АКШ: Кытай ядролук арсеналын кескин көбөйттү

Кытай өткөн жылы өзүнүн өзөктүк запастарын кыйла кеңейтти жана азыр беш жүздөй колдонууга даяр ядролук дүрмөттү кармап турат, деп билдирди АКШ.
Пентагон жарыялаган жылдык отчетто Бээжин 2030-жылга чейин өзүнүн арсеналын эки эсеге көбөйтүп, миңден ашуун дүрмөткө жеткиргени жатканы айтылат.
Ошол эле учурда, Кытай “биринчи болуп сокку урбоо” өзөктүк саясатын карманарын билдирди.
Отчетто дүрмөттөрдүн саны болжолдонгондон ашып кеткени айтылганы менен, Кытайдын өзөктүк запасы дагы эле Орусия менен АКШныкынан аз.
Көз карандысыз Стокгольм эл аралык тынчтык изилдөө институтунун маалыматы боюнча, Орусиянын 5,889, ал эми АКШнын 5,244 даана өзөктүк арсеналы бар.
2021-жылы АКШнын Коргоо министрлиги Кытайдын болжол менен 400 өзөктүк дүрмөтү бар деп билдирген.
Бейшемби күнү Пентагондун жогорку даражалуу кызматкери журналисттерге: "Биз алар (Кытай) коюлган пландан ашып кетти деп айтуудан алыспыз, бирок алар мурда болжолдонгон сандардан ашып кетүү жолунда баратат деп ойлойбуз" деди. Бул маселе АКШ үчүн "көп тынчсызданууну" жаратып жатканын кошумчалады.
Си Цзиньпин Кытай 2049-жылга чейин армиясын "дүйнөлүк, алдыңкы деңгээлге" чыгарарын жарыялады. Ал 2012-жылы бийликке келгенден бери өлкөнүн куралдуу күчтөрүн модернизациялоого аракет кылып келет.
Пентагондун бейшемби күнкү баяндамасында Кытайдын өзөктүк арсеналын көбөйтүү аракети "масштабы жагынан да, татаалдыгы жагынан да мурунку аракеттерден ашып түштү" деп айтылат.
АКШнын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Бээжин 2022-жылы үч жаңы ракеталык полигондун курулушун бүтүргөн болушу мүмкүн. Бул талааларда кеминде 300 жаңы континент аралык баллистикалык ракеталар (КАБР) катылган бункерлер бар, деп айтылат билдирүүдө.
КАБР - 5500 километрден алыс уча алган баллистикалык ракеталар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле Кытай армиясы АКШнын континенттеги, Гавайидеги жана Аляскадагы буталарына сокку уруу коркунучун туудурган КАБРларды иштеп чыгууга умтулуп жатат, деп айтылат АКШнын отчетунда.
Анализде айтылгандай, Кытай өзөктүк запастары көбөйгөнүнө карабастан "душмандын биринчи соккусун токтотуп калууга" аракет кылып, токтото албай калса "контр чабуулга" өтүү саясатын карманат.
Жума күнкү пресс-брифингде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин АКШнын баяндамасы "терең ойлонулбаган пикирге толо экенин жана “Кытай коркунучу” деген теорияны жайылтат" деди.
Мао айым Кытай "өзөктүк күчтөрүн улуттук коопсуздук үчүн талап кылынган эң төмөнкү деңгээлде сактап келген жана эч бир өлкө менен өзөктүк курал жагынан жарышууга ниети жок" экенин кошумчалады.
Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери Генри Бойд Кытайда өзөктук куралдын өсүү темпи "укмуштуудай өзгөчө" деле көрүнгөн жок деп кабарлады Би-Би-Сиге.
Ал ошондой эле Кытай миң даана ядролук дүрмөткө жетүү максатына карай "болжогондон ылдамыраак бара жатканы" чын экенин делгиледи.
Азия коомунун саясат институтунун улук илимий кызматкери Лайл Моррис үндөн да ылдам учкан ракеталар сыяктуу куралдар Кытайды экинчи болуп сокку уруу саясатын кайра карап чыгууга түртүп, өз запастарын кеңейтүүгө мажбурлап жатканын Би-Би-Сиге маалымдады.
Ошондой эле, Пентагондун бейшемби күнкү отчетунда Бээжин акыркы айларда Тайванга каршы "дипломатиялык, саясий жана аскердик басымды күчөттү" деп белгиленген.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Кабарларга караганда, Си мырза Кытайдын коргоонуу боюнча жетекчилерине 2027-жылга чейин аралды күч менен кайтарып алуу үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө буйрук берген.
Бир нече баллистикалык ракеталар Тайвандын үстүнөн учурулган, анын аба мейкиндигинде учактар көбөйүп, аймактын сууларына жакын жерде бир катар аскердик машыгуулар өткөн. Мунун баары аралды туруксуздаштыруу үчүн жасалды деп кошумчалайт Пентагондун отчету.
Бул изилдөөлөр Кытай-АКШ дипломатиялык мамилелери эң төмөн чекке жеткен убакытка туш келди.
Шаршембиде Вашингтон Кытайдын аба күчтөрүнүн учкучтарын Тынч океандын үстүндөгү эл аралык аба мейкиндигинде америкалык аскерий учактарга каршы жүздөгөн “кооптуу” маневрларды жасады деп айыптады.
Ошондой маневрлардын видеолорун жана сүрөттөрүн чыгарган Пентагон 2021-жылдын күзүнөн бери ушул сыяктуу 180 инцидент катталганын билдирди. (DO)












