Абактагы басмырлоонун курмандыгы: “туалет жок чакага барып, каалгасы жок душта жуунчумун”
Элеонора Сагындык кызы, БиБиСинин Бишкектеги кабарчысы
Роза Горбаева - Аялдарга карата басмырлоону жок кылуу боюнча БУУнун комитетине кайрылып, арызы канаттандырылган биринчи айым.
Горбаева 2013-жылы Майлы-Суу шаарында адам өлтүрүү шеги менен кармалып, соттун өкүмүнүн негизинде 12 жылга кесилген. 2016-жылы абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Укук коргоочулар Горбаева күнөөсүз ишке айыпталып, адам чыдагыс шартта үч жыл бою отурган деп эсептешет.

Сүрөттүн булагы, elgezit
Горбаева БУУнун чечиминин негизинде кенемте акы өндүрүү арызы менен сотко кайрылып, бирок анысы толук канаттандырылбай калганына нааразы болуп жатат.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын 10 миллион сомго берген доо арызын карап, 50 миң сом гана чегерди.
“Такыр калыс болбой калды. Мен басмырлоонун курмандыгы болдум да. 3,5 жыл катаал шартта жашадым. Соттун чечими мени шок кылды. 1 миң 277 күн милициянын убактылуу кармоочу жайында болупмун. Сот анын ар күнүн 39 сомго эле баалаптыр. Калыстык жок экен”, -дейт Горбаева.
57 жаштагы аял бир нече жыл милициянын убактылуу кармоо жайында адам чыдагыс шарттарда отуруп, кыйноолорго туш болгонун айтып келет.
Горбаева кошунасын өлтүрүүгө шектелип 2013-жылы эле кармалган, бирок 2016-жылга чейин Жалал-Абад облусунун ар кайсы беш убактылуу кармоочу жайында кармалып отурган. Жасабаган кылмыш үчүн күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн милиция аны кыйнаганын айтат.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча убактылуу кармоочу жайда шектүү 48 сааттан ашык кармалбашы керек.
Горбаева болсо үч жыл бою Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен жана Баткендеги улам бир убактылуу кармоочу жайга которулуп отурган.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Убактылуу кармоочу жайлардагы бардык кызматкерлер эркек кишилер болгон. Алардын көзөмөлүндө болгон аялга ар кандай басмырлоолор болушу анык”,- дейт адвокат Сардор Абдухалилов.
“Мисалы убактылуу кармоо жайдагы камерада туалет болгон эмес. Аял кишини туалет, душка алып чыгыш керек да. Эркек милиция аял кишини ошого алып чыккандыгынын өзү эле басмырлоо да. Камерада көзөмөлдөөчү айнектер болот, ал жактан аял чечинип атабы же тамак-ашын жеп атабы, чектөөсүз байкоо жүргүзсө болот. Орусча айтканда, “виузально неограниченный доступ” болгон”.
Горбаеванын өзү милициянын убактылуу кармоочу жайларында аял катары ал кандай басмырлоолорго кабылганын деп эскерет:
“Ноокенде туалет деген жок эле, чака эле беришти. Бардык жерге камера илип коюшуптур, баары ачык. Муктаждык болсо айла жок барат экенсиң. Жалал-Абадда болсо туалет сыртта, бирок аны бир метр чүпөрөк менен гана тосуп коюшуптур, бирок дежурлар имараттын үстүнөн көзөмөл кылат эле. Биз баары бир аларга алаканга салгандай көрүнүп турчубуз. Майлы-Сайда душ бар, бирок эшиги жок. Сууга жуунуп атсаң, милиция ары бери басып, жылаңач денемди көрүшчү”.

Сүрөттүн булагы, Official
БУУнун тийиштүү комитети былтыр жабырлануучу жана адвокаттын өтүнүчүн канаттандырып эле тим болбостон, Кыргызстан тийиштүү Конвенциянын тогуз беренеси боюнча Роза Горбаеванын укуктарын бузган деп, кенемте акы талап кылган.
Кыргызстанда 2016-жылы жүргөн Конституциялык реформанын негизинде эл аралык укуктун үстөмдүгүн тааныган дүйнөлүк тажрыйба жоюлган.
Кыргызстан эл аралык конвенциялардын мүчөсү болгондуктан, жарандар эл аралык укук коргоо уюмдарына даттанууга акысы бар. Бирок алардын сунуштары сот өкүмдөрүн жокко чыгарууга жатпайт. Болгону алардын сот өкүмүнө карата жүйөлүү чечимдери жаңы ачылган жагдайлар катары Жогорку Сотто каралышы мүмкүн. Бирок Жогорку Соттун өкүмдү күчүндө калтыруу же бузуу укугу анын өзүндө калтырылган.
Горбаева адам өлтүрүү шеги менен кармалып, соттун өкүмүнүн негизинде 12 жылга кесилген. 2016-жылы абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.








