Алиев менен Пашиняндын АКШдагы жолугушуусу: Трамп демилгени Путинден өзүнө алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жума күнү Вашингтондо Ильхам Алиев менен Никол Пашиняндын жолугушуусу кеминде бир маанилүү тыянак чыгарууга түрткү болмой болду. Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак маселесиндеги талашында Орусия жалгыз арачы болууну каалаган. Бирок Украинаны басып кириши Москванын аймактагы позициясына доо кетирди. Эми эки өлкө лидери бул ролдо Кремлди эмес, Американы көргүсү келет.
Азербайжан президенти да, Армениянын премьер-министри да Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө ага жолуга алган эмес.
Түштүк Кавказ Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү негизги багыт эмес болчу. Анын администрациясы Орусия менен Украинаны элдештирүү жана Газадагы согушту токтотуу сыяктуу алда канча амбициялуу максатты көздөгөн.
Трамптын тынчтык орнотуу боюнча негизги пландары ишке ашпай калгандан кийин гана ал Армения-Азербайжан жаңжалына көңүл бура баштады. Ал жерде куралдуу кагылышуулар эбак токтоп, ал тургай тынчтык келишиминин тексти даярдалып, макулдашылган - болгону кол коюу гана калды.
Орусияны согуштан кийинки пландардан четтетүү тууралуу символдук билдирүүдөн башка, Вашингтондогу жолугушуудан көзгө көрүнгөдөй, пайдалуу жыйынтык чыкты деп айтууга азырынча болбойт.
Алиев тынчтык келишимине кол коюудан мурда Армениянын конституциясын өзгөртүүнү дале талап кылууда.
Айрым маалымат каражаттары кабарлагандай, Азербайжанды Нахичеван автономдук республикасы менен туташтырган жолду ачуу боюнча тараптар орток пикирге келишти. "Зангезур коридорунун" ордуна бул жол Армениянын көзөмөлүндө калат, бирок аны америкалык компания башкарат.
Жума күнү Вашингтондо тараптардын тынчтыкка умтулуу боюнча биргелешкен билдирүүгө гана кол коюшу күтүлүүдө.
Алиев да, Пашинян да мындай ниетин буга чейин бир нече жолу билдирип келген. Айрым адистер АКШнын тынчтык процессине активдүү аралашуусу, жакында гана ортомчусуз ишке аша баштаган сүйлөшүүлөргө зыянын тийгизиши мүмкүн деп кооптонууда.
Көз карандысыздыктын жайы

Сүрөттүн булагы, Azerbaijani Presidency/Handout/Anadolu via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Республикачылар Вашингтондогу жолугушууну Трамптын тынчтык орнотуудагы мыкты чеберчилигинин жемиши деп айтып жатышат. Бирок чындыгында бул Баку менен Москванын келишпестигинин жыйынтыгы.
Июль айынын башында орус полициясынын колунан өлгөн эки азербайжандыктын окуясы расмий союздаш болгон эки өлкөнүн ортосундагы эң чоң дипломатиялык келишпестикке алып келди.
Кремлдин сөзү менен айтканда Бакунун "демаршы" орус бийлиги үчүн күтүүсүз жаңылык болду жана алар дагы эле кандай жооп кайтарарын билбей турушат.
Бул окуя Орусиянын дагы бир расмий союздашы — Армения үчүн жакшы кабар болду. Анткени Орусиянын ортомчулук ролу Арменияда көбүнчө Азербайжандын пайдасына иштеп жатат деп кабыл алынчу.
Ошол эле маалда армян бийлиги армян чиркөөсүнүн эки епискобун жана бир нече оппозиция лидерлерин төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап, камакка алган. Пашиняндын айланасындагылар кутумчулардын артында Москва турганын кыйыткан.
Бирок Орусияда азербайжандыктардын өлүмү, Арменияда оппозициячылардын камакка алынышы - эки өлкөдө узак жылдардан бери топтолгон нааразычылык менен ишенбөөчүлүктү ачыкка чыгарды. Алардын айырмачылыктарына карабастан, Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн жетекчилери Орусиянын үстөмдүк мамилесине нааразы.
2022-жылы Украинага толук масштабдуу басып кирүү бул сезимди ого бетер курчутуп, аларга соңку жүз жылдагы өздөрүнүн орусташуу тарыхын, улуттук кыймылдарды басуу жана СССР менен Орусиянын Карабак кагылышындагы ролун эске салды. Тараптар бул ролду зыяндуу жана терс деп эсептейт.
Ереван Москвага болгон көз карандылык өлкөнү чоң коркунучка кептеди деп эсептейт жана эгемендүүлүктү калыбына келтирүүнү көздөйт.
Баку болсо Орусия Азербайжандын Түштүк Кавказдагы эң күчтүү армиясы бар регионалдык державага айланганын жана мындан ары "жакынкы чет мамлекеттердин" бир бөлүгү катары эсептелбей турганын түшүнүүсүн каалашат.
Москвадан алыстоо процессинин кулминациясы - Алиев менен Пашиняндын Абу-Дабиде биринчи жолу ортомчусуз түз жолукканы болду. Ал жолугушуу эки тараптын делегацияларынын айлар бою талаштуу маселелерди түздөн-түз талкуулап келгенинин натыйжасы. Жолугушууга алар дайыма байланышта болуп келген кеңешчилер менен дипломаттар да катышып, суроолорду эркин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай жолугушуунун эң маанилүү жагы — тараптар жоромолдобой бири-биринин чыныгы ой-пикирин билип алат,- деди эки тараптын делегациясына жакын булактар.
Жолугушууга жакын Азербайжандын бийликке жакын маалымат каражаттары Арменияга карата сөзүн кыйла жумшартты. Коркутуулардын жана талаптардын ордуна жаңы тарых барактарын ачып, тынчтыкты орнотууга үндөй баштады.
Мындай мамиле саммиттен кийин да сакталып, армян саясатчылары коңшусу тарабынан жаңы аскерий эскалация коркунучу тууралуу эскертүүнү токтотту.
Бирок тарыхый жолугушуу мурдагы метрополияга кыжырдануу ондогон жылдардагы кастыкты жана жек көрүүчүлүктү жеңүү үчүн жетишсиз экенин көрсөттү.
Азербайжан тынчтык келишимине кол коюу үчүн Армениянын конституциясын өзгөртүүнү талап кылууда. Бул жыйынтыгы кандай болору белгисиз болгон референдум өткөрүүнү милдеттендирет. Ошондой эле тынчтык орнотуу макулдашуусун кеминде 2026-жылдын жай мезгилине чейин жылдырылат.
Азербайжан менен Нахичеван эксклавын байланыштырган темир жолду башкаруу боюнча талаш да чечиле элек. Алиев бажы көзөмөлү жок коридорду кааласа, Пашинян муну Армениянын суверенитетине доо кетирүү катары кабылдап, четке кагууда.
Орток чечим катары бажы текшерүүлөрдү батыш компаниясына өткөрүп берүү сунушталууда. Ошондо азербайжандыктар армян чек арачылары менен түздөн-түз байланышпайт, бирок Армения өз аймагынан өтүп жаткан жүктөрдү көзөмөлдөй берет.
Бул ролго талапкер болгон швейцариялык компаниянын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бакуга да, Ереванга да барганын эки өлкө бийлигине жакын булактар Би-Би-Сиге билдирди. Бирок швейцариялык сунуштар эки тарапка тең жакпай, четке кагылган.
Июль айында бул вазыйпаны Америка аткара турганы күтүлүп жаткан. Бирок Трамптын өкүлдөрү эрте маалымат таратып жибергенден жана этиятсыз сөздөрүнөн улам армян бийлиги АКШнын сунушун кабыл алган эмес.
Вашингтондогу жолугушуунун алдында анонимдүү булактарга таянган макалаларда АКШ баарына ылайыктуу формуланы сунуштаганы маалымдалды. Бирок расмий макулдашууга чейин бул пландардын ишке ашуусу үчүн тобокелдик жогору бойдон калууда.
Соңку эки жылдагы түз сүйлөшүүлөрдө тараптар чоң державалар аларды элдештирүүгө аракет кылган отуз жыл ичинде жетишилгенден да көбүрөөк жакындашууга жетишти,- деп жазды аймактык эксперттер Филипп Гамагелян менен Заур Шириев Вашингтондогу саммиттин алдында жарыяланган макаласында.
"Баку да, Ереван да суверендүү мамлекет катары мамиле курууга чыныгы кадам жасады.Бул узак убакыттан берки колониялык көз карандылык менен толук ажырашуу болуп саналат. Бирок үчүнчү, дүйнөлүк чоң оюнчунун аралашуусу процесске тоскоолдук жаратып коюшу мүмкүн",- деп эскертти алар.












