Би-Би-Си иликтөөсү: фотомоделге таандык компания Британиянын аскердик оптикасын Орусияга жөнөтүп турган
Ангус Кроуфорд жана Тони Смит, Би-Би-Синин иликтөө бөлүмү

Сүрөттүн булагы, Instagram
Британ фирмасы тарабынан жасалган 2,1 миллион долларга тете жогорку технологиялык жабдыктар орус армиясы менен байланышы бар компанияларга сатылган. Аны Би-Би-Синин колуна тийген бажы документтери көрсөтүп турат.
- Бул материал BBC News Investigations редакциясы тарабынан даярдалып, кыргыз тилине которулду. Түп нускасын бул жерден окуңуз.
Ал документтерге ылайык, Британияда жасалган камера линзаларын Кыргызстанда катталган, сууга түшүүчү кийимдерди (купальниктерди) жарнамалаган моделге таандык компания жиберген.
Британиянын Challenger 2 танктары жана F35 согуштук учактары боюнча иштеген британиялык өндүрүүчү Beck Optronic Solutions Би-Би-Сиге санкцияларды бузбаганын, Орусия же Кыргызстан менен эч кандай мамилеси жок экенин жана андай тетиктер ташылып жатканынан кабарсыз экенин айтты.
Биздин иликтөөбүз Украинада согуш башталгандан бери Орусияга киргизилген санкциялар канчалык натыйжалуу болуп жатат деген маселени козгойт.
Биздин иликтөөчү топтун иши жыйырма беш жаштагы теги казакстандык, учурда Беларуста жашаган Валерия Байгаскинага барып такалды. Анда-санда модель болуп иштеген Валерия коомдук сайттарда өзүнүн ашып-ташкан саркеч жашоо образы тууралуу үзгүлтүксүз билдирүүлөрдү чыгарат. Акыркы эки жылда ал Дубай, Шри-Ланка жана Малайзияга барып келген.
Валериянын социалдык желедеги баракчаларында анын Орусиядагы санкция салынган компанияларга миллиондогон долларлык жабдыктарды жөнөткөн фирманын директору экенин көрсөткөн эч кандай белги жок. Ал жагы биз бажы документтерин текшергенде аныкталды.
Беларустагы каттоо маалыматтарына ылайык, Валерия Байгаскина "Рама Групп" ЖЧК деп аталган компаниянын негиздөөчүсү жана директору болгон. Компания 2023-жылдын февралында түзүлүп, анын Беларустагы жашаган жеринен 3700 чакырым алыстыкта, Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы даректе катталган.
Бул эки өлкө тең Орусия менен тыгыз соода байланышы бар мурдагы советтик мамлекеттер. Ал эми Беларус Москванын Европадагы эң күчтүү өнөктөшү бойдон калууда.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2022-жылдын февралында Орусияга каршы санкциялар киргизилгенден бери Британиянын Кыргызстанга экспорту 300 пайыздан ашык өскөнүн соода маалыматтары көрсөтүп турат. Эксперттер айрым товарлар чындыгында Москвага багытталган болушу ыктымал деп шектенишет.
Би-Би-Синин колуна тийген бажы документтери ракеталарда, танктарда жана учактарда колдонула турган жогорку сапаттагы оптиканы "Рама Групптун" Москвага эки жолу жеткиргенин көрсөтүп турат.
Жабдыктар Англиянын Хердфоршир аймагындагы Хемел Хемпстед шаарында Beck Optronic Solutions тарабынан жасалган деп бажы кагазында көрсөтүлгөн. Компания бутага алуу жана көзөмөлдөө системаларында колдонулган жогорку тактыктагы линзаларды чыгарат.
Анын айрым линзалары саламаттыкты сактоо жана инженерияда колдонулганы менен Beck Optronic Solutions өзүнүн веб-сайтында алар аскерде жана коргонууда кеңири колдонулаарын көрсөткөн.
Beck Optronic тарабынан сатылган линзалар жана оптикалык технологиялар Орусияга мыйзамдуу түрдө экспорттолбойт, аны сатуудан мурун Улуу Британиянын бийликтеринин уруксаты талап кылынган товарлар катары атайын тизмеде турат.

Би-Би-Си бажы документтери аркылуу жалпы баасы 2,1 миллион доллар болгон алты жабдык жиберилгенин аныктады. Алар Beck Optronic тарабынан жасалган болушу мүмкүн жана "Рама Групп" менен дагы бир ортомчу компания "Шисан" ЖЧКсы аркылуу Москвага өткөрүлүп берилген деп айтылууда.
2023-жылдын декабрында жана 2024-жылдын январында "Рама Групп" Москвага эки жолу жүк жиберип, аларды декларацияда "камеранын айлануучу бөлүгү" катары көрсөткөн. Бул жүктөр Москвадан 320 чакырым түштүк-батышта жайгашкан Смоленск шаарындагы Sol Group компаниясына жөнөтүлгөн. Бул компанияга АКШ санкция салган.
Товарлар кайсы эл аралык каттам менен жеткени белгисиз, документтерде айрым жүктөр Таиланддан чыккан болушу мүмкүн деп көрсөтүлүп турат.
Кыргызстандык "Шисан" компаниясы Beck Optronic компаниясынын 1,5 миллион долларлык продукциясын төрт жолу жиберүүгө жооптуу болгон.
Алардын экөө "кыска толкундуу инфракызыл камера объективи" болуп, бомбаны бутага алуучу жабдыктарды жасаган Урал оптикалык-механикалык заводуна жөнөтүлгөн. Ал заводго дагы орус армиясы менен байланышы үчүн санкция салынган.
"Рама Групп" жана "Шисан" Бишкектеги бир эле даректе, шаардын гүлдөп-өнүккөн тарабындагы беш кабаттуу заманбап үйдө жайгашкан. Биз барганыбызда Валерия Байгаскинанын чет өлкөдө иш сапары менен жүргөнүн айтышты.
Биз анын номерин коомдук сайттардагы билдирүүлөрү аркылуу таап, иликтөөбүздүн жыйынтыгы менен тааныштырдык.

Сүрөттүн булагы, Instagram
Байгаскина компаниянын негиздөөчүсү экенин, бирок компаниясын май айында сатып жибергенин айтты. Ал компанияга ээлик кылган учурда "эч бир андай нерсе жеткирилген эместигин" билдирди. Андан соң телефонду өчүрүп койду.
Кийинчерээк ал электрондук почта аркылуу бул айыптоолор "күлкүлүү" жана "жалган маалыматка" негизделгенин билдирди.
Биздин изилдөө көрсөткөндөй, ушул жылдын май айында ал "Рама Групп" компаниясын Казакстанда ич кийим бизнесин жүргүзгөн эң жакын досу Ангелина Журенкого саткан.
Журенко менен байланышканыбызда, бизге төмөнкүлөрдү айтты:
"Соода-сатык иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында гана жүргүзүлөт, компания эч кандай тыюу салынган иштерди жасабайт. Мындан башка маалыматтар жалган".

Сүрөттүн булагы, Instagram
Ал эми "Шисан" компаниясынын директору болуп Евгений Анатольевич Матвеев катталган. Биз ага суроолорубузду электрондук почта аркылуу жөнөттүк.
Ал биздин маалымат "жалган" экенин жана ал "Азия өлкөлөрүндө гана өндүрүлгөн жарандык товарларды жеткирүүчү бизнести" жүргүзөрүн айтты:
"Бул мен иштеген мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбейт. Анын АКШ санкцияларына эч кандай тиешеси жок, анткени сатууга жана жеткирүүгө мүмкүн болгон Азиянын товарларынын эркин соодасына тыюу салуу мүмкүн эмес".
Beck Optronic бул жөнөтүүлөр тууралуу же линзалардын жете турган жайы Орусия экенин билгени тууралуу эч кандай далилдер жок.
Бул компания бизге ал жүктөргө эч кандай тиешеси жок экенин айтты:
"Beck Optronic Британиянын экспорттук көзөмөлүнө каршы келген же Британия колдонгон санкцияларды буза турган эч нерсе жөнөткөн эмес. Ал Орусияда, Кыргызстанда же Таиландда эч бир тарап менен эч кандай мамиледе болгон эмес. Компания бул багыттар боюнча кандайдыр бир жүк жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билген эмес жана бул багыттарга эч нерсе жөнөткөн эмес".
Аталган компания ал тургай тизмедеги жабдыктардын айрымдары өздөрү тарабынан жасалбаганын айтып, бажы документтери бурмаланган болушу мүмкүн деп эсептейт.
Бирок бул болжолдуу экспорт бир катар булактан келген жүктөрдү камтыган чоң иштин бир бөлүгү гана.
Вашингтондо жайгашкан C4ADS коопсуздук аналитикалык борбору тарабынан талданган бажы документтери "Шисан" 2023-жылдын июль айынан декабрына чейин Кыргызстан аркылуу Орусияга 373 жүк ташуу ишин аткарганын көрсөттү.
Алардын ичинен 288 "жогорку артыкчылыктуу согуштук буюмдар" катары бажы кодексине кирген товарлар болгон.
Ушул эле алты айдын ичинде "Рама Групп" Орусияга жалпысынан 1756 жүк ташууну аяктады. Алардын ичинен 1355 "жогорку артыкчылыктуу согуштук объекттер" тизмесине киргизилген.
Бул компаниянын акыркы жүктөрү, анын ичинде АКШ жана Британия компаниялары тарабынан жасалган электроникалык жабдыктар "Титан-Микро" аттуу орус компаниясына кеткен. Ал компания Орусиянын аскердик тармагында иштегени үчүн 2023-жылдын май айынан бери АКШнын санкцияларына дуушар болгон.
"Алар бул технологияны орусиялык кардарга сата турган болсо, бул адамдарды өлтүрүү экенин толук түшүнүшү керек", - дейт Украинанын көз карандысыз антикоррупциялык уюмунун өкүлү Олена Трегуб.
Ал санкциялардагы жылчыктар кишилердин өмүрүн кыйып жатканын эскертет:
"Ошол технология болбогондо ал куралдар учмак эмес. Ошол баллистикалык ракеталардын, ошол камикадзе дрондордун башкаруу бөлүгү батыштын технологиясынан жасалган".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын ошол кездеги Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон апрель айында Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, кыргыз бийлигин санкциялар боюнча эрежелерди аткарууну күчөтүү үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө үндөгөн.
Айрым эл аралык уюмдар санкциялардан айланып өтүүдөгү Кыргызстандын ролун сөз кылып келет.
Кыргыз президенти өз кезегинде Кэмерондун расмий сапары "Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берерине" ишенерин билдирген.
Евробиримдиктин санкцияларды ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан бизге "мыйзамсыз сатып алуу түйүндөрүн" жабуу аракеттери уланып жатканын билдирип, "компаниялар акыркы колдонуучу ким жана кайда экенин түшүнүү үчүн, согушта колдонулчу буюмдар акыры кайсыл жерге барарын билүү үчүн тийиштүү текшерүүдөн өтүшү керек" деди.
Би-Би-Си Кыргыз кызматы иликтөөнүн авторлору белгилеген компаниялардын ишмердиги жана иликтөөдө көрсөтүлгөн маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо үчүн Кыргызстандын тиешелүү министрликтерине жазуу жана оозеки түрдө кайрылып, маалымат сурады.
Министрлик бул боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, маалымат даярдоо менен алек болуп жатканын билдирди. Би-Би-Си Кыргыз кызматы тиешелүү министрликтердин жообу даяр болгондо ал маалыматтарды дагы чагылдырууга даяр. (DO)








