"Канчага чейин чыдайбыз?". Евробиримдиктин 17 өлкөсү Венгрияны жазалоого чакырды

Сүрөттүн булагы, EPA
Венгриянын Евробиримдиктин өлкөлөрү менен мамилесинин чыңалуусу барган сайын күч алууда. Шейшембиде Евробиримдиктин 17 өлкөсү, анын ичинде Германия жана Франция Еврокомиссияга Будапештти жазалоо чакырыгы менен арызданган. Ага өлкөдө гей-парадды жана аларга тийиштүү тынч жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон.
"Биз Еврокомиссиянын буга байланыштуу тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз жана бул кадамдар [Венгрия тарабынан] тийиштүү түрдө каралбаса, Комиссияны өзүнүн карамагындагы укуктук инструменттердин толук спектрин тез арада колдонууга чакырабыз", – деп айтылат билдирүүдө.
Биргелешкен билдирүүгө Германия менен Франциядан тышкары Австрия, Бельгия, Чехия, Дания, Эстония, Латвия, Литва, Финляндия, Испания, Нидерландия, Ирландия, Португалия, Словения, Швеция жана Люксембург кол коюшкан.
Мунун алкагында кандай чара көрүлө турганын билдирүүнүн демилгечилери ачык айтышкан жок. Европа иштери боюнча министрлер шейшембиде Брюсселде чогулуп, Венгриянын Евробиримдиктин нормаларын сакташын талкуулашты. Дипломаттар жана саясатчылар Венгрия Евробиримдиктеги добуш берүү укугунан теориялык жактан ажыратылышы керектигин айтышууда, бирок иш жүзүндө аны ишке ашыруу кыйын.
Еврокомиссия жана Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү көптөн бери Виктор Орбандын өкмөтүн жана анын "Фидес" партиясын мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин бузган деп күнөөлөп келет (ал үчүн керек болсо Еврокомиссия биримдиктин жалпы бюджетинен миллиарддаган евронун Будапештке бөлүнүшүн токтотуп койгон). Мындан сырткары, Орусияга жана Украинага карата жалпы европалык саясатты бурмалоо аракети жана азчылыктардын эркиндигин чектөөдө деп айтылат алардын дооматында.
Март айында Венгрия парламенти ЛГБТ жамаатынын өкүлдөрүнө тынч жыйындарды жана гей-параддарды өткөрүүнү тыюу салган мыйзам кабыл алган.
2021-жылы өлкөнүн парламенти балдарды коргоого багытталган мыйзамга толуктоолорду киргизип, балдар жана жашы жетелектер арасында "гомосексуализмди пропаганда кылууга" тыюу салган эле. Бул ирээт дагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоону жүйө кылып депутаттар жаңы мыйзам кабыл алышты.
"Биз фундаменталдык баалуулуктарга – адамдын ар-намысына, эркиндигине, тең укуктуулугуна жана адам укуктарын урматтоого каршы келген бул аракеттерге терең тынчсызданабыз", – деп айтылат блоктун 17 өлкөсүнүн биргелешкен билдирүүсүндө.
Европа иштери боюнча министрлер шейшембидеги жолугушууда Евробиримдиктин кезектеги саммитине даярдык маселесин сүйлөшүүдө Венгрия маселесин дагы талкуулашты.
"Арадан жети жыл өттү, андан бери жети жолу угуу уюштурулду. Акыры эки жолдун айрылышына кептелдик", - деди Швециянын Европа боюнча министри Жессика Розенкранц Politico гезитине.
"Эгер Венгрия эртеңки жолугушууда жумшак мамилесин көрсөтпөсө, анда мен мындан ары бул угууларды өткөрүүгө зарылчылык жок деп эсептейм. Келечектеги иш-аракеттер тууралуу олуттуу талдоого кезек келди", – деп белгиледи.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок жолугушууда Венгрия өкүлчүлүгү, Reuters агенствосу маалымдагандай, алар күткөндөй мамиленин жана кызматташуунун жаңы тарабын көрсөткөн жок.
"Венгрияда алар үчүн жүрүш өткөрүүгө тыюу салынган жок", – деп өлкөнүн Европа боюнча министри Янош Бока жолугушуунун алдында айткан. Венгриянын бийлигин сындагандар анын сөзүн жалган деп атады.
Ал арада Виктор Орбан жылыга өтө турчу ЛГБТ-жүрүштүн уюштуруучулары бул жылы Будапештте кайра өткөрүүгө далалат кылбай турушканын белгилеген.
Көптөгөн европалык дипломаттар жана саясатчылар Венгрия Евробиримдиктеги добуш берүү укугунан ажыратылышы керектигин айтышууда. Мындай чара блоктун уставында бар болсо дагы иш жүзүндө аны ишке ашыруу өтө кыйын.
Мындай процедуранын биринчи этабында блокко мүчө өлкөлөр көпчүлүк добуш менен Венгрия чындап эле Евробиримдиктин мыйзамдарына жана баалуулуктарына баш ийбей жатат деген бүтүмгө келиш керек. 27 өлкөнүн арасынан 21 добушту камсыз кылуу көп деле кыйынчылыкты туудурбайт деп айтылууда.
Андан кийинки этапта бул маселени Евробиримдиктин баардык мүчөлөрү (26 өлкө) колдоосу кажет, бирок дал ушул "тепкичте" бир бүтүмгө келүү татаалдашы мүмкүн. Венгрияны жок дегенде Словакиянын азыркы өкмөтү колдоп коюшу ыктымал – алардын чечими Венгрия бийлиги үчүн жетиштүү болот.
Politico гезитинин Евробиримдиктеги анонимдүү булактарынын билдиргенине караганда, бул процедуранын башталышын 19 өлкө колдоп жатат.
Жалпысынан Орбандын Евробиримдигиндеги жүрүм-турумуна кыжырдануу күч алууда.
"Силердин чек араңарда мындай олуттуу коркунуч тушап турса, аны качанкыга чейин чыдап жата бересиңер?", – деди Politico гезитине Евробиримдиктеги анонимдүү булактардын бири.







