Суунун тартыштыгы “сары кыздын тоюна” дагы таасир этти

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ысык-Көлдүн өрүктөрү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ысык-Көлдүн өрүктөрү

Ысык-Көлдө жайкысын туристтик сезондон тышкары, “сары кыздын тою” кызуу жүрөт.

Көлдүктөр өрүктү “сары кыз” деп коюшкан. Ага бул маалда ар тараптан кудалар түшүп, ээлерине калың сунушташат. Кимиси наркты бийигирээк көтөрсө, “сары кыз” ошого кетет. Ошентип, “сары кыздын тою” кызыйт.

Көлдүн өрүктөрү таза жана даамдуу деп бааланып, жыл сайын Россия, Казакстанга экспорттолот. Бирок бул жылы суунун тартыштыгы жана туруксуз аба ырайы түшүмгө кыйла таасирин тийгизди.

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылынын тургуну Эсенгулова Чолпон 3 гектарлык өрүк бакты үй-бүлөсү менен иштетет. Ал Би-Би-Сиге бул иштин күңгөйү менен тескейин айтып берди.

Эсенгулова Чолпон, Кош-Көл айылынын тургуну
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенгулова Чолпон, Кош-Көл айылынын тургуну

Би-Би-Си: Быйыл “сары кыздын тою” кандай болуп жатат?

Эсенгулова Чолпон: Былтыр түшүм көп жыйналган, быйыл болсо үч жарым, төрт тоннадай эле чыгып калды. Түшүмдү бат эле терип бүтүрүп салдык. Казакстан, Россиядан фуралар келип дүңүнөн эле алып кетишет да. Багыбыз өзү 3 гектарды түзөт, бирок анын бир гектары гана толук мөмө берди.

Би-Би-Си: Түшүмдүн азайышына эмне себеп болду?

Эсенгулова Чолпон: Быйыл суу аябай тартыш болду, ошондон кыйналдык. Өрүк деген сууну көп талап кылат, суу болбой калса эле, өңүн жогото баштайт, сугарып койсоң кадимкидей тирилип, көркүнө келе түшөт. Кургакчылык боло бергенинен, айылдагы үйүбүздөн челектер менен буларга ташыган күндөрүбүз болду. Антпесе, суудан калган өрүк мөмөсү майда, даамы жок же такыр эле ачуу болуп калат. Ошондуктан колдон келишинче сугарып турууга аракет кылып жаттык.

Эсенгулова Чолпон уулу менен өрүк терип жаткан учуру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенгулова Чолпон уулу менен өрүк терип жаткан учуру
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Өрүк түшүмдү мол бериши үчүн эмне кыласыздар?

Эсенгулова Чолпон: Бул бакты тиккенибизге он жыл болду, онунчу жыл дегенде түшүм бере баштады. Буга аябагандай чоң эмгек керек, мисалы жазында түптөрүндөгү ото чөптөрүн алабыз, ар кандай жер семирткичтерди себебиз. Бирок селитра сеппейбиз, биз кык, тооктун заңына окшогон экологиялык жактан таза заттарды колдонобуз. Булар өрүккө жакшы азык болот экен. Ошонун эсебинен биздин бактан быйыл жакшы эле түшүм алып жатабыз, болбосо кээ бир өрүк бактардан такыр эле түшүм жыйнашпаптыр. Азыр өрүктүн ар кандай түрү көбөйдү, ага жараша оорулары да арбыды. Жылда арасынан 10-15 түп жөн эле өлүп калат. Аларды биз түбү менен алып, кайра тигип турабыз, антпесе азайып кетет. Андан сырткары, жалбырактарына жылына 3 жолу дары чачабыз, ал жалбырактарды кууратпайт, а жалбырак куураса, өсүү токтоп калат. Ошол дары да кымбаттады, ушул биздин бакка эле бир сезонго дарыга 15 миң сом кетет. Негизи өрүккө кышында эле кам көрүп баштайбыз. Биринчи дарысын ошондо себебиз, анан ошол кыштан баштап, ушул өрүк мөмөсүн бергиче бапестеп, ар бир түбүн балаңды карагандай карайсың.

Би-Би-Си: Эмгегиңердин акыбети кайтып жатабы анан?

Эсенгулова Чолпон: “Эр эмгегин жер жебейт” экен, түшүм аз болгону менен, баасы былтыркыдан жакшы болду, кудайга шүгүр. Өткөн жылы 40-45 сом болсо, быйыл 60-65тен өткөрдүк.Бул эми биринчи партиялар, улам барган сайын кийинки партиялар арзандап кете берет.

Эсенгулова Чолпондун өрүк багындагы мөмөлөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенгулова Чолпондун өрүк багындагы мөмөлөр

Би-Би-Си: Сиздерден бул өрүктү сатып алгандардын талаптары кандай?

Эсенгулова Чолпон: Өрүктөр аябай назик болушат. Терип жатканда, аларды бири-бирине урунтпай, акырын тизип салыш керек. Урунуп кала турган болсо, так болуп, өңүң жоготот. Бизден өрүк алгандар ушул маселеге абдан көңүл бурушат, анткени аларга товардын көрүнүшү маанилүү. Анан албетте, даамы. Биздин өрүктөр жалаң экологиялык таза заттар менен өстүрүлгөндүктөн, даамын баалашат. (MD)

Эсенгулова Чолпон өрүк теримден кийин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенгулова Чолпон өрүк теримден кийин