АКШнын Борбор Азиядагы саясаты: жаңы кайрыктар

Блинкен Астанада ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолугушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блинкен Астанада ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолугушту.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, Бишкек

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери менен Астанадагы жолугушуусу, Ташкенге сапары орчундуу окуя катары талкууланууда. Албетте, Блинкендин бул чөлкөмгө алгачкы сапары болгон менен Америка региондун тышкы иштер министрлери менен “5+1” форматында биринчи ирет жолугуп жатканы жок. Дипломатиялык консультациялардын бири, буга чейин мындай форматта жолугушуулар болуп келген. Бирок бул жолку кеңешме жаңы кырдаалда, орус-украин согушу экинчи жылга аяк басып, дүйнөлүк масштабдагы чоң окуялардын, орус-украин согушуна себеп-натыйжалу байланыштагы жагдайлардын контекстинде мааниси өзгөчө. Орус-украин согушу дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртүүчү жаңы процесстерге жол ачты жана эски тенденциялардын айрымдарын күчөттү.

Геосаясий кызыкчылыктардын чордону

Биринчиден, Европанын аймагында экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кайрадан согуш кайталанды. Аталышы жана масштабы эле айырмаланбаса, АКШ менен Европа Батыш бир тарап, Россия бир тарап болуп катышкан куралдуу жаңжал дүйнөлүк мүнөзгө ээ боло баштады. Токтоду деп биз өзүбүздү сооротуп, өзүбүздү өзүбүз алдап келген кансыз согуш кандуу кармашка айланды. Украин жергеси бүгүн кан майдан, согуш талаасы.

Экинчиден, согуштун пайдасын көргөндөр да жок эмес, бирок көбүнө кесепети тийди. Качкын-бозгундар, курмандыктар, соода-экономикалык санкциялар гуманитардык кризисти жаратты жана көп өлкөнүн, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасына ар кандай деңгээлде жана көлөмдө таасирин тийгизүүдө.

Үчүнчүдөн, согуш эл аралык укук системасын жана анын институттарын болуп көрбөгөндөй дискредитациялады, коллективдүү нигилизмге өбөлгө түздү.

Төртүнчүдөн, Европанын аймагындагы жаңы согушка карата мамиле дүйнөнү үчкө бөлдү – жактагандар, каршылар жана калыс аталгандар. Дүйнө тургай, бу биздин өлкөнүн коомчулугунда да согушка мамиле кызыл чеке талаштын предметине айланды. Батышы да, Россиясы да ар бир өлкөнү ушул согушка жана согушка байланыштуу окуяларга, көрүнүштөргө карата позициясына жараша баалай баштады. Согушка карата позиция мамлекеттер ортосундагы мамилелерде башкы критерийлердин бири экендиги талашсыз. Россия менен тарыхый, маданий, гуманитардык жана соода-экономикалык байланышы терең, анын геосаясий орбитасынан чыга албай келген Борбор Азия улам бир окуяда оор сыноого тушукту.

Россия жана анын финансы-экономикалык, аскерий жана саясий ишмерлери менен институттарына салынган санкциялар бир эсе түйшүк, бир эсе тандоо жаратты. Булар качан басылат деп карап турганга чамасы азая баштады Борбор Азия өлкөлөрүнүн. Ар кимиси эртеңки күндүн камын көрмөгү, тышкы дүйнө менен алака кылмагы табигый нерсе. Чүмкөнүп жатып алганга болбойт тура, чырмалышкан чиркин дүйнө жанды коймок беле.

Эмки европалык концерт Европа менен чектелбейт, Евразиялык чоң кармашка айланып, далай элди убайга салып, далай сызыктар чийилип, не бир түркүн окуялар али алдыда. Кармашкандар тигил же бул өлкөнү өз тарабына тартууга тынымсыз аракет кылып келет. Аракеттердин мүнөзү түрдүү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Борбор Азия абалтадан эле геосаясий кызыкчылыктардын чордону. Региондун байлыгы мол, эли жакыр. Өнөр жайында нефть, газ, металлургия, гидроэнергетика басымдуу. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан нефть менен газга, кен байлыктарга, кымбат металлдар, асыл таштарга мол өлкөлөр. Жан башына эсептегенде табигый ресурстардын көлөмү боюнча Кыргызстан алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет, суунун көлөмү боюнча Кыргызстан менен Тажикстан киши башына эсептегенде сууга бай он өлкөнүн бири (абсолюттук көлөмү эмес, изилденген кен байлыктын жана суунун жан башына туура келген үлүшү боюнча).

Региондогу мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун критерийине ылайык өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Региондо 75 миллиондон ашык эл жашайт. Калктын өсүшү ургаалдуу - жылыга 1,5 % көбөйөт. Демографиялык курамы боюнча жаштары арбын, демек эмгек ресурстары өзүнө эселеп жетиштүү чөлкөм. Чөлкөмдүн аянты кенен, дүйнөдө 7-орунда, Казакстандын аянты 2,7 млн чарчы километр, эң ири 10 мамлекеттин бири, калгандары да кичине эмес, ар биринин аянты

Европанын кээ бир кубаттуу өлкөлөрүнүн аянтынан ашса ашат, асты кем болбойт. Айдоо аянты боюнча регион дүйнөдө 10-орунда турат (Казакстан - 19,4 млн. га, Өзбекстан - 4, Кыргызстан - 1,4, Тажикистан - 0,9 млн га), демек азык-түлүк менен өзүн камсыз кылмак турсун, жалпы дүйнөлүк керектөөнүн 11% камсыз кыла алат. Өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин көлөмү боюнча дүйнөдө 16-орунда, пахта өндүрүү боюнча 5-орунда турат, бодо малдын саны боюнча 20-орунду ээлеген аймак.

Борбор Азия республикаларынын ар кандай окуяларга карата позициялары, эң талылуу маселелерге, айталы тилге, динге, улут аралык мамилелерге, тарыхха, учурга жана келечекке карата мамилелери да түркүн. Борбордук Азия геосаясий түйүн, географиялык бирдик, постсоветтик мурастан али арыла элек, байлыгы мол, бирок жакыр калк жашаган, этномаданий, тарыхый окшоштуктарга ээ аймак катары гана жалпылыктары болбосо, ар бир өлкөнүн шарты ар башка. Бирок баарынын башын кошкон тобокелчиликтер жана коркунучтар жетиштүү. Орток дөөлөттөр жана кызыкчылыктар арбын, тагдырлаш элдер жашаган аймак. Тилекке каршы, регион ошол геосаясий оюндардын жана экономикалык умтулуулардын объектиси катары кабылданып келген, азыр да ошол тенденция уланууда.

Блинкен казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен көзмө-көз жолукту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блинкен казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен көзмө-көз жолукту.

"Стратегиялык кызматташтыкка дем берет"

Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанага келип, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери менен кеңешме өтүп кетти. Дегеле Борбор Азиянын беш өлкөсү Европа биримдиги, АКШ, Россия, Кытай, Жапония, Түштүк Корея үчүн бир бүтүндүк, геосаясий бирдик катары каралат. Ошондон уламбы, же башка себептери барбы, айтор жогорудагы уюмдар жана мамлекеттер Борбор Азиянын беш өлкөсү менен көбүн эсе “5+1” форматында мамиле түзөт. Алар баарына турне кылбастан, бешөөнү бир жерге топтоп алып сүйлөшөт.

Тажик президенти Рахмондун орус президенти Путин менен жолугушууда буркулдаганы бар. Ичтен кайрыганы менен мындай форматка бешөө да көнүп калгандай. Ал эми бешөө чогулуп алып, алака-мамиленин шарттарын жана оюн эрежелерин тышкы оюнчуларга таңуулаганга чамасы да, эрки да жетпейт азырынча, бирок барган сайын андай мүмкүнчүлүк азая бермеги анык.

Ошентип Блинкен Борбор Азияга биринчи сапарында министрлер менен 5+1 форматында жолукту. Бул жолку жолугушуунун эки айырмасы бар. Биринчиси, Блинкен казак президенти менен көзмө-көз жолукту. Жолугушуу өткөн жердин конок ээси катары гана президент Касым-Жомарт Токаев менен жолукту дегидей эмес. Президент Токаев Блинкендин сапарын стратегиялык кызматташтыкка дем бере турган иш деп баалады. Стратегиялык деген аныктамага казак дипломатиясында соңку кезде аяр мамиле жасалып, сейрек колдонула баштаган. Көрүнгөн жерде айтыла берүүчү сөз болуудан калган. Айтор Блинкендин Астанада президент Токаев менен жолугушуусунун шааниси да, мааниси да бар. Тегин жерден Астана жолукчу жай катары тандалганы жок.

Казакстандын масштабын жана региондогу ордунан тышкары, Астана тигил же бул маселелерде Москвага каяшасын билдирип келет. Мисалы Россия аннексиялап алган Украин аймактарын тааныбай тургандыгын, санкциялык эрежелерди сактоого бекем позициясын ачык билдиргени бар. Казакстан да Россияда көп сындалып, ал тургай анын территориялык бүтүндүгүнө, анын тарыхына жана мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген пикирлер, билдирүүлөр көп айтылат. Украина мамлекет катары тарыхы жок, кечээ эле биз белек кылганбыз, анын территориялары орустарга таандык деген кепти казактардын дарегине да айтылып келет орус саясатчылары тарабынан. Кайым айтышуулар менен чектелбейт, Москва казак нефтисин экспорттоочу жолдорду бөгөп койгон учурлар бар.

Экинчиси, мамкатчы Блинкен Ташкенге да барды. Өзбекстан динмамикалуу өнүгүп жаткан, демографиялык, экономикалык потенциалы кенен өлкө. Негизги бенефициары Россия менен Казакстан болгон, калгандарына кайрымы аз Евразия экономикалык бирлигине кирүүдөн баш тарткан мамлекет. Жамааттык коопсуздук уюмунан (ОДКБ) да чыгып кеткен. Вашингтон мунун баарын эң сонун билет, билмек тургай орус-казак же орус-өзбек эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар биринин Россия жана Кытай менен мамилесинин келечегин аныктоого дилгир жана ынтызар эле. Ынтызарлыгы ого бетер артты, эми аракетин күчөтөт.

Россия менен бир жаңсыл болуу максаты Борбор Азия мамлекеттеринин позициясын так аныктоого, аларды ары же бери болушун чечүүгө мажбурлоодо. Санкцияга тушугуп, убайым тарткан орус бизнесинин кыйгап өтмө аракеттерине көмөк кылып, же орус олигархтары менен мамлекеттик кызматта туруп эсепсиз байып алган чиновниктеринин арам акчасын адалдап же көздөн далдаа кылуу ишинен оолак болууга чакырды. Бекеринен эскертип жатпаса керек, андай ыплас иштердин шыбышы билинген го, сыягы. “Санкциялардын сакталышына кылдат көз салабыз, Батыш тыюу салган орус компаниялары менен алаканы, кыйгап өтүү аракетин токтотуу зарыл” деп эскертти.

Кытай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытай фактору

Ошол эле учурда Кытай фактору Американы кооптондурат. Бешөөнү чогуусу менен же кайсы бирин Россиянын орбитасынан чыгарып алуу аларды Бээжиндин кучагына киргизүү тенденциясын дароо жаратат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында Блинкендин 5 мамлекетке 25 миллион доллар жардамына басым жасашты. А чындыгында бул бүркүмгө арзыбаган чака тыйын. Маселе башкада. Америкалык дипломат Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү белгилерди берип, тыштагыларга түшүнүктүү ишарат жасады.

Блинкен Борбор Азия+АКШ дипломатиялык жолугушуусуна “Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык биримдигин сактоого багытталган” аракеттер катары мүнөздөмө берди. Ишараты ушул, тыштагыларга Борбор Азия Американын кызыкчылыктар алкагына кире турганын, кайдыгер карабастыгын, аларга каршы иштерге адекваттуу жооп болорун кыйытты.

Айтор Америка бир да күн Борбор Азияны көз жаздымында калтырган эмес. Эми кырдаал аны чечкиндүү аракеттерге мажбурлоодо. Ушул аймакты Россиянын кучагынан биротоло чыгарып, ошол эле учурда Кытайдын таасиринен сактап калуу кош милдетин, гегемон болуу максатын жүзөгө ашыруу иши кечирээк болсо да башталган сыяктуу. Ага чамасы жетеби же жокпу, келечек көрсөтөт. Бизди булар эмне кылат дебей, биз эмне кылалы, кармашса кандай жооп кайтаралы деп Борбор Азия мамлекеттери да өз ара орток позицияны издеп, жалпы кызыкчылыктарды тактап алмагы абзел.