You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Байлыкты мыкчыган президенттик клан". Түркмөнстанда эл көчөгө чыкты
Түркмөнстандын батышындагы порт шаар болгон Түркмөнбашыда апта башында азык-түлүк тартыштыгына нааразы болгон жарандар көчөгө чыгышканы кабарланды. Түркмөнстанда азык-түлүк тартыштыгы бир топ жылдан бери чечилбей жаткан көрүнүш. Кырдаал курчуган сайын кризис жанына баткан адамдар бийликтен коркпой этпей көчөгө чыга баштады.
Азыр өлкөдө бир-эки жыл мурдагыга караганда кырдаал кичине жеңил болуп калгандагысы. Мурда ун, кант, тоок эти менен суу майды ар бир үй-бүлөгөн норма менен ченеп беришчү. Азыр элге ун, кант гана норма менен берилип калды. Ырас, соодагерлер азык-түлүктүн бул түрлөрүн алып келишет, бирок дүкөн менен базардагы баанын айырмасы чоң.
“Мамлекет субсидияланган арзан баа менен сатат. Өлкөдө жумушсуздук деңгээли жогору, ал эми иштеген адамдар дагы бул азыктарды базардан сатып алып турганга акчасы жетпейт. Ошондуктан судсидияланган азык-түлүккө узун-узун кезекке турушка туура келет”,-деди Нидерландыда жайгашкан turkmen.news сайтынын редактору Руслан Матиев.
Ошол эле убакта кары-картаңдарга, майыптарга дагы жеңилдик каралган эмес. Алар дагы башкалар менне бирге кезекке туруп сатып алышат.
Азык-түлүк тартыш болуп жатканы көп жылдан бери келаткан көйгөй. Кризис жанынан баткан адамдар шаарларда көчөгө чыга баштады.
Бирок авторитардык күчтүү бийлик башкарган өлкөдө көчөгө арыз-арманыңды айтып ээн-эркин эле чыга албайсың, анын жазасы катуу болушу мүмкүн. Эгер эл чогулуп калса, Соода министрлигинин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип дароо таркап кетүүнү талап кылышат. Эгер көнбөй күчөй баштаган болсо, анда күч колдонушат. Уюштуруучуларды эң жумшак дегенде урушуп, эскертүү берип чыгарышат же бир нече суткага камап да коюшат.
"Кыргыз каны жетишпей турат"
Азык-түлүк тартыштыгына нааразы болуп эл көчөгө чыгып жаткан бул биринчи учур эмес, буга чейин да болгон. Бирок мамлекет бул көйгөйдү чечүүнүн ордуна миллиарддаган акча сарптап "Аркадаг" шаарын курууда.
Бул кырдаал ушундай жол менен кете берсе аягы эмнеге алпарышы мүмкүн?
“Айтыш кыйын. Элде биримдик жок. Бири-бирин колдоо, биригип аракет кылуу деген жок. Тилекке каршы, түркмөндөргө кыргыз каны кичине жетишпей жатат. Бирок мындай акцияларга жүздөгөн адам чыгып атса, анда бул жок дегенде бийликтегилер үчүн бир коңгуроо болуп калышы керек эле. Анткени бир чара көрүш керек. Бул азыктардын баары бар. Бирок шылуундар, мисалы 100 тонна ун келсе, анын бир бөлүгүн ууру жолдор менен базарга алпарып кымбат сатып жатышат. Эң катуу кеткенде ошондой адамдарды камап жазалашы мүмкүн, андан башканы күтүп кереги жок",-дейт Руслан.
Түркмөнстан өзү жыл сайын эгиндин планын аткарат, бирок баары бир сырттан Казакстандан, Россиядан сатып алат. Азык-түлүктүн 40 пайызын гана өзү өндүрөт, калганын сырттан сатып алууга аргасыз.
Түркмөнстан мунайга, жаратылыш газына бай өлкө, бирок элди азык-түлүк менен камсыз кылганга эмнеге акчасы жетпейт деген беймаза суроо болбой койбойт .
“Түркмөнстан чынында эле кен байлыктарга бай өлкө. Бирок бул байлыкты мыкчыган президенттик клан, анын үй-бүлөсү, элге анын чети гана жетет. Жогорку бийлик бул каражаттарды өзү билгендей пайдаланат, жумшайт. Аркадаг шаарына миллиарддаган доллар акча жумшалды. Жаңы аба майданын курууга 3,2 миллиард доллар кетти. Азиядага 5 миллиард доллар жумшалды. Алар реалдуулук менен таптакыр байланышты жоготуп коюшту, элдин көйгөйү эмнеде экенин билбейт же элди такыр ойлобой өз билгенин кылып жатат”,-дейт Руслан.
Визалык кыйынчылыктар
Русландын айтымында, мурда эл сыртка барып келип, ар кандай жолду таап жанын багат эле. Азыр андай мүмкүнчүлүктөр барган сайын кыскарууда. Өзбекстан, Казакстан менен чектеш райондорго эки-үч күндүк визасыз режим бар эле. Көп адамдар ал жактан бир нерсе алып келип сатып жанын багышчу. Түркияга каттаган адам көп эле. Дээрлик ар бир үй-бүлөдөн бирден адам Түркияда же Кипрда иштеп, үйүнө акча салып турчу. Азыр түркмөн бийлиги өзү суранып атып Түркия менен виза режимин киргизип алды. Азыр эми Түркияга барып келүү оор болуп калды, берилген арыздардын араң төрттөн бири гана оң чечилүүдө.
«Жарандарды социалдык коргоо саясатын иштеп чыккандын ордуна өкмөт адамдарды азык-түлүк менен камсыз кылууда кырдаалды ого бетер курчутууда",-деп "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" уюмунун директору Фарид Тухбатуллин расмий бийликти сындап келатат. (КС)