Кыргызстанда АЭС куруу канчалык максаттуу?

Кыргызстан соңку кезде энергетика тармагында ири көйгөйлөргө туш болуп жатат. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,6 млрд куб метрге аз экени белгилүү болду. Энергетика министрлиги үч жылдан бери кургакчылык болуп, суу толбой жатканын билдирди. Дал ушундай шартта өкмөт альтернативдүү булактарды караштырууда.

Алардын арасында атомдук электр станциясын куруу ыктымалдыгы да бар. Бул боюнча эл арасында кеңири талкуу баштала элек. Адистер болсо Кыргызстан АЭС курууга даяр эместигин, сейсмикалык шарты туура келбей турганын, коопсуздукка коркунуч жараларын эскертишүүдө.

Кыргызстанда АЭС курууга орусиялык компания көмөктөшмөкчү

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда АЭС курууга орусиялык компания көмөктөшмөкчү

Кыргызстанда атомдук электр станция (АЭС) курулушу мүмкүн экени үч жылдан ашык убакыттан бери айтылып жатат.

2022-жылы Кыргызстан менен Орусия чакан кубаттуулуктагы АЭС куруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Долбоорду Орусиянын "Росатом" компаниясы ишке ашырууну мерчемдеп жатат.

Кыргызстандын энергетика министрлиги АЭС боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери башталганын билдирген.

Бирок кыргыз бийлиги өзү бул темага этият мамиле жасап жаткандай. Азырынча АЭС кайсы жерде курулат, канча убакытта бүтөт, инвестициянын көлөмү канча жана шарты кандай болот деген суроолорго так, расмий жооп жок.

Быйыл 9-сентябрда энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бул темага учкай гана токтолгон:

"Атомдук электр станциясы куруу – чоң маселе. Кошуна мамлекеттер курганы жатат. Биз да бул маселени карап, жакын арада сунушубузду беребиз".

"Росатом" сууда иштеген реакторлордун кургактагы үлгүсүн Кыргызстанда сынагысы келеби?

2024-жылы "Росатом" Кыргыстанда курула турган АЭСтин болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаганы айтылган. Бирок коомчулук бул документ менен тааныша элек.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, "Росатом" Кыргызстанда чакан кубаттуулуктагы өзөктүк электр станциясын курууну пландап жатат.

Ал РИТМ-200Н үлгүсүндөгү реактор менен иштейт. Мындай реакторлор Арктикадагы Орусиянын муз жарган атомдук кемелеринде орнотулган.

Ар бир энергоблоктун кубаттуулугу 55 МВт болуп, станцияга алтыга чейин блок орнотуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылууда. Демек, жалпы кубаттуулук 330 МВтка жетиши мүмкүн. Салыштыра кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) орточо кубаттуулугу 450 МВт.

"Кыргызстан сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан, АЭС курганга ылайыксыз"

Коомчулукту азырынча АЭСтин кубаттуулугу эмес, коопсуздугу жана экологияга тийгизген таасири көбүрөөк кабатыр кылып жатат. Майлуу-Суу, Миң-Куш сыяктуу уран калдыктары көмүлгөн аймактарда абал азыркыга чейин кейиштүү экени белгилүү.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Кыргызстан келечекте – жер жүзүндө көмүр, мунай, газ ресурстары түнөнгөндө атомдук энергетикага ансыз да өтөт, бирок азырынча АЭС курууга ашыкпай, алгач адистерди даярдоо керек деген пикирде:

Эрнест Карыбеков, эксперт

Сүрөттүн булагы, Вечерний Бишкек

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрнест Карыбеков, эксперт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Көптөгөн өлкөлөрдө атомдук электр станциялар экинчи, үчүнчү муундагы реакторлор менен иштейт. Тармак толугу менен коопсуз деңгээлге чыга элек. Азырынча дүйнөдө төртүнчү муундагы реакторлор толук кандуу экспулатация боло элек. Бул багытта бир катар өлкөлөр сыноолорду жүргүзүп жатышат. Алардын максаты – өзөктүк отундун калдыктарын кайра иштетип, реактивдүү калдыктарды нөлгө түшүрүү. Бул тармак экологияга зыянын тийгизбей, эл үчүн толук коопсуз болгон маалда курсак жакшы болмок".

Бир жагынан өлкө сейсмикалык кооптуу зонага кирерин эске алганда, АЭС курууга болобу деген дагы суроолор түйшөлтүүдө.

Кыргызстанда сонку жылдары жер титирөөлөр тез-тез кайталанып жатат. Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Би-Би-Сиге "Росатом" да, кыргыз өкмөтү да институттан кеңеш сурап кайрыла электинин кабарлады.

Белгилей кетүүчү жагдай өткөн аптада өлкөнүн башкы сейсмологу Камбар-Ата-1 ГЭСи кооптуу аймакта курулуп жатканын билдирген.

"Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймак. Жер титирөөлөр дайыма болуп турат. Орто эсеп менен алганда жыл сайын 9 миңден ашуун жер титирөө катталат. Эгер болбой эле АЭС курабыз десе, бир эле ыңгайлуулар жер бар: бул Бишкектин күн батыш тарабында. Тактап айтканда, Сокулук районунда түз, тынч жер бар. Эгер сейсмикалык картаны карасак, ал жакта жети баллдан жогору жер силкинүү болбойт, буга чейин болгон эмес. Бирок ал Казакстандын чек арасына жакын жер, АЭС курганга канчалык ыңгайлуу экенин мен айта албайм. Калган жерлер кооптуу, көп активдүү жаракалар бар. Ошондуктан энергия алуунун башка булактарын карасак туура болот", – деди Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов.

Негизинен АЭС куруу дүйнөдөгү эң кымбат долбоорлордун бири катары белгилүү. Адистер атомдук электр станциясынан өндүрүлгөн энергия башка булактардыкына караганда кымбат экенин белгилешет.

Кыргызстан атомдук станция аркылуу энергетикалык муктаждыкты жоебу, же тескерисинче, жаңы финансылык көз карандылыкка туш болобу деген суроо ачык бойдон.

"Ростам" Казакстан менен Өзбекстанда да АЭС курат

Коңшу Казакстан суу реактору менен иштеген АЭСти Алматы облусунун Жамбыл районунда, Үлкөн деген айылдын аймагында курганы жатат. Бул Балхаш көлүнөн алыс эмес жер. Долбоордун наркы 10-14 миллиард долларды түзөрү, аны орусиялык "Росатом" ишке ашырары кабарланган.

2025-жылы мартта Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин жарлыгы менен Атомдук энергия боюнча агенттик түзүлгөн.

Жаңы агенттик уран казуу, атомдук энергияны колдонуу, радиациялык коопсуздук маселелери менен алектенет.

Казакстан уран запасы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Токаев быйыл сентябрда калкка жолдогон кайрылуусунда Казакстан жакынкы келечекте үч атомдук электр станция курушу керектигин билдирген.

Калкынын саны, өнөр жай объектилери көбүрөөк, суусу тартыш Казакстан АЭС куруу менен энергетикалык тартыштыктын бир бөлүгүн жаап, экономиканы өнүктүрүүнүн бекем базасын камсыз кылган жаңы энергетикалык тармакты түзүүнү көздөп жатат.

Расмий Астана АЭС куруу чечимин 2024-жылы октябрда жалпы элдик референдумдун негизинде кабыл алган. Добуш бергендердин 70% долбоорду колдогону айтылган.

Бирок жарандык активисттер, экологдор казак бийлигин АЭС куруудан баш тартууга үндөп, бул айлана-чөйрөгө, коопсуздукка зыян алып келерин эскертип келишет.

Бул арада "Росатом" Өзбекстанда да чакан, 330 МВт кубаттуулуктагы АЭСти курууга камданып жатат. Өзөктүк станция Жизак облусунда жайгашат.

Өзбекстандын Атомдук энергия боюнча агенттиги курулуш иштери 2026-жылы март айында башталарын билдирген.

"Менимче, Орусия Борбор Азияга таасирин күчөтүү үчүн энергетикалык тармакты колго алып жатат окшойт. Чөлкөмдү, өзгөчө Кыргызстанды энеретикалык жактан көз каранды кылып алгылары келгендей таасир калтырып жатат. Бул жерде геосаясий аспект биринчи орунда турат", – дейт медицина илимдеринин кандидаты, эколог Калия Молдогозиева.

Буга чейин 40тан ашык уюмдун башын бириктирген "Кыргызстандын жашыл альянсы" демилгеси АЭС курууга каршы чыгып, кыргыз өкмөтүнө кат жолдошкон жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин ачык жарыялоону талап кылышкан.

Айдай Аманкулова

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер кабарчысы