С. Токтакунова: музыка жашоонун керемети

Атай, Карамолдо, Ыбырайлардын күүлөрүн жогорку чеберчилик менен чертип, кыргыз элинин маданиятын дүйнөгө таанытып келген, заманыбыздын залкар комузчусу Самара Токтакунова быйыл 70 жашта.

Ал СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты".

Би-Би-Си Бишкектеги студиясына мейманга келген Самара Токтакунованы кепке тартып, алгач күү дүйнөсү аны кандайча өзүнө тартып алганын сурады.