Беларус баш мыйзамын өзгөртүү: Лукашенко журт атасы жана Кремлге жол бошотуу
Артем Воронин, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Reuters
Беларус улуттук укуктук интернет порталында өлкө баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор чыгарылды. Ал документти Александр Лукашенко, өзүнүн айтымында, өзү жазган. Анда бийлик бутагындагы айрым өзгөртүүлөр жана мамлекеттик тил катары орус тилинин орду жазылган. Оппозициячылар болсо мындай өзгөрүүлөр өлкөдөгү жашоону өзгөртпөсүн жана Лукашенконун тушундагы референдум өзөктө атайын операция болот деп жатышат.
Өзгөртүүлөрдүн долбоору дүйшөмбү күнү кечинде өкмөттүн профилдик порталында жарык көрдү. “Баш мыйзамды өзүм жаздым. Юристтер калем менен жазышты, мен айтып турдум. Өлкөнү кармап туруу үчүн мага кандай ыйгарым укуктар керек экенин мен, президент, көрүп тургам”, — деп жар салган Лукашенко башкы мыйзам жөнүндө декабрдын башында.
Жаңы конституция жөнүндө Лукашенко беларус элине кайрылып жатып оозанган эле. Анда Беларуста президенттик шайлоо өтөрүнө бир нече күн калган. Шайлоодон кийин Минсктин көчөлөрүндө массалык каршылык акциялары өткөн болчу. Оппозицияга каршы катаал чаралар колдонулуп, Батыштагы бир нече өлкөлөр Лукашенкону президент катары тааныбай турганын жарыялоого чейин жеткен.
“Эгерде коомго өзгөрүү керек болсо, анда ал ишке ашат. Бардык реформалар башкы мыйзамдан башталышы керек. Көчөдөн эмес, дал ошол башкы мыйзамдан”, — деп билдирген эле ошондо беларус президенти.
Эми Беларус жарыяланган өзгөрүүлөр боюнча референдум өткөрүү алдында турат. Лукашенко аны кийинки жылдын 20-февралдарында өткөрүүгө убада берген. Дээрлик ар бир беларус өкмөттүн сайтына кирип, өзүнүн сунушун бере алат же өкмөт сунуштаган өзгөртүүгө көз карашын билдире алат.
“Беларуста ал өзгөртүүлөргө карата эч кандай талап жок, — дейт Би-Би-Сиге курган маегинде беларустук оппозициялык саясатчы Анатолий Лебедько. — Беларус жарандарынын басымдуу бөлүгү 27 жылдан бери конституция менен бет келген эмес. Башында конституция премьер-министр Кебичтин алдында эмес беле. Кийин Лукашенко аны күмөндүү референдумдар аркылуу өткөрүп, өзүнө ылайык баштан аяк жазып чыкты. Акыркы бир жарым жылда бул конституция эч иштеген жок”.
Бүткүл беларус элинин чогулушу
Баш мыйзамдын жаңы вариантында президенттин ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү жазылган. Мурда болбогон “бир эле киши эки мөөнөткө чейин президент боло алары” жөнүндө да сөз болот.
Бул чектөө кайра шайланган президент кызматка киришкенден тарта күчүнө кирет. Ошентип эгерде Лукашенко кезектеги шайлоодо жеңишке жете турган болсо, анда дагы эки мөөнөткө чейин президент боло алат.
Бирок айрым аналитиктердин оюнча, жаңы баш мыйзамга ылайык, президентке караганда бүткүл беларус элинин чогулушунун төрагасы бийигирээк турат.
Лукашенко жаңы бийлик органын, Бүткүл беларус элинин чогулушунун (БЭЧ), киргизүүнү сунуштап жатат. Киргизиле турган өзгөртүүлөрдө бул орган Беларус Республикасынын эң жогорку бийлик бутагы деп аталат. БЭЧтин болжолдуу саны 1200 кишини түзөт. Бир курамдын иштөө мөөнөтү беш жыл. Төрага менен президиум чогулушка жетекчилик кылат.
Президенттин сунушуна ылайык, БЭЧ чет жерде армияны колдонууга уруксат берет, анын алдында премьер-министр жыл сайын эсеп-кысап берет, анын президентке импичмент жарыялоо, шайлоонун мыйзамдуу өтүп-өтпөгөнүнө баа берүү укугу жана башка көптөгөн ыйгарым укуктары бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Лукашенконун баш мыйзамынын ушул жери Владимир Путиндин мөөнөтүн “нөлдөн баштоосун” жана Орусиянын конституциясына былтыр киргизилген өзгөртүүлөрдү эске салышы ыктымал. Анда Мамлекеттик кеңешке кошумча ыйгарым укуктар берилген эле. Ошол кезде бир катар эксперттер мындай аракеттен “бийликти өткөрүп берүүнүн казакча вариантын” көрүшүп, Путин өзүнө Мамлекеттик кеңештен орун даярдап жатат деп болжолдошкон.
Ошондой эле версия Лукашенко менен Бүткүн беларус элдик чогулушуна карата айтылууда. Бирок жаңы өзгөртүүлөрдө бийликти бөлүштүрүү боюнча эч нерсе жок.
“Лукашенко ушундай бюрократиялык түзүлүш аркылуу кандайдыр бир өзгөрүү жүрүп жатат дегендей түр көрсөтүшү мүмкүн… Беларус супер президенттик республика бойдон калат”, — дейт беларустук оппозициячыл саясатчы Анатолий Лебедько.
Лебедько мисал катары БЭЧтин Конституциялык жана Жогорку соттордун курамын аныктай ала турган ыйгарым укуктарын келтирет.
“Мунун баары президенттин сунушу менен болуп жатат”.
Беларус ЖМКлары сурамжылаган көптөгөн саясат таануучулар Лукашенко жетекчилик кылган БЭЧ өлкөдөгү саясий жашоону көзөмөлдөөнү жөнгө салган аянтча болот деп эсептешет.
“БЭЧ мыйзам чыгарбайт, өкмөттөгү дайындоолорго формалдуу түрдө таасир этпейт, парламент менен президенттин ордун толугу менен баспайт. Көрүнүп тургандай, жаңы конституция үчүн кандайдыр бир көзөмөлдөө механизмин ойлоп табуу керек болгон. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетип жатса, анда алар саясий талаага чыгып, иштеп жаткан бийликтин пайдасына маселени чечип беришет”, — дейт саясат таануучу Андрей Казакевич "Зеркало" басылмасына.
Путин үчүн реформа
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эгерде өзгөртүүлөр кирип калса, Беларуста орус тили эки мамлекеттик тилдин бири болуп кала берет. Андан тышкары азыркы баш мыйзамда Беларус нейтралдуу өлкө статусуна жетүүгө аракет кылары жөнүндө берене камтылган. Жаңы редакцияда бул берене жок экенине көңүл бурат Анатолий Лебедько. Ал мындай аракеттен Москвага жол бошотууну көрүүдө.
“Лукашенко муну негизинен Владимир Путин үчүн жасап жатат. Беларуста жүз миңдеген адамдар көчөгө чыккан кезде Путин Беларуска конституциялык реформа жүргүзүүнү сунуштаган эле. Ал үчүн мунун баары Орусия Федерациясына өтүп кетпөөсү маанилүү болчу. Ошондуктан Лукашенконун адамдарга кандайдыр бир сабиз берип, үйлөрүнө кайтаруусу Путинге керек болчу. Конституциялык реформанын башаты мына ушундай”, — деп белгилейт Лебедько.
Саясатчынын оюнча, Москва Лукашенкодон кутулууга кызыкдар. Анын ордуна “Кремлди колдогон, бирок уулуу эмес өлкө башчысы” келишин каалайт. Ошондой эле, балким, Орусиячыл 1-2 партияны түзүү аркылуу Беларусту көзөмөлдөөнү көздөйт.
“Кремль Лукашенкондон кутулуп, аны Янукович кээде барып жүргөн Ростовдогу пивоканага болбосо да азыр Нурсултан Абишевич жүргөн жактарга жөнөткүсү келет эле”, — дейт Лебедько.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Атайын операция катары референдум
Лебедьконун оюнча, Кремль Лукашенконун беларус элинин алдында мыйзамдуураак саясатчы бойдон калуусун каалайт. Бирок алдыдагы референдум анын легитимдүүлүгүн бекемдеши күмөн. Тилектеш ЖМКлар жаңы документти дүйнөдөгү эң мыкты конституция катары пропагандалап бергенине карабастан референдумду КГБ жүргүзөт, ошондуктан өзөктө ал атайын операция болуп калат деп ишенет Лебедько.
Жалпысынан алганда оппозиционер азыр жаңы конституцияны кабыл алууга кажет жок деп эсептейт. Себеби президент Лукашенконун тушундагы иштеп жаткан баш мыйзам укуктук колдонуудан де-факто чыгып кеткен.
“Азыркы баш мыйзамда жарандарга акысыз билим берүү жана медициналык кызмат кепилденгени жазылган. Экөөнө тең акча төлөнөт. Ар бир жаранга маалымат эркиндиги берилген, а бизде бардык альтернативдик каналдар экстремисттик деп таанылган. Эркин чогулуш, митинг, жүрүш өткөрүү укугу кепилденгени менен бизде байпагыңдын түсү үчүн камап, үчтөн көп киши чогулганы жөнүндө айтпай эле коёлу”, — деп жыйынтыктайт ал. (EA)












