Иерусалимде жүз миңдеген динчил жөөттөр армияга барууга каршы чыгып, жолдорду бууду. Бир киши каза болду

    • Author, Анастасия Успенская
    • Role, Би-Би-Си

Иерусалимде жүз миңдеген ортодокс жөөттөр армияда кызмат өтөөгө каршы чыгып, бейшембиде нааразылык сыйынуу уюштуршту. Алар шаарга кире турган негизги жолдорду тосуп алышты. Бир адам каза болду.

Маалыматтарга караганда, 15 жаштагы өспүрүм башка демонстранттар менен бирге курулуп бүтө элек имараттын үстүнө чыгып, бийиктиктен кулап түшүп көз жумду.

Күн соңунда уюштуруучулар нааразылык акциясынын аяктаганын жарыялап, элди тынч тарап кетүүгө чакырышты. Бирок жүздөгөн динди катуу тутунган жаштар полиция менен кагылышып кетти.

Бул массалык нааразылык Кнессеттеги ультраортодоксал партиялар тарабынан колдоого алынганы айтылууда.

Израилде 18 жашка чыккан улан-кыздар үчүн аскердик кызмат милдеттүү. Бирок ортодоксал еврейлер буга чейин дайыма аскердик милдеттен бошотулуп келген. Бул маселе өлкөдөгү светтик жана диний көз караштагы саясатчылардын ортосунда көп жылдан бери кызуу талаш жаратып келет.

Өткөн жылы июнь айында Израилдин Жогорку соту ультраортодоксал диний окуу жайлардын (ешива) студенттери да аскер кызматына башкалар сыяктуу эле чакырылышы керек деген чечим чыгарып, өкмөттү тиешелүү мыйзам долбоорун даярдоого милдеттендирген.

Бирок ал мыйзам азыркыга чейин Кнессеттин кароосуна да кире элек. Жакында болсо парламентке аскердик кызматтан качкандарды жазалоого багытталган мыйзам долбоору сунушталган.

Бул документти оппозиция гана эмес, бийликтеги "Ликуд" партиясынын айрым мүчөлөрү да колдогон.

Иерусалимдеги массалык нааразычылык акцияларынын чыгышына дал ушул армиядан качкандарды жазалоо жөнүндөгү мыйзам долбоору себеп болгондой,- деген пикирлер айтылууда.

"Сталин бул жерде"

Ортодокстуу жөөттөр станциядан чыккан адамдарга суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыта баштагандан кийин коопсуздук кызматкерлери борбордук автовокзалдын эшиктерин жаап салышкан.

Күбөлөр Би-Би-Синин орус кызматына демонстранттар өздөрү туура эмес кийинген деп эсептеген кыз-келиндерди орой сөздөр менен басынтышкан.

Израил журналисттер союзунун маалыматына караганда, окуя болгон жерде иштеген кабарчылар күнү бою бир нече ирет демонстранттардын агрессиясына туш болушкан.

Болуп жаткан окуяга барымтага алынгандардын жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн форумунун өкүлдөрү да нааразычылык билдиришти.

Алардын айтымында, диний көз караштагы топтор соңку убакта израилдик барымтадагыларды бошотуу кампаниясынын символдорун колдонуп, армиядан качкандарга мунапыс берүүнү талап кылууда.

Бейшембиде Израил басылмалары жаш ортодокстуу жөөттөр "Барымтадагыларды кайтаруу - үмүттү кайтаруу" деген жазуу менен баннер көтөрүп чыгышканын кабарлады. Бул баннер кимдир бирөөнүн үйүнөн алынганы айтылууда. Барымтадагылардын үй-бүлөлөрү муну ыйык нерсени шылдыңдоо катары баалашууда.

Айрым демонстранттар колуна "Орусия бул жерде", (көк-сары түстөгү фондо) "Сталин келип калды" деген жазуулары менен плакаттарды көтөрүп алган. Алар бул ураандар аркылуу бийликти "тоталитардык режимдер сыяктуу мажбурлап мобилизация жүргүзүп жатат" деп айыптады.

"Өзгөчө мамиленин доору бүттү"

Израил оппозициясынын лидери Яир Лапид Иерусалимдеги массалык нааразылыкка байланыштуу видео кайрылуу жасап, акцияны катуу сынга алды.

"Кызмат кылгандан көрө өлгөн жакшы" деген ураан менен демонстрацияга келген уятсыз жаштардын баарына айткым келет: эгер митингге келе алсаңар, анда аскерге чакыруу борборуна да келе аласыңар. Эгер көчөлөрдө жүрүш жасай алсаңар, анда Израил мамлекетин коргоп, машыгуудан да өтө аласыңар", - деди Лапид.

Ал өз сөзүндө "өзгөчө мамиленин доору бүттү" деп белгиледи.

"Мындан ары мурдагыдай болбойт. Баары кызмат кылат, баары иштейт, баары аскерге чакыруу борборуна келет, баары өлкөнү коргойт", - деп кошумчалады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху үчүн бул абал абдан оор учур болуп калды. Ал динге көп берилбеген адам, аскердик офицер. Нетаньяху Израилдин коопсуздугун камсыз кылууда армия негизги роль ойнойт деп эсептеген саясатчы катары белгилүү.

Бирок анын бийликтеги коалициясын ортодокстуу жөөттөрдү армияга милдеттүү түрдө чакырууга каршы болгон динчил партиялар менен өнөктөштүк бириктирип турат.

Азырынча Иерусалимдеги массалык нааразылык өкмөт ичинде кандай өзгөрүүлөргө түрткү болору белгисиз. Бирок соңку эки жыл көрсөткөндөй, Нетаньяхунун динчил өнөктөштөрү талаштуу маселе козголгон сайын коалициядан чыгуу менен коркутуп келишет.

"Хасмонеилер бригадасы"

Израил армиясынын жетекчилиги ортодокстуу жөөттөрдү армияга кошуу боюнча "кеңири даярдык көрүлгөнүн" билдирди.

Жакында ЦАХАЛдын тарыхында биринчи жолу толугу менен динчил адамдардан турган "Хасмонеилер бригадасы" аскер бөлүгү түзүлгөн.

Ушул жылдын башында анын курамында болжол менен 150 жоокер болгон.

Бул бөлүктөгү жоокерлерге ишемби күндөрү нөөмөттө болбогон учурда аскердик кийимдеринин ордуна салттуу "шаббат кийимдерин" кийүүгө уруксат берилген.

Аларга күн сайын сыйынууга жетиштүү убакыт каралган. Андан тышкары бир сааттан Тораны милдеттүү түрдө окушат.

"Хасмонеилер бригадасынын" аскерлери "кошердик телефондорду" гана колдонушат. Бул моделдерде социалдык тармактар жана көпчүлүк тиркемелер жок, негизги функциялар менен гана чектелет.

Ультраортодокстар болсо армияда кызмат өтөө алардын диний жашоо образына туура келбейт жана жаштарды динден алыстатып, секуляризацияга алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

ЦАХАЛ болсо "Хасмонеилер бригадасынын" күн тартиби ортодокстуу аскерлердин диний талаптарына мүмкүн болушунча ылайыкташтырылганын билдирет.