Н. Нышанов: Классикалык музыка угуп чоңойгон баланын утушу көп болот

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Нурланбек Нышанов

Сүрөттүн булагы, Нурланбек Нышанов

Жакында Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы белгиленгени турат. Иш-чара элдик, классикалык, аспаптык музыканы, андан тышкары терме, айтыш, санат сыяктуу кыргыздын салттуу маданиятын, көркөм өнөрүн коомго кеңири жайылтууну жана даңазалоону көздөйт.

Жумалыкты утурлай Би-Би-Си Кыргызстандын Эл артисти Нурланбек Нышанов менен маектешти жана алгач салттуу музыка деген түшүнүктүн өзүн чечмелеп берүүнү суранды.

Н. Нышанов: Салттуу музыка деген түшүнүк бизге кийин келди. Мурда андай түшүнүк жок эле. Элдик музыка жана фольклор деп гана бөлчүбүз. Маселен, совет доорунда классикалык музыкадан кийинки орунда элдик музыка турчу. Ал эми музыкалык сабаты жок эле адамдын аспапта ойноп, же чыгарма аткаруусун - фольклор деп келгенбиз. Анын адистик музыкага тиешеси болгон эмес.

Совет доорунда элдик музыканын аспаптары деп үч гана аспапты атап коюшкан. Кыл кыяк, комуз жана темир комуз. Калган аспаптар тизмеден чийилип калган. Алар жогорку окуу жайларда, музыкалык мектептерде адистик аспап катары окутулган дагы эмес. Анткени бир учурда бүткүл союздагы элди бириктирип, майда мамлекеттердин тилин жоюп, маданиятын акырындап жок кылып, советтик улутту жаратуу максатын көздөп, ушундай иштерге барышкан.

Эми салттуу музыка деген түшүнүк кайдан чыккан? Мен жогоруда айтып кеткендей фольклор менен элдик, классикалык музыканы айырмалаш үчүн бул термин кирген. Учурда бул түшүнүк дүйнө жүзүнө кеңири жайылды. Кыргызстан дагы 90-жылдардан кийин салттуу музыка деген түшүнүктү кабыл алды. Маселен, биздин күүлөр, айрыкча залкар кара күүлөр – бул кыргыз элинин салттуу классикалык музыкасы болуп саналат. Айрым күүлөрдүн салмагы, анын философиясы бүтүндөй бир симфонияга барабар. Мына ушуну салттуу музыка деп атайбыз. Башкача айтканда бул ата-бабадан келе жаткан элдик классикалык музыка.

Нурланбек Нышанов

Сүрөттүн булагы, Нурланбек Нышанов

Би-Би-Си: Салттуу музыкаэстрада сыяктуу өтө кеңири таралган жанрларга канчалык атаандаштык түзүп жатат?

Н. Нышанов: Жогоруда сиз эстрада өтө кеңири таралган жанрлардын бири деп айтып кеткендей эле – бул массалык маданияттын бири. Массалык маданият менен бийик көркөм өнөрдү салыштырып болбойт. Аты айтып тургандай эле массалык маданият кеңири жайылган маданият. Аны баары кабыл ала алат. Ага ой жүгүртүп, анализдөөнүн да кереги жок. Ал өзү эле кулагыңа кирип, жан дүйнөңө сиңе берет.

Бийик көркөм өнөр болсо Европанын классикалык музыкасы болобу, кыргыздын залкар кара күүлөрү болобу адамдан анализди, угуу маданиятын талап кылат. Экөөнүн жолу эки башка жана ар бир жанрдын өзүнүн орду бар. Экөөнү салыштырып караган болбойт. Ошондой болсо дагы учурда эстрадага биздин салттуу музыкалык аспаптар кеңири аралаша баштады. Ошол эле комуз, чоор, чопо чоор, сыбызгы, темир комуз, жыгач ооз комуз жана башка аспаптарды эстрада музыканттары кеңири колдонуп жатат.

Ортодо Нурланбек Нышанов. Эки тарабында олтургандар Руслан Жумабаев, Бакыт Шатенов

Сүрөттүн булагы, Нурланбек Нышанов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ортодо Нурланбек Нышанов. Эки тарабында олтургандар Руслан Жумабаев, Бакыт Шатенов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Учурда коомдун салттуу музыканы кабыл алуу деңгээли канчалык?

Н. Нышанов: Жакшы деп айта албайм. Ал үчүн жеке эле биздин салттуу музыканы эмес, дүйнөлүк классикалык музыканы мектептен тартып окутуш керек. Анын философиясын, формаларын изилдемейинче, ошол аспапта ойноп көрмөйүнчө түшүнүп кабыл алуу кыйын. Мындай маселе Кырыгызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө бар. Маселен, Европа өлкөлөрүндө, АКШда классикалык музыканы, симфонияны, операны саналуу гана кишилер укпаса, жалпы массанын баардыгы эле классикалык музыканы түшүнө бербейт.

Би-Би-Си: Салттуу музыканы элге кеңири жеткирүүнүн кандай жолун көрүп турасыз?

Н. Нышанов: Бир гана жолу бар – бул окуучуларды бала кезден классикалык музыкага тарбиялоо керек. Ар бир бала жок дегенде бир аспапта ойной билиши керек. Жапонияны мисалга тартсак, аталган өлкөдө көп жылдан бери жалпы музыка сабагы 1-класстан тартып 12-класска чейин окутулат. Ар бир бала жок дегенде бир музыкалык аспапта ойноп, баардыгы нота таанып чыгат.

Музыкалык билими бар балдардын кулк мүнөзү дагы жакшы калыптанып, акыл-эсинин өсүүсүнө жакшы таасир тийгизе турганы илимий жактан дагы далилденген. Дагы бир ыкма – кыргыздын салттуу музыкасын теле-радио жана интернет түйүндөрү аркылуу үзгүлтүксүз коюп туруу керек.

Нурланбек Нышанов

Сүрөттүн булагы, Нурланбек Нышанов

Тагыраагы, контенттин 30 пайызын салттуу музыка түзсүн деген милдеттеме болуусу шарт. Өзүм күбө болгон дагы бир мисалды айта кетейин. Ошол эле Испания, Португалия деген мамлекеттерде салттуу классикалык музыкасы абдан өнүккөн. Айрыкча гитаранын коштоосундагы музыкалар. Мына ошол музыкалар аталган өлкөлөрдө ТВ, радиодон үзгүлтүксүз берилет экен. Бизге дагы ушундай нерсе керек.

Андан тышкары жандуу концерттер үзгүлтүксүз коюлуп турушу зарыл. Бизде концерттер көп эле коюлат. Бирок режиссёр шаңдуу музыкага көбүрөөк басым жасап туруп алат. Анан шаңдуу деп “Кара өзгөй”, “Машботой” сыяктуу күүлөр ойнолот. Андан башка классикалык залкар күүлөр дээрлик ойнолбой калат. Муну дагы эске алуу зарыл.