"Мамлекеттин уулу болот". Бирөөлөр кордогон, бирөөлөр зарлаган ымыркайлар...

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

жаңы төрөлүп ташталган ымыркай

Сүрөттүн булагы, Милиция кызматкерлеринин видеосунан алынган скриншот

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бирине ташталган ымыркайды эки милиция №2 төрөтканага алып келген учур

Соңку саналуу эле күндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштандыга, короого таштап кеткен окуялар көпчүлүктү нес кылды. Коомчулуктун үрөйүн учурган бул окуялар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ымыркайын таштап кеткен энелердин бирөөсү тил кат менен үй камагына бошотулуп, бирөө убактылуу кармоочу жайда. Үчүнчүсүнө 21-ноябрда кылмыш иши козголгону маалым болду.

Үч ымыркайдын тең аталары учурда ачыктала элек. Коомчулукта алардын дагы жоопкерчилигин талап кылган пикирлер күн сайын арбып жатат. Бул окуяларга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик органдар менен биргеликте чукул жыйын дагы өткөрдү.

Арча-Бешикте табылган ымыркай өпкөсүнөн кагынып калган

19-ноябрь күнү, Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн жанынан жаңы төрөлүп ташталган ымыркайды, эки милиция кызматкери №2 төрөтканага алып келишкен. Наристе желим баштыкка оролуп, оозуна даарат кагазы салынган абалда табылганы ого бетер кейитти. Ошол түнү борбор калаада жамгыр жаап, таңга маал бир топ суук эле.

№2 төрөткананын медайымдары, ымыркай суукка көп туруп калгандыктан, азыр өпкөсү кагынып калганын билдиришти.

“Ымыркай, 19-ноябрь түнү саат 23:00дө милиция кызматкерлери аркылуу бизге жеткирилген. Балага гипотермия (дене табы төмөндөп кеткен), суукта туруп калгандыктан, өпкөнүн сезгенүүсүнө кабылган деген диагноз коюлду. Ыплас жерге ыргытылган үчүн сепсис (иммундук системанын инфекцияга ашыкча реакциясы) деген диагноз коюлду”,- дейт Клиникалык төрөт үйүнүн балдар эксперти Айгүл Самудинова.

Самудинова Айгүл

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Клиникалык төрөт үйүнүн балдар эксперти, Самудинова Айгүл

Учурда коюлган диагнозго жараша дарылоо жүрүп жатат. Энеси боюнда бар кезде ымыркайды кандай шартта көтөргөн же башка маалымат азырынча дарыгерлерге бериле элек. Энеси укук коргоо органдары тарабынан табылганы менен ымыркайдын жакынымын деп эч кимиси келе электиги айтылды. Уулдун салмагы 3400 кг, али аты да коюла элек.

“Аты коюлбайт. Биз баланы ымыркай бала деп эле эсептейбиз. Социалдык кызматкерлер келип, акт түзүп кетишти. Мамлекеттин уулу болуп эсептелет”

Жети күндөн кийин социалдык кызматкерлер ымыркайды башка жака которушат.

Жалал-Абадда таштандыда табылган ымыркай

18-ноябрь күнү, таңкы саат 07:30дар чамасында, Жалал-Абадагы Спутник кичи шаарчасындагы таштандыда жаңы төрөлгөн ымыркай табылган.

Жергиликтүү милиция ишти териштирип, ымыркайдын энеси таштандынын жаныдагы батирде жашаган, 18 жаштагы Т. Э. аттуу кыз экени аныкталган. Ымыркайды апасы өзү жашаган батирдеги душта төрөп койгону, коркконунунан кийимге ороп, таштандыга таштап койгону тууралуу маалымат берилген.

Ымыркай төрөт үйгө барган учурда абдан муздап калганы, абалы оор экени айтылган.

Кыз наристенин апасы, тайне, таятасы ооруканадан көрүп кетишкен. Алар баладан баш тартпай тургандарын дагы билдиришкен.

“Садыр” деген ысым кайра алынды

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

8-ноябрда таштандыдан табылып, Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жеткирилген ымыркай, 20-ноябрда борбордогу Жал кичи районундагы “Бала жана энени коргоо” улуттук борборуна өткөрүлүп берилген.

Келгенден бери 200 грамм салмак кошуп, абалы мурдагыдан жакшырганын төрөт үйдүн башкы дарыгери билдирди.

“Бала бизде турганда жакындарынан эч ким келген жок. Ысымы “Садыр” боюнча калган жок. Башка кандай ат коюлду, билбейт экенмин”,- деди дарыгер.

Бул окуяны Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз көзөмөлүнө алып, алгач абакка андан соң оруканага барып, наристенин апасы менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

21 жаштагы А.С. эч кимдин көмөгүсүз өзү үйдө төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүрүп, коркконунан ушундай кадамга барганын айтып берген.

“Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”, - деп билдирген.

Таштандыдан ымыркай табылгандан кийин, Октябрь РИИБ тарабынан 37-берене (жаңы төрөлгөң ымыркайды өлтүрүү аракети) менен иш козголуп, 14-ноябрь күнү тил кат менен бошотулган.

Жарандык кодексти карап чыгуу

Коомчулуктан талап кылган аталардын жоопкерчилиги мыйзамда каралган эмес. Ошол себептен, үй-бүлөлүк, жарандык-процессуалдык кодексти анализ кылып карап чыгыш керек дейт депутат Дастан Бекешев.

“Юридикалык жоопкерчиликти караш керек да. Атасы экени так аныкташ үчүн ДНК өткөрүш керек. Бала зыянга учураса, ал дагы чыгымдарын төлөшү керек. Үй-бүлөлүк, жаза, жарандык кодекстерди карап чыгыш керек. Мындай учурда башка өлкөлөр кандай кылат, мындай учур катталса, алар кандай кылат ошону карап чыгалы”,- деди парламенттин депутаты.

Дастан Бекешев

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

Чуулу эски сунуш кайрадан көтөрүлдү...

Депутат жыныстык сабаттулук боюнча сабактарды мектеп программасына киргизүү сунушун дагы кошуп өттү.

Кыргызстанда аталык жоопкерчиликтен баш тарткан учурда катуу жаза берген учур каттала элек. Социалдык тармактарда жалгыз энени күнөөлөгөнгө каршы пикирин билдиришип, аталарды табуу, коомчулукка ачыктап, моралдык жоопкерчилике тартуу талабы коюлуп жатат.

Таштанды балдар көбөйүп жаткандыктан, жер-жерлердеги төрөтканаларга baby box же купуя кутуча ачуу сунушу көтөрүлө баштады. Бул төрөтканалардын жанында ымыркайлардын аман калышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева парламентте көтөргөн. Бирок, үй-бүлө институтуна туура келбейт, баасы кымбат деген жүйө менен колдоого алынган эмес.

Бейби бокска ташталган бала жана анын ата-энеси туугандары тууралуу маалымат купуя боюнча сакталып калат.

“Ата-энелер ымыркайды таштап кеткиче бейби бокска таштап кетсе туура болот эле деп ойлойм. Бул – баланын өмүрүн сактап калуу максатында. Төрөтканада деле төөп, күбөлүгүн алып анан мамлекеттин карамагына деле калтырып кетсе болот”,- дейт Бишкек шаарынын социалдык кызматкери Гульбара Гулеева.

Ушуну менен жыл башынан бери жаңы төрөлүп, ташталып кеткен 17-ымыркай.