Каршылык акциясынан түз эфир: Беларуста түрмөгө кесилген журналист кыздар

Сүрөттүн булагы, TUT.BY
Минскинин соту польшалык "Белсат" телеканалынын журналисттери Катерина Андреева менен Дарья Чульцованы эки жылга түрмөгө кести.
Алар өткөн жылдын 15-ноябрындагы оппозициянын каршылык акциясын чагылдырып, түз эфир алып барышкан. Сотто журналисттер өз жумушун аткарганын айтышты. Бирок сот аларды "массалык башаламандыкка чакырык салган" деген берене боюнча күнөөлүү деп тапты.
Катеринанын жолдошу Игорь Ильяш Би-Би-Сиге ырастагандай, өлкөдө мындай айыптоо менен кармалгандарга өзгөчө мамиле жасалып, сот иштери тездик менен жүрүүдө. Сот "Белсаттын" журналисттеринин ишин он күндүн ичинде үч отурумда карады. Сот өкүмүн жазууга бир күн убакыт кетти.
Андреева менен Чулцова өткөн жылдын 15-ноябрындагы Роман Бондаренкону эскерүү акциясын чагылдырган үчүн айыпталган. 31 жаштагы Роман Бондаренко акциялар учурунда беткап тагынган белгисиз кишилердин ур-тепкисинен каза тапкан.
Кыздар түз эфир берип жаткан батирге ОМОН кирип келип, аларды кармап кеткен. Башында аларга административдик жаза берилип, жети күн камакка алынганы айтылды. Кийин кылмыш иши козголуп, "башаламандык уюштуруу" беренеси боюнча айыпташкан.
Сотто "журналисттер репортаж аркылуу көрөрмандарды акцияга катышууга чакырык таштаганы" айтылды. Алардын кесепетинен "шаардагы коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаралып, 19 маршрут токтоп калган жана 11 миң беларус рублуна чыгым болгон".
Сурак учурунда Чульцова көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Тергөө учурунда дагы ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Андреева кесиптик ишмердиги үчүн куугунтукталып жаткандыгын айтты. Бирөөнү акцияга катышууга чакырууга мүмкүн эмес эле, анткени ошол күнү бийлик Минск шаарында интернетти бууп, түз берүүнү көп киши деле көрө алган эмес деген ал.
Мамлекеттик айыптоочулар башаламандыкка чакыруу деп эсептеген түз эфирдеги 12 фрагментин бөлүп көрсөттү. Маселен, алардын биринде Андрееванын: "Биз сизди дагы өзүңүздү этият алып жүрүүгө чакырабыз",-деп айтканы бар.
18-февралда эрте менен судья Наталья Бугук өкүмдү угузуп, Андреева менен Чульцова толугу менен күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылды. Абак жазасы алар кармалган күндөн баштап эсептелет. Журналисттер соттун өкүмү түшүнүктүүбү деген суроого: "Эмне күнөөбүз үчүн?" жана "Эмнеге 25 жыл эмес?" деп жооп беришти.
Польшанын президенти Анджей Дуда журналисттерди тез арада бошотууга чакырып, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдү дагы беларус бийлигинен талап кылууга үндөдү.














