Түрмө кандай болушу керек? Абак тууралуу ача пикирлер

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан “кемпирабадчылардын” абалы менен таанышышты.

Тактап айтканда, укук коргоочулар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров кармалып жаткан камераларды көрүп келишти.

абак

Сүрөттүн булагы, Zairbek Baktybaev

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барган учурда саясатчыларды сотко алып кетишкендиктен өздөрү камерада жок экени маалым болду.

"Ным жыттанган жок"

Укук коргоочулар саясатчы Равшан Жээнбековдун камерасын карап чыгыптыр:

“Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган жок, косметикалык оңдоодон өткөн. Имараттын тышындагы дубалда суу агып саргарып калган изи байкалат, бирок ички дубалдар кургак. Аталган камерада 5 адам кармалууда, бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берет. Кармалып тургандарды сурамжылоо жүргүзгөндө баардык кармалгандар мурда соттолбогон жарандар экени белгилүү болду”, - делет бул тууралуу расмий билдирүүдө.

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери берген маалыматка таянсак, Равшан Жээнбековду биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Омбудсмен институтунун өкүлдөрү башка камералардагы Жеңиш Молдокматова жана Кубанычбек Кадыровду кармоо шарттары менен таанышып, одоно бузууларды аныкташкан эмес. Бирок Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда экенин бүтүм кылышкан.

абактар

Сүрөттүн булагы, Official

“Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева Жогорку Сотко жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды, жалпы таанылган принциптерди жана улуттук мыйзамдын алкагында укуктарды сактоону камсыздаш учүн зарыл болгон чараларды көрүү боюнча каттарды жөнөттү”,- деди Би-Би-Сиге Омбудсмен институтунун соттук бөлүмүнүн жетекчиси Самат Калчабаев.

Өткөн аптада абактагы саясатчылар аларды кармоо шарттары тууралуу арызданышып, бирок Жазаларды аткаруу кызматы андай дооматтарды четке каккан.

"Түрмө - пансионат эмес"

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев абакта отурган бир катар саясатчылардын отурган жеринин шартына нааразы болгонуна комментарий берди.

Ташиев УКМКнын Жумгал районундагы бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземинде абактагы кемпирабадчыларды дооматына жооп бергендей болду:

"Алардын кээ бирлери "түрмөдө бизди катуу кармап жатышат, катаал шарттарды коюп жатат" дешүүдө. Түрмө аларга мамлекеттен менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө деген — түрмө! Ал мыйзам бузгандарды ордуна алып келип тарбиялаш үчүн курулган. Абактын шарттарына макул эмеспи, анда мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин".

Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасы

Сүрөттүн булагы, Акипресс

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасы

УКМК төрагасы отуз жылдан бери бир гана саясат менен алек болуп, үч жолу бийлик алмашканын, мамлекеттүүлүктү ойлогон адам аз болуп жатканына токтолгон.

Бул пикир Кыргызстандагы пенитенциардык жайлардагы шарттар тууралуу маселе талкууланып жаткан учурда айтылды.

Кыргызстандын абактарындагы шарттар кандай, жабык жайлар боюнча эл аралык тажрыйба кандай?

"Абактагы бир жаранга 3,14 чарчы метр каралган"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын Жазаларды аткаруу кызматына 30дан ашык өз алдынча мекемелер карайт. Анын ичине түзөтүүчү жана жатак колониялары, ИВС, тергөө абактары кирет. Мындан тышкары, ЖАКтын курамына Коргоо жана конвой департаменти, Билим берүү борбору, бейтапкана, “Омега” өзгөчө даярдыктагы бөлүгү, кинологиялык кызматы жана башка мекемелер карайт.

Кыйноолорго каршы улуттук борбору өлкөдөгү абак-түрмөлөргө жыл сайын мониторинг жүргүзүп келет:

“Жалпысынан өлкөдө абактардын саны түзөтүүчү колонияларды кошкондо жыйырмадан ашат. ИВСтердин саны 48ге жетет, тергөө абактарынын саны жети-сегизге чыгат. Биз жыл сайын аларды мониторингге алабыз. Тергөө абактарынын имарат шарттарын ала турган болсок соңку жылдары өзгөрүү жокко эсе. Өз алдынча косметикалык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бирок жалпы-жонунан чоң мактанарлык өзгөрүү жок”, - дейт аталган борбордун директору Бакыт Рыспеков.

Жазаларды аткаруу кызматына көп жылдар бою акча каралбай, соңку жылдары гана, тактап айтканда 2021-2023-жылдары бюджеттен 1 милилард 573 миллион 663 миң сом бөлүндү. Бул акчаларга азыр пенитенциардык мекемелерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Анын ичинде № 1 тергөө абагында да ремонт иштери жүрүп жаткан чагы.

Кыйноолорго каршы улуттук борборунун директору Бакыт Рыспеков

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйноолорго каршы улуттук борборунун директору Бакыт Рыспеков

Бакыт Рыспеков жабык жайларда жарандарды кармоо шарты боюнча өлкө мыйзамдарындагы алгылыктуу жерлерди да белгилей кетти.

“Андан тышкары, биздин улуттук нормада жабык жайда кармалып жаткан ар бир жаранга 3,14 чарчы метр аянтча каралышы керек. Мисалы, камеранын көлөмүнө жараша адамдарды камераларга бөлүштүрүү керек. Ал эми эл аралык нормада ал 3,3 чарчы метр делет. Ошондо алардын стандарты биздикинен бир аз төмөнүрөөк”,- деп кошумчалады Рыспеков.

Ал бардык пенитенциардык жайлар ичинен убактылуу кармоочу жайлардагы шарт эң эле начар экенин да айтып берди:

“Убактылуу кармоочу жайлардагы жарым-жартылай жер төлөлөрдөгү камераларда санузелдер жок. Туалеттин баары короодо жайгашкан. Бул маселени биз жылдык баяндамабызга айтып келебиз. Камеранын ичине кадимки эле чака-баклашкаларды туалеттин ордуна колдонушат, сейилдөөгө чыкканда кошо өздөрү менен ала чыгып, тазалап келишет. Ал эми тергөө абактарында минималдуу шарттар түзүлгөн. Жазаларды аткаруу кызматы аракетин көрүп атышат. Бирок, биз айтып атабыз, алардын аракети жетишсиз”.

Жазаларды аткаруу кызматы пенитенциардык жайлардагы абал боюнча жообун даярдап жатат.

"Акыркы жылдары биздин мекемеге талаптар күчөп жатат. Бул, албетте, оң көрүнүш. Себеби, көп жылдардан бери. Биздин тутум кароосуз калды десем жаңылышпайм. Мамлекет тарабынан колдоо аз болуп, коомдо жалаң гана негатив жүрүп жаткан. Тарыхыбыз татаал, коогаландуу, трагедиялуу окуялар болуп өттү. Биз соңку жылдары реформалардын негизинде мекемеде отургандардын саны азайды. Бул жерде гуманизациянын эсебинен болду, мунапыс колдонулду", - деди ЭЛТРге берген интервьюсунда ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев.

Анын айтымында, ушу тапта абакта отурган ар бир жаранга күнүнө 230-240 сом жумшалат.

Башка өлкөлөр тажрыйбасы

Мыйзамдар боюнча Кыргызстанда ИВСтерге кылмышка шектелген адамдар үч сааттын ичинде жеткирилет, андан кийин анын макамы айыпталуучуга өзгөртүлүп, 48 саатка кармалат. Бул убакыт аралгында ал күбө же шектелүүчү катары сурак берет. Негизи бар болсо кийинки эки сутка ичинде шектүү айыпталуучу катары сотко жеткирилиши абзел. Ал жерде айыпталуучунун баш коргоо чарасы каралат. Андан кийин алар айлап-жылдап ИВСте кармалбай, тергөө абактарына которулушу керек.

Бирок Кыргызстанда тергөө абактары жетишсиз. Бул себептүү өлкөдө жүздөгөн адамдар жылдап убактылуу кармоочу жайларда кармалары, мунун менен алардын укуктары бузулуп жатканы буга чейин БУУда да көтөрүлгөн.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова убагында ал жетектеген "Кылым шамы" уюму менен өлкөдөгү пенитенциардык мекемелер абалы менен таанышып келген.

Анын жыйынтыгында дээрлик бардык мекемелердин техникалык абалы начар, айрымдары түп орду менен жаңылоого муктаж экени аныкталган.

“Кыргызстандагы дээрлик бардык түрмөлөр стандарттарга жооп бербейт. Стандарга жооп берет деп мен бир гана жерди айта алам. Бишкекте Старый Толчок деген жакта приемник-распределитель деген бар. Ошол жерге барып, ыраазы болуп келдим. Ал жерге административдик жоопко тартылгандарды алып барат экен. Мен ал жакка барып, анкета толтуруп да келдим. Алардын ишмердиги эл аралык стандарттарга 80% жакын десем жаңылбайм. Тазалыгы, кабыл алынган адамдарга толтурурлган документтери туура экен, мамилеси, тамак-ашы да жакшы экен”- деди Азиза Абдирасулова.

Ал өзү буга чейин Британия, Польша, Түркиянын абактарын кыдырып, ал жактагы пенитенциардык жайлардагы адам укуктарынын камсыздалышы менен таанышып да келген.

“Польшада камера деген түшүнүк дээрлик жок экен, корпус деп аташт экен. Ал жакшы камера күзөткүч деген да жок. Видеокамералар эле коюлган, алар да кыймыл болгондо гана жаздырат экен. Ал эми Британияда бир камерада экден ашык адам отурбайт экен. Камералардын ичи өтө таза, ичине спирт ичимдиктерин гана алып кирүүгө болбойт, андан башка чектөө жок экен. Дараатканалары өзүнчө кичинекей бөлмөлөрдө экен. Ал жакта жаза аткаруу эле эмес, ошол адамдарды кайра кантип коомго жакшынака кылып кошуу керек, тарбия иштери да жүрөт экен. Мисалы, аларды бир-эки өнөргө үйрөтүшөт экен”,- дейт укук коргоочу.

Кыргызстандагы дагы абактагы жарандар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Айталы, абактарда жазасын өтөп жүргөн жарандар орто кесиптин ээси болуш үчүн 22 адистик боюнча да билим ала алышат. Абактагылар үчүн көбүнесе ширетүүчү, өтүкчү, курулушчу, наабайчы, тигүүчү, чач тарач, компьютерди оңдоо боюнча адис жана башка кесиптерге окутуулар жүрөт.

Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстандын абактарында Мандела эрежелери аттуу эл аралык стандарттарды караган документти ишке киргизүүнү сунушташат. Ал түрмөдөгү жарандардын кадыр-баркына шек келтирбөөнү, кыйноолорго жол бербөө үчүн конкреттүү чараларды карайт.

2017-жылдагы эл аралык эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда ар бир 100 миң кишинин ичинен 180 адам кылмышкер болуп чыккан. Ал эми Швецияда 100 миң адамга 50 киши туура келген. Жаза аткаруу кызматы Швециянын мисалын соттор альтернативдүү чараларды колдонгондугунун жыйынтыгы деп түшүндүргөн эле.