"Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзамга кол коюлду, Кытайда суу ташкындан 2 млн адам үйүн таштап кетти
“Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол коюлду

Сүрөттүн булагы, Official
Садыр Жапаров 11-октябрда кол койгон мыйзамда Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрүнө жаңы квалификациялык талаптар коюлду:
“Жогорку билимдүү, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл", - делет бул тууралуу президенттин расмий сайтында.
Ошондой эле, Конституциясынын 89-беренесине ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчиси болору такталды.
Мыйзамда ошондой эле Министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү процедурасы да жөнгө салынган. Алсак, Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. Президент өз демилгеси менен Министрлер кабинетинин төрагасын же Министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.
Бул мыйзам жакынкы күндөрү кыргыз өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр болот деген талаш-талкууга туш келди. Айрым ММКлар Министрлер кабинетинин төрагалыгына аракеттеги экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралып жатканы кабарлашты. (EK)
Ирак “Ислам мамлекети” жихадчылар тобунун финансы башчысын кармады

Сүрөттүн булагы, IRAQ SECURITY MEDIA CELL
Ирактын премьер-министр Муфстафа ал-Кадзими, Сами Жасим ал-Жабури Ирактын улуттук чалгын кызматынын “татаал тышкы операциянын” натыйжасында кармалганын Твиттерде билдирди. Ошондой эле, Кадзиминин дагы бир аты Хажи Хамид экенин жана ал ИМ тобунун лидери Абу Бакир ал-Багдидинин орун басары болгонун дагы кошумчалады.
АКШ Сами Жасимди кармоого жардам берген маалымат үчүн $5 млн сыйлык убадалаган. ФИБдин (ФБР) сайтында берилген маалыматка ылайык, ал “ИМдин террористтик операцияларын финансылоону башкарган” жана 2014-жылы Ирак менен Сириянын чоң бөлүгүн басып алгандан кийинки топтун “мыйзамсыз мунай, бензин, антиквариат, минералдарды сатуудан пайда тапкан операцияларын” көзөмөлдөгөн.
Учурунда ИМ Ирактын чыгышынан батышына чейин созулган 88000 чарчы км. территориясын көзөмөлдөп турган. 2017-ж. согушчул топ Иракта жана Сирияда жеңилгенине карабастан, бул өлкөлөрдө алардын миңдеген жигердүү тарапташтары бар деп эсептелет.
Кадзими мырза Жасимдин кармалган ордун ачыктабаса да, Ирактын жогорку даражалуу аскер булагы AFP агенттигине иш Түркияда болгонун айткан. Бул маалыматтка түрк бийлиги жооп берген жок. (CS)
Кытайда 2 млн адам суу ташкында үйүн таштап кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын Шаньси провинциясында суу ташкын токтой элек. 1,8 миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетти. Анын ичинде бир бөлүгү ири шаарлардын жашоочулары. Курмандыктар такталган жок.
Провинциянын жашоочулары суу ташкынга мурунтан эле даярданышкан болчу. Дамбаларды жасап, үй-жайларынын терегегин бекемдешкен. Бирок көп жерлерге суу баары бир жырып кирип келди.
Нөшөрлөгөн жаан Шаньсиде өткөн аптада эле башталган. Кээ бир жерде жаан-чачын жер көчкүлөргө алып келди. Азыр суу ташкын провинциянын 70тен ашык уездин басты.
Суу ташкындан улам Кытайда энергетикалык кризис чыгышы мүмкүн. Провинциянын бийлиги 60 көмүр шахтасында, 372 башка шахталарда жана 14 химзаводдо ишти токтотууга туура келди. (KC)











