“Компроматтар согушу”. Алымкадыр Бейшеналиев жардамчысы менен түшкөн сүрөттөрү талкууга алынды

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Алымкадыр Бейшеналиев

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алымкадыр Бейшеналиев

Макала 7-июнь саат 10:35те жаңыртылды

Башкы прокуратура 2-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди Covid-19га каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга айыпталып кармаган. Анын эртеси күнү Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголгонун белгилүү болгон.

“Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси, төрт кылмыш иши - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү”, - деп билдиришти башкы көзөмөл органдан.

"Коррупция" беренеси менен ачылган кылмыш иштин алкагында министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков да кармалышкан. Азыркы учурда Бейшеналиев, Ишенапысова жана Бектурганов УКМКнын тергөө абагында, ал эми Сатарбеков үй камагына чыгарылды.

Ал арада президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин кармалышы боюнча комиссия түзүп, тергөө аяктаганга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан четтетти.

"Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз", - деди Жапаров.

Бейшеналиев кармалганга чейин социалдык тармактарда ал жардамчысы Мээрим Тилекова менен бирге түшкөн видеолор таратылып, кызуу талкууга алынган. Видеолордун биринде министр Тилекова менен медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарада бийлегени, ошондой эле бирге түшкөн сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары бул министрдин “жеке жашоосуна кийгилишүү” экенин жана видеодогу кадрлар “эч нерсени билдирбей” турганын жазышкан. Бейшеналиев жардамчысы менен болгон “жакындыгын” четке какты.

УКМК менен Бейшеналиевдин “салгылашуусу”

13-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Каракол шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б. Ж. “100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын” билдирген. Атайын кызмат тараткан сүрөттөрдө шектүүдөн сырткары Мээрим Тилекованы да көрүүгө болот.

Мээрим Тилекова

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каракол шаардык ҮМБнын директорун кармоо учуру. Сүрөттө Мээрим Тилекова
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми 16-майдан тарта соцтармактарда Бейшеналиев менен Тилекованын “жакын мамиледе болгонун көрсөткөнгө” аракет кылган сүрөттөр таратыла баштаган. Анын эртеси күнү, 17-майда, Тилекова “опузалап пара алуу” беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Эки күндөн кийин Каракол шаардык соту министрдин жардамчысын бир айга үй камагына чыгарды.

Активист Атай Бейшенбек Фейсбук баракчасында Б. Ж. 12-май күнү Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунда медайымдар күнүнө арналган иш-чарада кармалганын айткан. Активисттин айтымында, УКМК айткан каражаттар пара эмес, медайымдар ресторандагы майрамдын эсебин төлөө үчүн акча чогултуп жаткан учурда болгон.

“[...] андамесе атайын кызматтагы бузукулар менен Бейшеналиевдин салгылашуусун ачык деп жарыялайм. Көп кызыктар чыгып кетип, ит болуп калбасаңар болду”, - деп жазган ал.

Би-Би-Си Бейшеналиев жана Тилекованын бирге түшкөн сүрөттөрдүн тарап кетишине УКМКнын тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн атайын кызматтан комментарий ала алган жок.

Баса, учурда Жогорку Кеңештин кароосуна УКМКга байланыштуу беш мыйзам долбоору каралууда: “Улуттук коопсуздук органдары”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү”. Аталган мыйзамдарга 900дөн ашык жаңы бөлүмдөр киргизилип жатат. Ал эми укук коргоочулар бул долбоорлордо УКМКга сот же прокуратуранын уруксаты жок жеке адамдарды тыңшоо жана аңдууга жол берген нормаларды сынга алышууда.

“Жакындыгыбыз жок”

Учурда Германияда иш сапары менен жүргөн министр Бейшеналиев, журналисттерге курган маегинде, Ысык-Көлдөгү кармоого байланыштуу эки жолу сурак бергенин айткан. Министр УКМК сөз кылган 100 миң сомдон ашуун каражатты медайымдар майрамдык иш-чарага чогултканын кошумчалаган.

Бейшеналиев мындай кара ниет кадамдарга “медициналык бизнестин кураторлору” барганын айтып, кызматкерлер менен түшкөн сүрөттөрдү жарыялоону “өтө жаман” деп атаган.

Ошондой эле Бейшеналиев журналисттерге Мээрим Тилекова менен “жакын мамиледе болбогонун” билдирген. 

“Баары жалган. Эгер ал экөөбүздүн чындап эле жакындыгыбыз болсо, ата-энеси деле ызы-чуу салмак да. Анын эки баласы бар. Жакында турмушка чыгат. Болочоктогу жолдошу дагы мага чалып, акылга сыйбаган нерсенин айтылып жатканына күлдү”, - деген Бейшеналиев.

Мындан тышкары, Бейшеналиев Тилекова күч органдары тарабынан коркутууларга кабылып, аны менен байланышка чыкпай жатканын белгилеген.

“Күч органдарынын катыштыгы болсо да мойнуна албайт”

Нурбек Токтакунов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Токтакунов

Юрист Нурбек Токтакунов Би-Би-Сиге курган маегинде жеке жашоонун кол тийбестиги мыйзам менен корголоорун билдирди. Анын айтымында, жабырлануучу тарап сотко же укук коргоо органдарына кайрылышы мүмкүн.

“Жабырлануучу моралдык зыянды ордуна келтирүү үчүн жарандык тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Ошондой эле жекече жашоонун кол тийбестигин бузууга Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинде жоопкерчилик каралган. Эгерде бул кылмыш кызматтык абалды пайдалануу менен жасалса, буга 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган”, - деп түшүндүрдү ал.

  • Ушул эле беренеде жеке же үй-бүлөлүк сыр “ЖМКларга же башкача эл алдында сүйлөөдө жайылтылса” беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Баса, Нурбек Токтакунов сотто иликтөөчү журналист Болот Темировдун кызыкчылыгын коргоп келет.

Темиров баштаган Temirov Live командасы 20-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу иликтөө жарыялагандан кийин күч органдары журналисттердин кеңсесин тинтиген. Андан соң милиция Темиров жана анын кесиптеши, төкмө-акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу иштин алкагында кармап кетишкен.

Болот Темиров

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болот Темиров

Ошол эле күнү атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды “жалган жалаа” деп атаган. Көп өтпөй соцтармактарда Temirov Live редакциясынын кызматкерлеринин жеке жашоосуна байланыштуу видеолор жарыяланган.

Бул видеолор ачыкка чыккандан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтыла баштаган. Коомчулук атайын кызмат Temirov Live’дын кызматкерлерин артынан аңдып, жашыруун видеого тартууга айыптаган.

УКМК бул айыптоолорду четке кагып, соцтармактарда тараган видеолорго тиешеси жок болгонун билдирген. Ал эми адвокат Токтакунов күч органдары мындай видеолорго тиешеси бар болгон учурда да моюндабайт деп эсептейт.

“Алар мындайга катыштыгы бар болсо да, алар күч органдары да, моюндабайт. Эми алар ушундай татыксыз нерселерге катыша турган болсо, кандай күч органы болот?” - деди Токтакунов.

Ал эми 19-апрелде Temirov Live Ташиевдин уулу Тай-Мурастын аты аталган иликтөө жарыялагандан кийин Бишкек шаардык милициясы Болот Темиров Кыргызстандын жарандыгын “мыйзамсыз алганын” айтып, ага карата дагы эки кылмыш ишин козгогон.