Путин менен Трамптын айынан Европа – Кытай мамилеси кантип бузулду?

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Си
Евробиримдик менен Кытайдын алакасы 50 жылдык мамиленин символикалуу жылында эң төмөнкү чекке жетти. Бээжинде өткөн юбилейлик саммит да аларды жараштырбай, тескерисинче, тирешүүнү тереңдеткен жыйынтык менен аяктады. АКШдан кийин эле дүйнөдөгү эң ири эки экономика жакындашуунун ордуна ого бетер алыстады. Демек, Европаны алдыда жаңы кыйынчылыктар күтүп турат.
Евробиримдик менен Кытайдын алакасы пандемия маалында эле солгундап, 2022-жылы Владимир Путин Украинага кол салгандан кийин таптакыр начарлап кеткен. Дональд Трамп экинчи жолу президент болуп шайланып, Кытай менен Европага соода согушун ачкандан кийин, экөө жалпы душманга каршы биригиши мүмкүн экени айтылып жаткан.
Бирок баары тескерисинче болуп чыкты. Тараптар ортосундагы ажырым андан ары тереңдеди. Эмне себептен?
Адистердин айтымында, Кытай Европаны АКШнын вассалы катары кабылдап, анын дооматтарына кулак төшөбөй койгон.
Ошол эле учурда Кытай улам көбүрөөк жеңилдиктерди талап кылып, Европанын чыдамы түгөнүп, өз кызыкчылыгын коргоого катуу киришти.
Себеби Кытайдан келе жаткан коркунуч Европанын коопсуздугуна жана экономикасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
"Кээ бирөөлөр Европа менен Кытайдын саммити талаштуу маселелердин айрымдарын чечүүгө жол ачат деп үмүттөнүшкөн. Бээжин чындыгында айрым майда жеңилдиктерге да барган. Бирок бул жетишсиз болду", — деди АКШдагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) Кытай боюнча адиси Иллария Маццокко.
"Бирок Кытай чоң маселелерди чечүүгө даяр эместей, андыктан мамилелер чыңалган бойдон калууда". Бул кандай маселелер?
"Кытай Европаны сыйлабайт"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Евробиримдиктин Кытайга карата негизги дооматтары беш пункттан турат: соодадагы ири теңсиздик, ак ниетсиз атаандаштык, европалык компанияларды кытай рыногуна киргизбөө, кытайлык хакерлердин чабуулдары, кытай технологияларынын коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулар жана эң негизгиси — Кытайдын Орусия менен болгон "чексиз достугу".
Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Бээжинде Кытай жетекчилиги менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында:
"Кытайдын Орусияга көрсөткөн колдоосу Европанын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат. Кытайдын Путиндин согушуна карата позициясы биздин келечектеги мамилебиз үчүн чечүүчү фактор болот", — деди.
Кытайдын бул маселе боюнча мамилеси алардын маалымат жыйынына өкүл жибербей койгонунан жана саммиттен кийин бир да билдирүү жасабаганынан ачык байкалды.
Жыйынтыгында эки тарап бир гана документке кол коюшту. Бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш боюнча билдирүү болду. Саммит эки күн өтөт деп пландалып жаткан. Кытай бул мөөнөттү бир күнгө кыскартып салды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бирок Европа бул саммиттен көптү күткөн эмес. Бул жолу Евробиримдик курулай үмүт артууну токтотуп, нары карап ыйлап, бери карап күлбөстөн, Кытайдын кысымына каршы биримдигин көрсөтүү үчүн өз делегациясын жөнөткөн.
Кытай таануучу, Европа тышкы мамилелер кеңешинин (ECFR) эксперти Алиция Бахульска саммит болордон мурун:
"Европалыктарда чоң көйгөй бар – Бээжин аларды сыйлабайт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Европа күчтүү жана бирдиктүү позиция менен чыгышы керек", — деп түшүндүргөн.
"ЕБ–Кытай саммити буга жетүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Европалыктар Кытай тарапка өздөрүнүн жөн гана АКШнын тил алчаак коштоочулары эмес экенин ачык көрсөтүшү керек", — деп кошумчалаган ал.
Европа тактикасын өзгөрттү
Саммит боло электе эле Европа Кытайга карата позициясын кыйла катуулата баштаган.
Евробиримдик Кытай компанияларынын өз рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, айрым Кытай банктарына санкция салды. Себеби алар Орусияга Батыштын санкцияларынан буйтап өтүүгө жардам берип жатканы аныкталган.
Ал эми Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өзүнүн баяндамасында мындан ары чыдоого болбой турганын ачык айтты:
"Европа үчүн тобокелчилик абдан реалдуу. Коопсуздугубуз да, атаандаштык жөндөмүбүз да коркунучта. Кытай системасы биздикине такыр окшобойт жана бул аларга оюн эрежелерин бузуп, артыкчылык алууга шарт түзөт".
Ал Европанын суроолоруна Кытай олуттуу түрдө жооп бериши керектигин эскертти.
"Мамилени бекемдөө үчүн реалдуу жылыштар болуп, көптөн бери чыга албай жаткан туңгуюктардан адилеттүү жол менен чыгышыбыз керек".
Саясий аналитиктер Европа тонун өзгөрткөнүн дароо байкашты.
"ЕБ бирдиктүү жана так сигнал бере алды. Сабырдуулугун сактап, келечекке керектүү саясий тыянактарды чыгара алды. Бул азыркы кырдаалда жасай ала турган эң туура кадам болду. Бул ийгилик, болгону аны азыр көпчүлүк аңдай албай жатат", — дейт АКШдагы German Marshall Fund уюмунун изилдөөчүсү, кытай таануучу Эндрю Смолл.

Сүрөттүн булагы, AFP
Саммиттин эч кандай жыйынтыксыз аяктаганы — бул да жетишкендик деген пикирге АКШдагы Эл аралык мамилелер кеңешинин (Council on Foreign Relations) эксперти Брэд Сетсер да кошулат. Анын айтымында, эгер Кытай Европанын негизги суроолорун чечүүнү каалабаса, анда майда-чүйдө нерселерге убакыт коротуунун кереги жок.
"Жеке өзүм муну чыныгы жылыш деп эсептейм. Курулай, жел келишимдерге кол коюп, жасалма "прогресс" жаратып отуруунун зарылчыгыгы жок экенин Еврокомиссия түшүнүп калды деп үмүттөнөм. Анткени мындай документтер чыныгы көйгөйлөрдү чечпейт", — деп жазды ал.
Ал эми чыныгы көйгөй Орусия эмес. Башкы маселе — соодадагы теңсиздик.
"Европа соода балансын калыбына келтирүү анын түздөн-түз кызыкчылыгы экенин түшүнө баштаганын кубаттайм. Бирок бул үчүн Кытай да өз экономикасын кайра карап чыгышы керек болот", — деп белгилейт Сетсер.
Бул — Батыштын Кытайга болгон негизги дооматы жана ошол эле учурда бул дооматты жоюуга жолтоо болуп жаткан эң башкы тоскоолдук.
"Бул адилетсиздик"
Кытай менен Евробиримдиктин ортосундагы соода маселеси көз алдыбызда барган сайын тереңдеп жатат. Европа Кытайдан улам көбүрөөк товар сатып алууда, ал эми Кытай Европадан барган сайын азыраак импорт кылууда.
"Акыркы он жылда Кытай менен болгон соода тартыштыгыбыз эки эсе көбөйүп, 300 миллиард евродон ашты. Бул бурулуш учур. Биз Кытайга соода эки жакка тең пайдалуу болушу үчүн тең салмактуулук керек экенин так айттык", — деди Урсула фон дер Ляйен саммиттен кийинки маалымат жыйында.
Кытай европалык өнөр жайга биринчи жолу коркунуч жараткан жери жок. 2000-жылдардын башында ал Европаны арзан товарга толтуруп салган. Эми болсо жаңы доордун экинчи соккусу келди — Кытай жаңы экономиканын бир катар тармактарында лидерге айланып, Европага эми кымбат товарларды — күн панелдеринен тарта электроника, электромобилдерге чейин массалык түрдө жөнөтүп жатат.
Кытай жөн гана экспортту көбөйтүп жаткан жок, ал өзүн дүйнөлүк сооданын башкы оюнчусу катары көрсөтүп, Евробиримдиктен кытай компаниялары менен товарлар үчүн 450 миллион керектөөчүсү бар бай рынокко тоскоолдук кылбоону талап кылууда. Ошол эле маалда Кытай өзүнүн 1,5 миллиарддык ири рыногун Европага ачкан жок.
"Бул адилетсиздик. Система атайын бурмаланган", –- деди фон дер Ляйен.

Сүрөттүн булагы, AFP
Европа жыл сайын Кытайга болжол менен 200 миллиард еврого товар сатып, 500 миллиарддан ашык еврого товар сатып алат. ЕБга келген кытай товарларынын жарымынан көбү телекоммуникация жабдуулары жана машина куруу продукциясы.
Кытайдын авто өнөр жайы акырындык менен Европаны багындырып баратат, бирок азырынча европалыктар Кытайдан электромобилге караганда балдардын арабасын көбүрөөк сатып алып жатышат.
Кытай — Евробиримдикке эң көп товар жеткирген өлкө 21,3 %. Калгандары кыйла артта: АКШдан 13,7%, жакынкы Британиядан 6,8%, ал эми коңшулаш Швейцариядан болгону 5,6% товар жеткирилет.
Европалыктардын пикиринде, Кытай атаандаштыкты жөн эле утуп жаткан жок. Ал бүтүндөй тармактарды мамлекеттик субсидия менен колдоп, дүйнөлүк рынокто үстөмдүк кылууга жетишип, андан кийин бул үстөмдүктү басым-кысым куралы катары колдонууда.
Евробиримдик мунун азабын тартып көргөн. Украинада согуш башталардан бир жыл мурун эле Владимир Путин Европага каршы газ согушун баштап, агымды кескин кыскарткан. Ал кезде ЕБ Орусиянын арзан газына катуу көз каранды болуп калган эле. Бул энергетика согушу Европаны терең кризиске кептеп, анын кесепети бүгүнкүгө чейин сезилип келет.
Кытай да ушундай ыкмага өткөн: жакында эле Европага каршы чийки зат басымын колдонуп, сейрек кездешүүчү металлдар менен магниттердин экспортун токтотуп койду. Европа мындан бүтүм чыгарды.
"Биз сабакты алдык. Эгер бирөөгө көз каранды болсок, демек, алсызбыз. Технология, соода жана коопсуздук бири-бири менен тыгыз байланышта экенин түшүндүк. Эми биз Европанын көз карандысыздыгы үчүн бул тобокелдиктерди азайтабыз", — деди Урсула фон дер Ляйен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Евробиримдиктин колунда азыр соңку, эң күчтүү чара катары "соода базукасы" деп аталган жаңы инструмент калды. Бул механизм ага Кытай менен АКШ сыяктуу эле, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) катаал эрежелерин сактабастан, чечкиндүү кадамдарга барууга мүмкүнчүлүк берет.
Анын алкагында ЕС асимметриялуу чара колдоно алат. Тактап айтканда, товар соодасына гана эмес, кызмат көрсөтүү тармагына, мамлекеттик сатып алууларга жетүүгө жана интеллектуалдык менчикти коргоо укуктарына да чектөөлөрдү киргизүүгө жол ачылат.
Азырынча ЕБ бул куралын колдонгон жок. Балким, эки фронтто тең — Кытайга каршы да, АКШга каршы да ок чыгара турган учур келип калышы мүмкүн.
Трамптын учурунда абал ого бетер начарлады
Бул саммиттин дагы бир сабагы — Дональд Трамптын Кытай менен Евробиримдикке каршы соода согушу Кытай компартиясын жана анын лидери Си Цзиньпинди чочуткан жок, тескерисинче, шыктандырып койду. Кээ бирөөлөр күткөндөй, "жалпы душман" Кытай менен Европаны жакындаштырган деле жок.
"Трамп менен болгон кармашта Кытай туруштук берди, акырында Трамп артка чегинүүгө мажбур болду. Бул жеңиш Кытайга дем берип, эми ал Европага каршы да басымды күчөтө баштады. Натыйжада, Трамп Евробиримдикти бурчка такап, ал жакты сөз менен ынандыруу мүмкүн эместигин көрсөтүп койду. Бул болсо европалыктардын чечкиндүүлүгүн арттырды", — деп белгилейт German Marshall Fund уюмунун эксперти Эндрю Смолл.
"Кытай АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү ийгилигин Европага таасир эте турган жаңы курал катары көрдү өңдөнөт. Эгерде АКШ бат эле баш ийип берсе, анда калган тараптарга да басым жасоодон эмне үчүн баш тартуу керек?" — деп жазат ал.
Кытайдын кысымы Европаны мобилизациялады. Бир нече ай мурун эле айрым европалыктар Дональд Трамптын агрессивдүү Америкасынан алыстап, Кытайга ыктоо керектиги жөнүндө айтып жатышкан.
Бирок Кытай сейрек кездешүүчү магниттерди жеткирүүнү токтотуп, жаңы талаптарды коё баштаганда, Европанын дооматтарына таптакыр көңүл бурбай койгондо ЕБ каршылык көрсөтүүгө мажбур болду.

Сүрөттүн булагы, AFP
Евробиримдиктин убактысы аз калды. Соода согушу Европанын экономикасына чоң зыян келтирүүдө. Ал буга чейин эле АКШнын, жадагалса Кытайдын экономикасына караганда жайыраак өсүп жаткан.
Трамп Кытай товарларын киргизбей, АКШ рыногун жаап жаткандыктан, алар Европага агылып жатат. Ал эң чоң жана эң бай өнөр жай продукциясынын рыногу. Ал экспорт Кытай экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп эсептелет.
Андан тышкары европалык ишкерлер арзан импорттун жаңы агымынан гана эмес, АКШнын экспортко койгон чектөөлөрүнөн да жапа чегип жатышат. Анткени Трамп европалык товарларга Кытайдыкына салыштырмалуу жогору тарифтерди киргизген.
Мындан тышкары доллардын курсу Трамптын саясатынын басымы алдында калды: кытай юаны иш жүзүндө америкалык валютага байлангандыктан, евро бекемделген сайын Европага импорттолгон товарлар арзандап, ал эми Европадан башка өлкөлөргө экспорттолгон товарлар кымбаттап кетүүдө.
"Бөлүп-жар жана башкар": Эмне үчүн Кытай ЕБди укпайт?
Бээжиндеги саммит көрсөткөндөй, Кытай европалыктардын чечкиндүүлүгүнөн коркпойт. Аларга мунун кереги деле жок.
Си Цзиньпин европалык делегацияга Европанын көйгөйлөрү үчүн Кытай күнөөлүү эмес экенин айтты. ЕСтин жетекчилиги теңсиздик маселелерине байланыштуу эч кандай убада ала алган жок. Тескерисинче, Кытай санкцияларды алып салууну, ошондой эле кытай товарлары менен технологияларынын импортуна болгон чектөөлөрдү жоюуну талап кылды.
"Кытай Европадагы пикир келишпестиктер аны бирдиктүү фронт болуп чыгууга жол бербесине толук ишенет. Кытай Европаны алсыз, бөлүнгөн, саясий лидерлик жана чечкиндүүлүктөн ажыраган деп эсептейт. Ошондуктан Бээжин "бөлүп-жар жана башкар" деген стратегияны колдонуп, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр менен көбүнчө эки тараптуу негизде иш алып барганды жактырат", — дейт ECFR уюмунун Кытай боюнча адиси Алиция Бахульска.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Карнеги борборунун Бээжиндеги экономисти Майкл Петтис эгер Кытай европалыктардын талаптарын тыңдаса да, адилетсиздикти оңдой албай турганы шексиз деп эсептейт.
Анын пикиринде, көйгөйдүн түп тамыры экономикада же соодада эмес. Маселе — саясий мүнөздө жана азыр Си Цзиньпиндин коммунисттик бийлиги өкүм сүрүп турганда чечүү мүмкүн эмес.
Кытай экономикасы көбүнчө өнөр жай аркылуу өсүүдө. Завод-фабрикалар көбүнчө продукциясын сыртка сатат. Бирок Кытайдын өзүндө керектөө анчалык чоң эмес, өндүргөн продукциясынан аз эле колдонушат.
Бул дисбалансты жоюу үчүн Кытай бийлиги көп жылдан бери жарандарынын кирешесин көбөйтүүнү көздөп келет. Алар көбүрөөк товарларды, анын ичинде сырттан импорттолгон товарларды жана Кытайдагы ашыкча өндүрүштү сатып алса деп ойлойт.
"Ресурстарды калктын пайдасына кайра бөлүштүрүүнүн эки жолу бар: бизнес же мамлекет аркылуу бөлүштүрүү", — деп жазат Петтис.
"Албетте, биринчиси кыска мөөнөттө экономикалык өсүштү төмөндөтөт, экинчиси, сөзсүз түрдө саясий институттарда өзгөрүүлөрдү талап кылат".












