“Бомба жармайдын” кезеги Аспековго жеттиби?

Элеонора Сагындык кызы Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Садыр Жапаров жана Мелис Аспеков

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров жана Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь айында

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн коомдук баракчасына президент Садыр Жапаровдун мурунку жакын тарапташы, учурда абакта олтурган Мелис Аспековдон алдым деген маалыматтарды жарыялады.

Анда тил каттарды жана паспорттун көчүрмөлөрүн көрүүгө болот. Адвокат Токтакунов бул кагаздар түп нуска экенин Мелис Аспековго шилтеме берип жазды. Бирок алардын экспертизадан тастыкталып же тастыкталбаганы Би-Би-Сиге белгисиз.

Адвокат Нурбек Токтакунов Facebook барагына жарыялаган тексттин бир бөлүгү

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адвокат Нурбек Токтакунов Facebook барагына жарыялаган тексттин бир бөлүгү

Н. Токтакуновдун сөзүнө караганда, кагаздарда 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоого байланышкан чыгымдардын бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Мындагы негизги маселе “сөз болуп жаткан каражат 2020-жылы октябрда кызматтан кеткен мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон алыныптыр” дегенинде.

Күмөндүү делген акчанын чын-бышыгы белгисиз

Абактагы Мелис Аспековдун Нурбек Токтакуновго айтканына караганда, тил каттарда көрсөтүлгөн акчаларды ал ошол кездеги талапкер Садыр Жапаровдон алган соң райондук штабдын координаторлоруна тараткан. Чүй облусу боюнча шайлоого кеткен расмий чыгымдар 62 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Аспеков бул маалыматтарды укук коргоо органдарына да берип, бирок иш басылып калганын адвокатка айтып берген.

Нурбек Токтакунов Мэлис Аспековдон 547 миң долларга жакын каражаттын эсеби боюнча тил каттарды алганын жазды. Адвокат аны кармап отурбай шардана кылууну туура көргөнүн билдирди.

Би-Би-Си Нурбек Токтакуновго кайрылып, колго тийген документтер канчалык ынанымдуу деп ойлойсуз деп сурады.

"Документтер менин колумда, Аспеков айткандай алар оригиналдар. Тогуз кишинин каты бар, аларды экспертизага бериш керек, алар оригиналбы же жокпу? Текшерип укук коргоо органдары чечимге келиши керек. Аспеков бул документтерди укук коргоо органдарына мурун берип, иш козголгонун айтууда. Демек алар өздөрү экспертизадан өткөргөн" - деди Токтакунов.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кезинде Мелис Аспеков Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун эң жакын тарапташтарынын бири эле. Былтыр январда ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалып, “опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аспековду быйыл мартта жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 миллион 429 миң сом чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген. 

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Мэлис Аспеков аны “маалыматтык бомба” жарам деген убада менен сотко чакырганын да кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров “Азаттыкка” маек куруп, дал ушул суроого дагы жооп берди.

“Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”,- деп жооп бергенин жазды.

Бул талкуу саламаттыкты сактоо министри болуп турган Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектүү катары кармалган учурга туш келди. Кармалардан саналуу саат мурун эле президенттен мектептин курулушу боюнча тапшырма алган Алымкадыр Бейшеналиевдин окуясы түрдүү талкууларга жем таштады.