Индия соту кара тору деп аялын тирүүлөй өрттөгөн кишини өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды

Индия соту терисинин түсүнөн улам аялын тирүүлөй өрттөп жиберген кишини өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыграды. Маркум Лакшми соңку көрсөтмөлөрүндө күйөөсү Кишандас "кара терилүү болгону үчүн аны дайыма шылдыңдап, кордоп келгенин" айткан.
Удайпур округунун судьясы Рахул Чоудхари өкүм менен тааныштырып жатып, бул "эң сейрек кездешкен жана адамзатка каршы кылмыш деди.
Кишандастын жактоочусу Би-Би-Сиге анын кардарынын айыбы жок экенин жана сот өкүмүнө каршы арыздана турганын билдирди.
Лакшминин сегиз жыл мурунку өлтүмү жана өткөн дем алышта чыгарылган өкүм Индияда негизги жаңылыктардан болуп, теринин түсүнө карата коомдогу мамилелердеги көйгөйдү дагы бир жолу эске салды.
Би-Би-Си сот чечими менен таанышып жатып, Лакшмиге кол салуу 2017-жылдын 24-июнунун түнүндө болгондугу тууралуу маалымат алды.
Өкүмдө өлүм алдында жаткан аялдын полицияга, дарыгерлерге жана сот органдарына берген көрсөтмөлөрү келтирилген.
Лакшминин айтымында, алар 2016-жылы баш кошкондон бери эле күйөөсү аны көбүнчө "кали" (кара) деп шылдыңдап, мазактап келген.
Ошол түнү күйөөсү Кишандас колуна күрөң түстөгү суюктук куюлган пластикалык бөтөлкө алып келип, аялына бул терини агартуучу дары экенин айткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал суюктукту аялынын денесине сүйкөгөн. Лакшми анын жыты жагымсыз, кислотага окшош экенин айтканда жыпар жыт чыгарган таякча менен өрттөп жиберген. Андан соң Кишандас аялынын үстүнө калган суюктукту куюп, качып кеткен.
Кишандастын ата-энеси жана карындашы Лакшмини ооруканага алып барышкан, бирок ал ошол жерден жан берген.
"Бул жүрөк титиреткен мыкаачылык Лакшмиге гана эмес, бүтүндөй адамзатка каршы жасалган кылмыш болгонун айтуу ашыкча болбойт",- деп белгиледи судья Чоудхари өз чечиминде.
Айтымында, Кишандас "анын ишенимин тебелеп", ансыз да жалындын ортосунда калган аялынын үстүнө калган суюктукту куюп, өтө мыкаачылыкка барган.
"Бул кылмыш адамзаттын абийирине доо кетирип, цивилизациялуу коомдо элестетүүгө да мүмкүн эмес окуя болду", — деп кошумчалады судья чечиминде.
Прокурор Динеш Паливал бул чечимди "тарыхый" деп атап, коомдун башка мүчөлөрү үчүн "сабак болот" деген үмүтүн Би-Би-Сиге билдирди.
"Жашы жыйырмадан жаңы ашкан кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Ал кимдир бирөөнүн карындашы, кимдир бирөөнүн кызы болчу, аны жакшы көргөндөр бар эле. Эгерде биз кыздарыбызды коргой албасак, анда ким коргойт?" — деди ал.
Паливал өлүм жазасы тууралуу өкүмдү бекитүү үчүн жогорку сотко жөнөткөнүн, бирок экинчи тараптын 30 күн ичинде чечимге каршы даттанууга укугу бар экенин кошумчалады.
Кишандастын адвокаты Сурендра Кумар Менария Би-Би-Сиге Лакшминин өлүмү кокустук болгонун айтып, анын кардарына карата коюлган айыптар негизсиз экенин жана эч кандай далил жоктугун билдирген.
Удайпурдагы соттун чечими Индиядагы териси ачык адамдарга болгон ашыкча артыкчылыкты дагы бир жолу коомчулуктун көңүлүнө салды.
Кара терилүү кыз-келиндерди кемсинтип, ар кандай атап басмырлаган учурлар көп болот. Ошол эле маалда терини агартуучу каражаттардын өндүрүшү миллиарддаган доллар киреше алып келет.
Индияда үйлөнүү тууралуу рубрикаларда теринин өңү ар дайым талкууланып, ак жуумал кыз-келиндерге артыкчылык бергендер арбын.
Буга чейин Би-Би-Си күйөөлөрүнүн шылдыңына жана кысымына чыдабай өз жанын кыйган аялдардын окуялары тууралуу да кабарлаган.












