Саламаттык министрлигиндеги мамилелер саламат эмес

министер бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин таламын талашкан бир нече адам министрликтин алдына митингге чыкты. Бир күн мурда министрдин үч орун басары аны кызматтык этиканы одоно бузуп жатканы үчүн кызматтан алууну өтүнүп президентке кайрылуу жолдоп жатышканын билдиришкен эле.

митинг \саламаттык сактоо министрлиги
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министрлигинин алдына отуз чакты адам чогулду

Министрликтин алдына митингге чогулгандар Алымкадыр Бейшеналиев бул тармакты көп жылдап чогулган коррупциядан тазалап жатканын, ошон үчүн ага каршылык көп болуп жатканын жүйө келтирип сүйлөштү.

"Алымкадыр Бейшеналиев кимдерге жакпай атат? Жеп ичкендерге, коррупционерлерге жакпай атат",-деди чыгып сүйлөгөн бир жаш активист.

Ошентип саламаттык сактоо тармагын караган министрдин айланасында кырдаал курчуган мүнөзгө өтүүдө. Бир күн мурда эле министрдин үч орун басары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев басма сөз жыйынын өткөрүп, министрликтин аппаратында оор моралдык абал түзүлгөнүн айтып, Алымкадыр Бейшеналиев менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын билдиришкен.

"Эмне деп гана интервьюларды бербеди, эмне деп гана шылдыңдабады. Ошол шылдыңга, уятка биз калып отурабыз",-деди Жапаркул Ташиев.

Алар министрдин кызматкерлерге ороңдогон орой мамиле кылып, кысмакка алып, жалган сүйлөп, кээ учурда моралдык адепке сыйбаган чектен ашкан сөздөрү айтып келатканын жабыла жарыя кылышты.

"Койнуңдагы келинчегиңди менин досторума салып берип кой деген сөз болгон. Телефондон үнүн катуу чыгарып, жанында секретаршасы да бар экен. Кабинетин чалган",-дейт орун басарлардын бири Улук-Бек Бектурганов.

Дагы бир дарыгер Рахман Ажикулов кызмат алыш үчүн министрге он миң АКШ доллары өлчөмүндө пара бергенин да айтууда.

Алымкадыр Бейшеналиев өзү Германияда жүргөн экен, ошол жактан дароо үн катып, аны отставкасын талап кылган орун басарларын, министрликтеги юристти, коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысын кошуп, баарын компетентсиз, алкаш, иштебейт деп жамандады.

Уу коргошун чуусу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан шыпырып салуу аракеттери буга чейин бир нече жолу болду, бирок андан майнап чыккан эмес.

Президент Садыр Жапаров өзү министрге болушуп, анын жакшы иштеп жатат деп баасын берип, калкалап алып калган.

Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп келгенден кийин уу коргошун менен коронавирусту дарылай турганын жарыя кылып, журналисттерди чогултуп алып, алардын алдында уу коргошунду ичип көрсөткөнү өзүнчө дүң болгон.

Ошондо Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу өкмөткө жолдонгон.

"Дүйнөгө өтө эле шылдың болдук, биз буга баары берип, текшеришибиз керек. Депутаттык комиссия түзөлү же комитетке тапшырма берели. Ковид күчөп атат, ошол эле маалда Саламаттыкты сактоо министрлиги уу коргошунду жарнамалап жатат. Аны кайда кайнатып атышат? Эгер резиденцияда болсо бул иш, анда ал мамлекеттик мекеме да", -деген депутат Дастан Бекешов.

"Табыпчылыкты пропаганда кылган киши медицина тармагын жетектөөгө укугу барбы?",-деп сындаган ошол убакта Жанар Акаев.

министр Бейшеналиев

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Бүткөн ишти бүлдүрмөй...

Андан кийин Алымкадыр Бейшеналиев бир катар медициналык жогорку окуу жайлар менен коллеждердин лабораториялык клиникалык базасы жок деп, алардын баарын жаба турганын билдирип чыкты. Анын соңунан бир нече медициналык коллеждерди жабуу жөнүндө буйрук чыгарды.

Мындай оңду-солду ороңдогон буйруктар билим берүү тармагын таң калтырбай койгон жок. Анткени, жогорку окуу жайларды өзү билип жаап койгондой укук министрдин колунда жок эле. Окуу жайлар мыйзам боюнча же уюштуруучунун чечими менен, же соттун чечими менен гана жабылууга тийиш.

Анын үстүнө Кыргызстандагы жыйырмадан ашык медициналык окуу жайларына Индия менен Пакистандан миңдеген жаштар келип окуп жатышат. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев өткөн жылы Пакистанга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын окуу жайларын кара тизмеден чыгарып келген. Эми ошол бүткөн ишти бүлдүрүп, экспортко иштеп, өнүгүп, өлкөгө валюта менен пайда алып келип, казынаны да толтуруп жаткан медициналык окуу жайларды башка министр жабам деп опурулган саясат жүргүзүп жатат.

Бул өкмөттө бирдиктүү саясаттын жоктугу же бир тармактын башында эч кимди укпаган адамдын отуруп алганында эле эмес, министрликтин аппараты моралдык оор кризиске батып, министр чыр-чатактан башы чыкпай калганында, дейт байкоочулар. (КС)