"Арам ой ишке ашпайт". Бакиевге Бишкектен кол кезешти
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Курманбек Бакиевге кун төлөткүсү келгендердин сунушу жана ага каршылардын Бишкекте болгон митинги бозгундагы экс-президентке каршылык маанайдын дагы эле курч экенин көрсөттү. Бакиевдин ойлогону, көксөгөнү - Кыргызстандын бийлигин көндүрүп, 13 жыл мурдагы кандуу окуяларды кайра каратууга жетишүү. Бул үчүн ар кандай жол издеп, туш-туш жакка киши салып, акча салып, тынбай аракет көрүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Курманбек Бакиев кун төлөсүн дегендер жана ага каршылардын Бишкекте болгон митинги бозгундагы мурунку президентке каршылык маанайдын дагы деле курч экенин көрсөттү.
2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун үй-бүлөсү, жакын туугандары өткөн ишембиде митингге чыгып, Курманбек Бакиевден кун албай турганын жарыя кылышты жана аны алып келүүгө караманча каршы талаптарын бийликке жолдошту.
"Өз элин канга боеп, кыргыз мамлекетин тоноп кетип, чет жакта бизнес кылып чардап жаткан Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуунун айла-амалдарын издеп жатыптыр. Анын курман болгондорго кун төлөп, жарадарларга акча берип, элден кечирим сурасам деген арам ою ишке ашпайт! Арам акчаны да албайбыз!", - деп айтылат кайрылууда.
Көп жыл мурун болгон кандуу окуяда жакындарын жоготкон айрым адамдар жашоодон кыйналып тургандыктан Минскиде Лукашенко канатына калкалап алган Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алалы деп чечимин билдиришкен. Бакиевдер келбесин деген каршы митинг ушундан кийин болуп отурат.
Бакиевден кун алуу сунушу, балким, аларга чыккан сот өкүмдөрүн кайра каратуу максатындагы болуп жаткан технологиялардын бир көрүнүшүбү деген дагы ойлор кетпей койбойт. Анткени бул сунуш колдоо тапса, Минскиден кандай реакция болору белгилүү. Бакиев сот өкүмдөрүн кайра карап чыгууну талап кылат. Бул сунуш ошон үчүн арам ой катары кабыл алынып, каршылык болуп жаткандай.
“Байлыгы ашып-ташып турса да, бул жакта төрөлгөн кыргыз негизи башка жакта жашай албайт. Ошон үчүн Акаев кандай болсо дагы келди, бирок анын колунда кан жок эле. Ал эми Бакиев аракет кылып жол издеп атат, бирок анын мисалында чоң ката кетти, кан төгүлдү, көп адам каза болду. Канчалык кун же тиги-бул ритуалдарды ойлоп чыгарса дагы эми эл көнбөйт, чече алышпайт. Булар кызыл чектен өтүп кетти”,-дейт саясий аналитик Марс Сариев.
Бул жолго азыркы бийлик барбайт дагы, анткени ал арка-моюн сына турган жол экенин билет.
“Ансыз деле ар кандай шек барып келип эле Жапаровго жабышат. Ар кандай консприологиялык ойлор чыга берет. Жакшылап таразалап көрүшсө, бул Жапаров менен Ташиевге аябай чоң зыян болот. Келтире алышпайт”.

Садыр Жапаровдун ушул жылы жазында Дубайда экс-президенттердин башкын кошкон жолугушуу уюштуруп, ага Курманбек Бакиевдин дагы барып катышканы ар кандай жоромолду пайда кылды. Бирок Бакиевдердин Кыргызстанга кайтышына, алардын ишинин кайра каралышына азыркы бийлик каршы болуп келатат, бул жөнүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Би-Би-Сиге ушул жылы жайында өзү айткан эле. Ал эми Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде "эгер Бакиев Кыргызстанга келсе, дароо камалат" деди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Закир Салиев жана башкалар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Оор кылмыштар боюнча сыртынан соттолуп, чоң мөөнөткө кесилген Бакиевди Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча кыргыз бийлигинин аракети он жылдан ашык мезгилден бери ишке ашпады. Ошол эле учурда бийлик бул маселеге баш оту менен киришип, бардык күчүн жумшады деп айтууга деле ооз барбайт. Башкы прокуратура экстрадицияны талап кылган катты кайра-кайра жиберип тим болду, бирок саясий-дипломатиялык каналдар менен эмне аракет болгону билинген жок.
Курманбек Бакиев Курманбек Беларуста эмне кылып жатканы азыркы санарип доордо көз жаздымда калышы кыйын, ага байкоо салганды мындай кой, артынан казып иликтеп-жиликтеп жаткан топтор да бар. Беларуста жакында эле иликтөөчү журналисттердин тобу экс-президент өзү жана жакын туугандары менен эчак эле аты-жөнүн өзгөртүп алып жаңы паспорт алып, ээн-эркин саякаттап жүргөнүн жазып чыкты. Андагы маалыматтарга карасак, Курманбек Бакиев экинчи паспорту боюнча Закир Салиев, иниси Жаныбек да Салиев деген фамилияга көчкөн. Ал эми улуу баласы Марат, анын балдары баары энесинин фамилиясына көчүп, Петровдор болуп кеткен. Бакиевдин экинчи аялынан төрөлгөн эки баласы дагы энесинин фамилиясына катталган. Качкындагы экс-президенттин өзү баш болуп, балдары, туугандары баштапкы фамилиясынан баш тартып жатканынын өзү эле анын эл-жерге батпай калганынын кашкайган белгиси.
Бакиевдин ойлогону, көксөгөнү - Кыргызстандын бийлигин көндүрүп, 13 жыл мурдагы кандуу окуяларды кайра каратууга жетишүү. Бул үчүн ар кандай жол издеп, туш-туш жакка киши салып, акча салып, тынбай аракет көрүүдө.
Бишкекте жазында 2010 -жылдын апрель-июнь айларында болгон окуяларды кайра иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия түзүлгөнүн мурда кабарлаганбыз.
“Биз биринчи 7-апрелден баштайбыз. Эмне алып келди, эмнеге ушундай болду, ичтен, сырттан кандай таасир болду, себеби эмнеде болду, эмне менен бүттү, ачылбаган бир топ фактыларды ачабыз”,- деп жар салган ошондо көз каранды эмес коомдук комиссиянын жетекчиси, ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков Би-Би-Сиге:
“Эки ортодо фейктер чыгып, ажырым кетип баратат. Ошону биз болушунча көз карандысыз фактылар, далилдерди чыгарып, токтотуп калышыбыз керек. Биздин революцияга алып келели деген максатыбыз жок. Тескерисинче биримдүүлүккө, ынтымакка чакырып, ушуга чекит койбосок болбой атпайбы. Менин бирөөнү жамандап, бирөөнү актайын деген оюм жок".
Андан мурда Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин качып жүргөн мурдагы президенттен интервью алып, жарыялаганы да коомдук маанайды бир топ удургутуп салды. Курманбек Бакиев бул интервьюда өзүнө эчтеке жуутпай, башкаларды күнөөлөгөн.
Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмил Каптагаев көз каранды эмес коомдук комиссиянын билдирүүсүн, чуу жараткан интервьюну Бакиевдер ойнотуп аткан технологиялар деп атаган болчу:
"Кайрадан караш керек турбайбы дегенге алып келип, Жогорку Соттун чечимин бузуп туруп биринчи инстанцияда кайра каралсын дейт. Ошондо эч кимиси соттолбой калган болуп калат. Кайра башынан сот он жыл карайбы, 20 жыл карайбы, аны менен эч кимдин иши жок болуп калат. Соттолгондугу жоюлуп, эркиндик алып кетет. Азыркы жасалып жаткан бул иштин технологиясынын өзөгү ушул".
Кандуу жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2010-жылы 6-7-апрелде миңдеген кишилер ошол учурдагы президент Бакиевдин режимине каршы көтөрүлүп, Ак үйдүн алдында токсонго жакын киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жарат алган. Бакиев адегенде кичи мекени Жалал-Абадка барып түштүктөгү күчтөрдүн колдоосун уюштурууга аракет көргөн. Бирок максаты ордунан чыкпай, андан ары Беларуска барып баш калкалап калган.
Ошол эле жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон улут аралык кагылышууда төрт жүздөн ашуун киши көз жумган. Миңден ашууну ар кандай жаракат алышкан. Бул кайгылуу окуяларды бир нече комиссия иликтеп, анын ичинде улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялардын тыянагы көптөгөн талкууларды жараткан эле.
2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашкан учурдагы кан төгүлгөн окуя боюнча баардыгы 28 адам соттолгон. Курманбек Бакиев, ошол учурда мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган бир тууганы Жаныш Бакиев адегенде өмүр бою эркинен ажыратылган. Жогорку Сот кийин Курманбек Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын 30 жылга алмаштырган.











