Мурдагы депутат Марат Аманкулов узакка созулган оорудан улам көз жумду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Марат Аманкулов кайтыш болду. Бул тууралуу анын партиялашы Чынасыл Чыныбаев Би-Би-Сиге билдирди.

Чыныбаевдин айтымында Аманкулов узакка созулган оорудан улам бүгүн эртең менен көз жумду, сөөгү 2-январда жерге берилет.

Марат Аманкулов 2012-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Бишкек шаардык кеңешининин депутаты болгон, кийин төрагалыгын жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган.

2019-жылдан тарта "Биримдик" партиясынын жетекчиси болуп, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин лидерликти тапшырган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аманкуловго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен иш козгоп, кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Аманкуловду мандатынан ажыраткан.

Аманкулов 55 жашта болчу.