Индия Пакистанга бир нече сокку урду. Пакистан 8 киши курман болгонун, жооп берерин билдирди

Сүрөттүн булагы, AFP
Индия Пакистанга жана Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймагына соккуларды урганын билдирди. Бул Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагынада туристтерге кол салуу болуп, Дели согушкерлерди колдойт деп Исламабадды айыптагандан эки апта өткөн соң болду. Ал кандуу окуяда 26 киши курман болгон. Пакистандын бийлиги болсо айыптолорду четке каккан.
"Индиянын куралдуу күчтөрү "Синдур" операциясын баштап, Пакистандагы террористик инфраструктураларга жана Пакситан тарабынан оккупацияланган Жаммага жана Кашмирге сокку урулду. Аталган аймактардан Индияга каршы террорситтик чабуулдар пландалып, багытталып турган",- деп айтылат билдирүүдө.
Индиянын бийлиги бул чабуулдар согушукерлер менен байланышы бар делген тогуз бутага атылганын айтканы менен Пакистандын бийлиги муну четке кагууда.
"Биздин аракеттер атайын максаттуу, тең салмакталган жана эскалация кылбай турган мүнөздөгү иштер. Пакистандагы бир дагы аскер обьектиси чабуулга кабылган жок. Индия бутаны тандоодо жана аларды жок кылуу ыкмаларын тандоодо абдан кылдат мамиле кылганын көрсөттү",- деди Индия бийлиги.
Reuters агенттиги индиянын аскер чөйрөсундөгү жашыруун булагынын маалыматына таянып, ракеталык чабуулдар исламчыл топтордун базаларына урулганын билдирди.
Пакистан армиясы чабуулдар террористтерге эмес, калктуу райондорго туш келгенин билдирди. Алардын маалыматтары боюнча индиялык аскер учактары өздөрүнүн аба мейкиндигинен соккуларды урушканын билдирди.
Паксиатндык басма-сөз кызматы индиялыктардын чабуулдарынын кесепетинен сегиз киши курман болуп, отуз беш киши жаракат алышканын, эки киши дайынсыз жок болуп жатканын билдирди. Ага чейин Пакистан армиясынын басма сөз катчысы Ахмед Шариф курман болгондордун арасында эки жаш бала дагы бар экенин Би-Би-Сиге билдирген.
Шариф соккулардын бири мечитке тийгенин ырастоодо.

Сүрөттүн булагы, AFP
Пакистандын премьер-министри Миан Мухаммад Шахбаз Шариф атайын билдирүү таратып, анда Индияга жооп кайтарыла тургандыгын убада кылды.
"Касташкан душман Пакистандын аймагындагы беш жерге ыпыластык менен соккуларды урду. Пакистан тиешелүү жооп кайтарууга толук укугу бар жана бул тийиштүү жооп эмитен эле бериле баштады",- деп билдирди премьер-министр.
Кийинчерээк шаршембинин түнүнө караган убакта дагы кошумча маалымат берип, Индия куралдын ар башка түрүнөн алты жерге 24 жолу сокку урганын билдирди.
Пакистандын аскердик мекемесинин өкүлү Исламабад "өзүнө ыңгайлуу жерде, ынгайлуу учурда жооп кайтара" турганын билдирди.
"Биздин кыйраткыч учактардын баары аба мейкиндигине көтөрүлдү. Бул Индиянын аба мейкиндигинен маскаралык жана коркоктук менен урулган кол салуу болду",- деп билдирди ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Соңку араздашуунун чоо-жайы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
22-апрелде Индиянын Палахгама аймагында 26 турист өлтүрүлгөндөн кийин Индия бул кандуу окуяга Пакистанды айыптады. Мындан улам эки өлкө ортосундагы чыңалуу күчөдү. Соода-сатык жана авикаттамдар токтотулду. Дипломаттар чыгарылып, Индия суу жөнүндөгү келишимден бир тараптуу чыгып кетти. Пакистан болсо суусуз калтыруу аракетин согуш жарыялаганга тете деп баалаган.
1960-жылы атайын келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Индия Инд дарыя тутумунун Пакистанга чейинки чыгыш багытындагы үч куймасынын сууларын пайдаланат. Пакистан болсо анын батышындагы үч куймасын пайдаланат.
Индиянын полициясы кандуу кол салууга үч шектүүнүн аты-жөнүн жарыялаган. Алардын экөө пакистандыктар.
Ошондон көп өтпөй Индия Пакистан менен дипломатиялык алакасынын деңгээлин төмөндөтүп, элчиликтин кызматкерлеринин санын дээрлик эки эсеге кыскарткан. Мындан сырткары эки өлкө ортосунда 1960-жылы Инд дарыясынын суусу боюнча түзүлгөн келишимди токтотуп, Индия менен Пакистанды кургактык аркылуу байланыштырган жападан-жалгыз чек ара бекетин жапканын жарыялаган эле.
Пакистан Индия тараптан Инд дарыясынын суусун токтотууга байланыштуу кандай гана аракет болбосун ал "согуш актысы" катары баалана тургандыгын эскертип, ошого жараша жооп боло тургандыгын билдирген.
Пакистан бийликтеринин билдирүүлөрүнө караганда, "ишенимдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес жана тастыкталган далилдер жок". Индиянын Кашмирдеги кол салууга Пакистанды байланыштыруу аракети болсо "жеңил ойлуулук, тең салмактуулуктун жана логиканын жоктугу" деп атаган.












