"Нервный болуп калгам". Журналистке кол көтөргөн ишкердин жазасы кандай болот?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эркин журналист Ыдырыс Исаковго “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов кол көтөргөнүнө бийлик тараптан реакция боло элек.
Өлкөдөгү медиа коомчулук бул окуяны кескин айыптап, журналистке кол көтөргөн ишкерди мыйзам чегинде жазалоону талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бул окуя өлкөдөгү журналист иликтөөчүлөрдүн коопсуздук маселесин дагы бир жолу көтөрдү. Себеби, коррупциянын бетин ачам деп иликтөөчү журналисттер иш маалында физикалык опузага эле кабылбай, өлкөдөн мажбурланып да чыгарылып жаткан учурлар бар.
Чулгандуу иликтөө
“Кор болгон пансионат, кол көтөргөн чиновник” аттуу журналист Ыдырыс Исаковдун соңку видеосу соңку суткада Youtube вебсайтынын Кыргызстан сегментинде эң көрүмдүү видео болуп жатат. Анда мурдагы аткаминер журналистти бет талаштыра эки-үч жолу чаап ийгенин көрүүгө болот. Ыдырыс Исаков мындан бир аз күн мурда эле “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деп иликтөө жасап, анда 24 гектар аянты бар Ош пансионаты 2003-жылы кантип менчиктештирилгенин иликтөө жасаган. Иликтөөдө социалдык менчик 24 гектардан кантип 21 гектарга түшүп калганын ачып берүү аракети болгон. Журналист пансионаттын мурдагы жетекчисинен да маек алып, иликтөөнүн ошол биринчи бөлүгүндө эле коркутууларга дуушар болгону көрүнөт.
“Мен 21 жыл тергөөдө иштеген адаммын, нервный болуп калгам. Андан көрө бар федерацияга. Мен жакшына сүйлөп атканда жакшына бол. Мен адам камай берип нервный болуп калгам. Давление көтөрүлүп азыр зорго турам”, - дейт Маматкарим Койчукулов.
Ош шаардык милициясы журналистке болгон кол салууну териштирип жатат. Бирок Ыдырыстын кесиптештери милиция ишти аягына чейин жеткирет болду бекен деп кабатыр:

Сүрөттүн булагы, Official
“Көп учурда ур-токмокко алынган журналисттердин иши алардын денесине оор залкалар келтирилген жок деген негизде арыздар каралбай калган учурлар болгон. Муну менен эмне айткыбыз келет. Кыргызстанда жураналисттерди мына ушундай көрүнуштөрдөн коргой турган мыйзамдар керек. Азыр журналисттердин ишмердигине байланыштуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор кирип жатат. Ошол жерге журналисттердин ишмердигинин коопсуздугун караган жана өмүрүн коргой турган беренелер сөзсүз керек. Коомдук кызыкчылык деп иштеп жаткан журналисттерге карата коргоо болуш керек”, - дейт Оштогу журналист Гулзат Газиева.
Маматкарим Койчукулов журналист менен болгон окуяга өзү комментарий бере элек. Бирок анын бир тууган агасы Абдырахман Койчукулов журналистти уруксатсыз видео тартты деп сындады:
"Маматкарим урардын алдында үч күн мурда келип, маалымат алып кеткен. Ал бүгүн кайра барды. Жеке менчик жайга кирип алып, көрүнгөндү сүйлөп жатат, же сөз бербейт. Маматкарим "көрсөтө турган, көрсөтпөй турган да жагдайлар бар эле, анын баарын айттың" деген экен. "Болду эми, эми кагаз түрүндө баарын далилдеп берейин" деп түшүндүрсө, "мен эркин журналистмин, тартканга укугум бар" деген экен. Бирөөнү тартуу алдында уруксат болуш керек да", - деген А.Койчукулов "Азаттыкка".
Кабарчы жеке менчик жайга кирип барды деген дооматтар коомдук сайттарда да айтылып жатат. Бирок медиа эксперт Азамат Тынаев журналисттин ишмердигинде коомдук кызыкчылык жараткан жагдайлар болгонун айтып, Ыдырыс Исаков мыйзам бузган эместигин Твиттердеги өз баракчасына жазды.
"Бийлик эмнеге унчукпайт?"
Ыдырыс Исаковдун иш убагында сабалышына биринчилерден болуп анын Оштогу кесиптештери реакция жасашты. Ондогон журналисттер президентке кайрылуу жасап, бул окуяны жеке көзөмөлгө алышы керектигин айтып чыгышты:
“Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы – журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку деп эсептейбиз. Андыктан бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алып, кылмышка шектелип жаткан “Пансонат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов мыйзам чегинде жазалануусу керек”, - деа айтылат кайрылууда.
Оштогу Ыдырыстын кесиптештери журналист бул жолу иликтөөсүндө аракеттердеги мыйзамдарды жана журналисттик этиканы сактаган деп эсептешет.
Тамара Валиева Кыргызстандагы журналисттердин Этика комиссиясынын төрайымы. Ал дагы иликтөөчу журналистке карата зөөкүрлүктү кескин айыптап жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
“Журналисттик ишмердигин аткарып жаткан адамга кол көтөрүү үчүн кылмыш жооперчилиги бар. Бийлик буга тезинен реакция жасашы керек эле. Адатта журналисттерге байланыштуу иш болсо, жүгүрүп барып камакка алып жатып калышат эле го. Болбогон эле аргументтер менен өлкөдөн деле түртмөлөп чыгарып коюп жатышпайбы. Бирок бул жерде унчукпай гана отурушат. Анда бул журналисттерди сабай берсе болот дегенди түшүндүрөбү, эртең анда эмне аларды ата башташабы?”, - дейт Валиева.
Валиеванын айтымында журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн буга чейин анын иликтөөлөрүндө аты аталган инсандар Этика комиссиясына кайрылып, арызданган учурлар болгон.
“Журналисттик иликтөөдө аты аталган бир киши Ыдырыс Исаков ага чалып, байланышууга аракет кылганда эч эле контактка чыкпай койгон. Бирок кийин иликтөө чыкканда мага сөз берилген жок деп бизге кайрылган. Бирок ал манипуляция гана болгон. Себеби, журналист ага чейин бул кишиге бир нече жолу кайрылган”.
Ыдырыс Исаков Ошто иштеген эркин журналист. Анын Youtube'да жарым миллионго жакын катталуучусубар. Буга чейин “Азаттыктын” кабарчысы болуп иштеген. Соңку жылдары журналисттик иликтөөгө адистешип, буга чейин Оштогу бир катар эң бай адамдардын былыктарын чукуп чыккан журналист катары белгилүү.
Журналисттик иликтөөнүн жоопкерчилиги
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коомдук сайттарда Койчукуловдун адвокаты делген адамдын видеосу тарап, ал жерде соттук-медициналык экспертизадан кийин журналистке болгон кол салуу Бузуулар кодексиндеги 126-берене же “Майда бейбаштык” беренеси боюнча каралышы мүмкүн экендиги айтылат. Өлкөдө көп жылдар бою иш алып барып келген “Журналисттер” коомдук биримдиги журналистке байланыштуу ишти Кылмыш-Жаза кодексиндеги 280-берене боюнча “Бейбаштык” катары каралышы керек деп билдирүү жасады.
“Бул жакта журналистке атайылап кол салынган. Журналистти эки жолу сокккон. Экинчи ирет сокку бир нече секунддан кийин эле журналистке жакын келип зомбулук менен жасалып жатат. Видеону көргөн адамга зомбулук көрүнүп эле турат”, -делет бул тууралуу кайрылууда.
Марат Токоев “Журналисттер” коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы, медиа тренер. Ал бийлик жана укук коргоо органдары журналисттерге карата ар бир кол көтөрүү боюнча чара көрүп турушу абзел экенин айтат:
“Болбосо, анын аягы эмне менен бүтөт, биз билебиз. Биздин тарыхыбызда журналисттерге кол көтөрүүлөр, кол салуулар менен коштолгон окуялар болгон. Бирок алар боюнча күнөөлүү адамдар табылбай калганда, коомдо “журналисттерди сабап койсо болот экен, ал үчүн эч нерсе болбойт экен” деген пикир калыптанып калган. Бирок соңку окуяда журналистке кол көтөргөн адамдын кармалышы коомчулукка журналистке кол көтөргөн болбойт деген белги берди. Бизде журналисттик иликтөө катуу өнүгүп жатат. Бул коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин берип аткан иштердин бетин ачып берүүдө. Бирок ар бир нерсенин эки жагы болот дегендей, иликтөө көп ишти талап кылат да. Дыкат ишти, ошол эле журналисттердин коопсуздук маселеси. Бирок айрым журналисттер катуу кыйкырып койсо эле, коомдун назары ага бурулуп, бир маанилүү маселени алып чыгып аткандай сезилиши мүмкүн. Бирок чыныгы журналисттик иликтөө көп убакытты, эмгекти талап кылган иш.
Эки-үч окуянын байланышын аныктоо, көмүскөдө катылган иштерди ачыкташ керек. Бизде айрым балдар журналисттик иликтөодеп эле баягы хайп жаратуу менен иликтөөнүн жүрүшу тескерисинче кедергисин берет. Себеп дегенде, биринчиден, элде ишенбөөчүлүк пайда болот. Экинчиден, бул тууралуу катуу билдирип, хайп жаратканда чыныгы маселинин күрөө тамырын кармаган учурда дагы ага байланыштуу көп нерселер катылып, андан беш-бетер жашырылат. Журналисттик иликтөөнү жүргүзүнү кайра татаалдантып коюушу мүмкүн”.
Кыргызстанда журналисттер куугунтукталган эң оор мезгил катары Курманбек Бакиевдин башкаруу кезин аташат. Журналист Геннадий Павлюктун киши колдуу өлүмү, журналист Сыргак Абдылдаевдин бычакталышы, дагы көптөгөн коркутуулар, кол көтөрүүлөр 2007-2009-жылдары болгон.
Андан кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаевдин тушунда журналисттерге карата соттук териштирүүлөр күч алып, эркин, көз карандысыз делген айрым журналисттер жана бүтүндөй редакциялар миллиондогон доолорго жыгылып, басым алдында калганы эсте.
Медиа эксперттер соңку кезде журналист, блогерлерге басым күчөп, ЖМК тууралуу мыйзамга сөз эркиндигине шек келтирчү толуктоолор демилгеленип жатышын да жаман жышаан катары баалап жатышат. Мындай учурда эркин журналистке таламандын так түшүндө болгон кол салуу медиа коомчулукту тынчсыздандырып жатат.








