин билдирди.

2014-жылы Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы даректүү тасма көрсөткөн. Анда Ким Air Koryo мамлекеттик авиакомпаниясынын логотиби коюлган Украинанын Ан-148 учагында отурган.

Ал эми 2015-жылы Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Ким Чен Ындын “ата мекендик” жеңил учакка отуруп, Ан-2 бипланын башкарып жатканы тартылган кадрларды да көрсөткөн.

Люкс автоунаалар

Ким Далянга чопкутталган поезд менен келгени менен, ал шаарды өзүнүн унаасы, Mercedes-Benz S-Class седаны менен кыдырып жүргөн.

Түштүк Кореянын JoongAng Ilbo гезитинин маалыматына караганда, автоунааны ошол эле чопкутталган поезд менен алып келишкен.

Ким Чен Ын кымбат баалуу унааларды колдонот жана Mercedes-Benz S-Class үлгүсүн жактырат.

Сүрөттүн булагы, КОРЕЯДЫН САМИТЕТИНИН ПРЕСС-БОРБОРУ

Гезиттин маалыматына караганда, 2010-жылы чыгарылган унаа казынага болжол менен эки миллиард корей вонуна – 1,8 миллион долларга түшкөн.

Кимдин унаасы 2018-жылы Панмунжомдо өткөн эки Кореянын саммитинде да байкалган.

Ошол саммитке анын жеке ажатканасы бар унаасы да алынып келингени маалым болгон.

2015-жылы Сеулда жайгашкан DailyNK сайты да Ким колдонгон автоколоннадагы унаалардын биринде жеке ажаткана орнотулганын кабарлаган.

Табышмактуу яхта

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө лидеринин кайыкта, суу астында жүрүүчү кемеде, автобуста, атүгүл тоодо лыжа тээп жүргөнүн бир нече жолу көрсөтүшкөн.

Анын карамагындагы унаа каражаттарынын ассортименти абдан бай деп эсептелет, бирок алардын көпчүлүгү чет элдик сапарларда көрүнө элек.

2013-жылдын май айында мамлекеттик маалымат каражаттары анын армиянын балык уулоо станциясына барган сүрөттөрүн жарыялаганда, NK News’тун кабарчылары арткы бетте яхтаны байкашкан.

Яхта Ким Чен Ынга таандык экенине эч кандай далил жок. Бирок, КЭДРге каршы эбактан бери күчүндө турган кымбат баалуу товарларга салынган эл аралык санкцияларды эске алганда, анын өлкөгө кандайча жеткирилгени да түшүнүксүз.

Ошентсе да, яхтанын баасы болжол менен жети миллион доллар экенин эске алганда, анын ээси жөнөкөй, катардагы кореялык эмес экени көрүнүп турат. Ошол кезде көптөгөн чет элдик маалымат каражаттары кеменин ээси Ким деп аташкан.

2015-жылдын июнь айында Вашингтондогу "Эркин Азия" радиосу Түштүк Пхенан провинциясында Кимдин көл жээгиндеги вилласында жаңы вертолёт аянтчасы курулганын кабарлаган.

Аны тапкан Джонс Хопкинс атындагы алдыңкы эл аралык изилдөөлөр мектебинин АКШ-Корея институтунун изилдөөчүсү тик учакты Кимдин үй-бүлөсү же анын коноктору пайдаланышы мүмкүн деп божомолдогон.