Беларус: сот залында өзүнө кол салган саясий туткун

Сүрөттүн булагы, TUT.BY
Беларустагы саясий туткун Степан Латыпов сот залында өз өмүрүн кыюуга аракет жасап, жарадар болгон активистти "Тез жардам" унаасы алып кетти.
Активист калемге окшогон каражатты курал катары колдонуп, мойнун кесип, андан соң жерге кулаган сүрөттөрү чыгууда. Операциядан кийинки анын абалы канаттандырарлык экени кабарланды.
Латыпов оппозициялык маанайдагы коомдук сайттарды негиздегени үчүн жана былтыркы массалык толкундоолор маалында полицияга каршылык көрсөттү деп айыпталып жатат. Бирок ал өзү андай айыптоолорду четке кагып келет.
Беларус президенти Александр Лукашенко былтыр августта өткөн президенттик шайлоодогу талаштуу жеңишинен кийин оппозицияга карата катаал мамилеге өттү.
Tut.by порталы бул окуя Латыповдун атасы күбө катары сотто көрсөтмө берип жаткан маалда орун алды деп жазды.
"Ата! Сиз менен жолуккандан кийин мага Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыктан келишти. Эгер күнөөнү мойнума албасам, "пресс-хатага" киресиң, жакын туугандарыңа жана кошуналарыңа кылмыш иши козголот дешти. "Пресс-хата" менде 51 күн болду. Сен да даярдан",- деген Латыпов атасына кайрылып.
"Пресс-хата" деп абакка түшкөн адамдарды жан чыдагыс шарттар менен кыйноону түшүнүшөт.
"Азаттык" үналгысынын Беларус кызматы Латыпов сот отурумуна көзү көгөрүп, оң колунун билеги бинттелип жана сол кулагы жабыркап келгенин белгиледи. Бирок аны менен өткөн жума күнү жолуккан адвокаты ошол маалда Латыповдо андай жарааттар болгон эместигин ушул эле үналгыга айтып берген.
"Весна" аттуу укук коргоо уюму Латыповдун атасы анын уулун 11-апрелден бери "психикалык мандеми" бар адамдар кармалчу тергөө абагында кармап жатышканын айтканын билдирди.
"Наша нива" басылмасы кырсык орун алган маалда күзөтчүдө ачкыч болбогондуктан Латыпов отурган темир торду дароо ача алышпай буйдалып калганын жазып чыкты. Эшик ачылган маалда Латыпов эс-учун жоготуп койгону кабарланууда.
Активистти сот отурумунан асма керебетке көтөрүп алып, милициянын коштоосунда алып чыгып кетишти.
Беларус полициясы Латыпов ооруканада экенин гана айтып,чектелүүдө.
"Сот залында милиция кызматкерлери өзүнө кол салгани 41-жаштагы эркек кишиге биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Ал азыр ооруканада" - деген орусиялык Sputnik маалымат агенттигине Минск шаарыдык милициясынын өкүлү Наталья Ганусевич.

Сүрөттүн булагы, NATALIA FEDOSENKO/TASS
Степан Латыпов былтыр 15-апрелде өзү жашаган үйдүн короосунан кармалган. Ал кошуналары менен "өзгөрүүлөрдүн диджейлери" аттуу граффити сүрөттү коргогону чыккан. Трансформатордук будкада тартылган ал сүрөттө шайлоо алдында бийлик тарабынан уюштурулган иш-чарада эки жаш жигит белгилүу ырчы Цойдун "Биз өзгөрүүлөрдү күтөбүз" деген ырын коюп жатканы тартылган. Сүрөттө чагылдырылган диджейлер административдк жазага тартылып, андан соң Беларустан чыгып кетишкен.
Латыпов кармалган короону Минскте азыр "Өзгөрүүлөр аянты" дешет. 2020-жылы 20-ноябрда ал аянтта активист Роман Бондаренко ур-токмокко алынып, алган жараттарынан жакшы боло албай каза тапкан.














