Талас: абактагы табышмактуу өлүм иликтенет
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Талас ОИБиси убактылуу камоочу жайда өз жанын өзү кыйды делген шектүүнүн өлүмү боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талас Облустук ички иштер башкармалыгы 31-октябрда убактылуу кармоочу жайда (ИВС) болгон окуя боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
“26 жаштагы Талас шаарынын тургуну Р.У. камерада өзү кийип жүргөн футболкасына асынып каза болгон. Нөөмөткер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган. Ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшеришти. Аталган факты электрондук журналга катталып, текшерүү жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат”, -деди ОИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева.
Маркум быйыл май айында адам өлтүрүүгө шектелип кармалып-камакка алынган. Ошондон бери ал Таластагы Ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында отурган.
Нурлан Абдраимов - Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун Талас облусундагы өкүлү. Ал Талас ОИБине барып, кырсык орун ИВСке кирип чыкты. Укук коргоочу өзүнө-өзү кол салуу камерада эмес, жуунучу жайда болгонун Би-Би-Сиге айтып берди:

Сүрөттүн булагы, Social media
“Бул окуя камерада болгон эмес. Камерада болсо жанында отурган адамдар токтотуп калат эле го. Бул бала душевая комната деген бар, ошол жерге барып асынып өлүп калган. Жуунучу жайлар камерадан өзүнчө турат. Ал жакта сыртынан эле байкоочу камера турат. Ичине камера койгон этикага жатпайт деп коюлган эмес”.
Деген менен укук коргоочу убактылуу камоочу жайдагы окуя өзүнө өзү кол салуудан эле келип чыкты деген бүтүмдө.
“Бул жерде өзүнө өзү эле кол салганы анык. Аны менен камерада чогуу отурган үч адам менен сүйлөштүм. Бирок алар маркум жакшы эле абалда болгонун, депрессиянын белгилери байкалбаганын айтышты. Кысым деле болгон эмес, болгону “адам өлтүрүү менен шектелип жатам, мага көбүрөөк мөөнөт берет го” деп ошого кейип аткан дешти. Кырсык болуптур”,- деди Абдраимов.
Би-Би-Си убактылуу камоочу жайда каза болгон жарандын жакындары менен байланыша алган жок.
Мыйзам эмнеге аткарылбайт?
Абакта болгон табышмактуу өлүм дагы бир жолу өлкөдөгү убактылуу камоочу жайлардын абалы жана андагы милиция тарабынан зомбулук маселесин көтөрдү.
Мыйзамдар боюнча Кыргызстанда ИВСтерге кылмышка шектелген адамдар үч сааттын ичинде жеткирилет, андан кийин анын макамы айыпталуучуга өзгөртүлүп, 48 саатка кармалат. Бул убакыт аралгында ал күбө же шектелүүчү катары сурак берет. Негизи бар болсо кийинки эки сутка ичинде шектүү айыпталуучу катары сотко жеткирилиши абзел. Ал жерде айыпталуучунун баш коргоо чарасы каралат. Андан кийин алар айлап-жылдап ИВСте кармалбай, тергөө абактарына которулушу керек.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
“Баш коргоо чарасы аныкталгандан кийин жарандар ИВСтен СИЗОго которулушу керек. Соттун чечиминде да ошентип жазылат. Бирок, ошол эле Талас, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облусундагы дагы СИЗОлор жок. Ысык-Көлдө, Ошто СИЗОлор бар, Жалал-Абадда аялдар үчүн гана СИЗО иштейт. Жакын облустагы айыптоочуларды ошол жактарга алып келишет. Бул өтө ыңгайсыз. ИВСтерди тергөө абактарына өткөрүп, ИИМден чыгарып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына бөлүш керек. Ошондо милициялар каалаган убагында аларды алып чыгып кыйнаганга жол берилбейт. Күч менен кылмышты мойнуна алдыруу аракеттерине тоскоолдук кылат”- дейт укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Кыргызстанда тергөө абактарынын жетишсиздигинен жүздөгөн адамдар жылдап убактылуу кармоочу жайларда кармалары, мунун менен алардын укуктары бузулуп жатканы буга чейин БУУда да көтөрүлгөн.
Абактар качан оңолот?
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жетектеген "Кылым шамы" уюму, Акыйкатчы институту жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери былтыр тергөө абактарынын жана убактылуу камоочу жайлардын абалы менен таанышып келген.
Анын жыйынтыгында дээрлик бардык мекемелердин техникалык абалы начар, айрымдары түп орду менен жаңылоого муктаж экени аныкталган. Түрмө-абактарда деле абал ошондой. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу өлкөдө он чакты жаза өтөөчү жай бар.
Быйыл алардын бири - №47 жатак абагы жоюлуп, кыргыз өкмөтү анын ордуна көп кабаттуу үй курууну пландап жатат. Мекеме учурда өтө коркунучтуу кылмышкерлер кармалып турган шаар ичиндеги жападан жалгыз жабык типтеги колония болчу. Бул абак 1943-жылы курулуп, ошондон бери жаңыланган эмес.

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул түзөтүү жайы орун алган 8,5 гектар жерге "Бишкек-Сити" аттуу жаңы шаарча курулушу ыктымал экенин айтканы тууралуу сөз болгон.
"Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат", -деген эле Жапаров.
Шаарча он миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жайлардан турмакчы. Бирок парламентте депутаттар абактын ордуна үй тургузбай, жакшыраагы парк салууну да демилгелеп жатышат.
Кыргызстанда алдыдагы беш жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелеринин баарын борбордон тышкары көчүрүү пландалууда.








