“Бир маалда аларга баары бир болуп калат”. Орусияны интернеттен ажыратуу мүмкүнбү?

Андрей Захаров, Би-Би-Си

“Интернетти коргоо коомунун” аткаруучу директору Михаил Климаревдин каналында өткөн дем алышта жарыялаган документте: “Интернет тармагында телекоммуникациялык кызматтарды коргоо боюнча иш-аракеттердин координациясы үчүн аткаруу бийлигинин федералдык органдары, Орусия Федерациясынын субъектилеринин аткаруу бийлигинин органдары 2022-жылдын 9-мартынан кечиктирбей [...] төмөнкү маалыматтарды беришсин”, — деп жазылган.

Бул документ санарип өнүктүрүү министринин орун басары кол койгон өкмөттүк телеграммага окшош болчу. Мамлекеттик органдар бериши керек болгон маалыматтардын катарында, - сайт кайсы хостингде жайгашканы, эң жогорку жүктөм көрсөткүчтөрү, ошондой эле ресурстун “Орусия Федерациясынан тышкары жалпыга жеткиликтүү кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматтар” саналган.

Ошондой эле профилдик телеграм-каналдарда жана пабликтерде экинчи телеграмма жайылды. Бул телеграммада, эгер мамлекеттик органдардын сайттары мурдагыдай эле com же net зонасында иштеп жаткан болсо, аларды чет өлкөлүк серверлерден орусиялык серверлерге көчүрүү жана RU зонасына өткөрүү жөнүндө айтылган.

Документтер интернетте тез жайылып, көптөгөн колдонуучулар алардын алдында Орусияны тышкы интернеттен толугу менен ажыратуу планы турат деген тыянакка келишкен.

Натыйжада, Санарип өнүктүрүү министрлигинде телеграммалардын биринин аныктыгын ырасташып, бирок кайсы телеграмма экенин билдиришкен жок. Аталган министрлик, мындай чараларды жөн гана “кибергигиена боюнча эң жөнөкөй сунуштардын топтому” экенин, алар ресурстарды кибер-чабуулдардан коргоо үчүн жардам берет деп ишендиришти. 

Чындыгында эле Орусияны интернеттен ажыратуу даярдыктары жүрүп жатабы? Би-Би-Си бул маселени иликтеп көрдү. 

Телеграммада сөз чын эле “кибергигиена” жөнүндө болуп жатабы?

Өкмөттүн телеграммасы - согуш башталгандан бери орус бийлик органдарынын жана мамлекеттик медиалардын сайттары кабылган DDoS-чабуулдарга карата табигый реакция болуп саналат.

DDoS-чабуул - бир эле сайтка өтө көп жолу тез-тез кире берүүнү түшүндүрөт, натыйжада сайт анчалык көп талапка жооп бере албай калат дагы, чыныгы колдонуучуларга жеткиликсиз болуп калат. Ушул сыяктуу чабуулдардын бири үчүн жоопкерчиликти Anonymous хакердик тобу мойнуна алды. 

Февраль айынын аягында, Украинада снаряддар жарылып жаткан күндөрү Орусияда өкмөт, Кремль, Роскомнадзор, “Газпром”, ТАССтын сайттары иштебей турду. Кийин бул сайттар Орусиядан тышкары кирип жаткан колдонуучулар үчүн жабылган. Себеби, чет өлкөлөрдөн массалык кирүүлөр катталган. Айрым сайттар, мисалы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын сайты азыркыга чейин чет өлкөлөрдөн ачылбай турат. 

“Мамлекеттик сайттардын баары түрдүү DDoS-чабуулдардан корголушу керек, суроо эмне үчүн бул иш азыр гана шашылыш түрдө колго алынып жатканында”, - дейт “Интернетти коргоо коомунун” башчысы Михаил Климарев. 

 “Роскомсвободанын” башчысы Артём Козлюк да ушундай эле пикирде: “Өкмөттүк телеграммалардагы сунуштардын бир бөлүгү “аткарылууга тийиш”, анткени “акыл-эси ордунда болгон ар бир мамлекет өзүнүн стратегиялык маанилүү инфраструктурасын коргошу керек, бирок андай иш шашылбастан, акырын-акырын, өз нугунда жасалышы керек”. 

Бирок ал өкмөттүк телеграммаларда берилген чаралар “кызматтык колдонуу үчүн” грифинин артында жашырылган чоң иш-аракеттердин топтомунун бир бөлүгү гана болушу ыктымал деген пикирде. 

Россия кантип өзүн интернеттен үзүп коё алат? 

Орусияны дүйнөлүк интернеттен бөлүп чыгара турган “өчүргүчтү” тарс этип өчүрүү үчүн - алгач трафик алмашуу жабдыктарын көзөмөлгө алыш керек. Бул трафик алмашуу жабдыктары - чет өлкөлөрдөн Орусияга жана Орусиядан чет өлкөлөрдү көздөй сигналдарды өткөзүп туруучу ири техникалык түйүндөрдү түшүндүрөт.

Орусиядагы эң ири ушундай трафик алмашуу борбору Москванын түштүгүндө жайгашып, Ростелекомго таандык. Ошондой эле, башка борборлор Санкт-Петербургда жана бүткүл өлкө боюнча башка аймактарда да жайгаштырылган. Орусияда интернет алгачкы жылдары борборго көз карандысыз түрдө, мамлекеттин толук көзөмөлү жок өнүккөнү үчүн айрым трафик алмашуу борборлору жеке тараптардын менчигинде.

2019-жылы Орусияда “суверендүү интернет жөнүндө мыйзам” деген бейрасмий аталышка ээ болгон мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам RUнет инфраструктурасынын көптөгөн элементтери, анын ичинде трафик алмашуу борборлоруна карата мамлекеттик көзөмөлдү күчөткөн. 

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында: “Алардын ээлери, кооптуу кырдаал түзүлгөндө, байланыш операторлору трафикти борбордон башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып берүүгө милдеттендирилет”, - деп жазылган. Иш жүзүндө мындай борборлор аркылуу сигналды толугу менен тосуп салса болот дегенди түшүндүрөт. Мындай абалда орусиялык колдонуучулар үчүн бир да чет өлкөлүк сайт же сервис ачылбай, иштебей калат. Ошондой эле, чет өлкөлүк инфраструктураны колдонгон орусиялык сервистер да ишке жараксыз болуп калат. 

Эң популярдуу мессенжердин бири, ал түгүл түбү Орусиядан чыккан Telegram да иштебей калат. 

“Кызыл баскыч” - мамлекеттик “Жалпы колдонуудагы байланыш тармагын башкаруу жана көзөмөлдөө борборунда” да бар. Бул борбор Москвада жайгашып, Роскомназордун карамагында.

“Жакын арада Путиндин келишин күтүп жатабыз”, - деп, 2020-жылдын күз мезгилинде, Роскомнадзордун жогорку макамдагы кызматкери, борбордун техникалык жабдылышы дээрлик бүтүп калганы тууралуу Би-би-сиге мактанган эле. Натыйжада президент рунеттин “кызыл баскычын” көрдүбү, же көргөн жокпу, белгисиз. 

Трафик алмашуу борборлору өчүрүлсө эмне болот? 

Интернеттин орус сегментин глобалдык интернеттен өчүрүп салуу - экстраординардык чара болуп саналат, техникалык жактан ал көпкө созула албайт деп Климарев менен Козлюк айтышат.

Орусиянын кошуналары, ички маселелерди чечүү үчүн ушундай ыкманы колдонуп көрүшкөн: Беларуста - 2020-жылы, президентти шайлоодон кийинки каршылык акциялары орун алганда; Казакстанда - 2022-жылдын башында, газ баасы өсүшүнө каршылыкты билдирүү акциялары болгондо.

Климаревдин айтымында, мындагы эки өлкөдө тең трафикти алмашуу борборлорун көзөмөлдөө кыйла борборлоштурулган: мисалы, Беларуста ал толугу менен мамлекеттин колунда. 

Натыйжада, Казакстанда глобалдык интернет баары бир күн сайын бир нече саатка иштетилип жатты. Мунун себеби, мамлекеттик сайттар жана сервистер, кандай гана борбордук башкаруу болбосун, баары бир маалымат алмашуу үчүн чет өлкөлөргө кайрылат. Мисалы, банктар өз тармактарын бузуп кирүүдөн сактануу үчүн VPNди - трафикти шифрлөө ыкмасын - колдонушат.

Ал эми VPN-сервистердеги сигнал чет өлкөлүк IP-даректер аркылуу иштейт. 

Михаил Климарев ал өчүрүүдө “алар тышкы трафикти жабабаз деп жатып трафиктин баарын толугу менен бууп салышкан”, - дейт.

Орусияда абал мындан алда канча оор болот, анткени трафик алмашуу борборлору абдан көп. “Биздеги кырдаал Кытайдагыга караганда бир топ татаал. Биз тышкы дүйнө менен абдан тыгыз байланышканбыз”, - дейт Козлюк.

Эксперттердин оюнда, иш жүзүндө кай бир сигналдар баары бир Орусияга өтүп кете берет. “Жарандардын көбү байланышсыз калышса да, ал толугу менен үзүлүп калбайт”, - дейт Климарев.

“Шатдаун” канчалык узак болушу мүмкүн?

“Шатдаун” өлкөнүн ички байланышын сактап калууга түздөн-түз таасир эткени үчүн, ал көпкө созула албайт. 

“Көпкө чейин өчүк турган жарабайт, айрым нерселер иштеп туруш керек. Кебетеси, бийликтегилер [рунеттин алгылыктуу иштешин] камсыз кылып бере алабыз деп ойлойт окшойт”, - дейт Климарев. 

Козлюк “ар бир толук “шатдаун” - мамлекет, банктар, бизнес үчүн финансылык жоготууларды түшүндүрөрүн” кошумчалады.

Бирок, ошол эле учурда, Козлюктун айтымында, мамлекет адамдардын маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө үчүн чет өлкөлүк кызматтарды чыпкалап чыгаруусун улантат. Украинада согуш башталгандан бери Орусияда “Фейсбук” менен “Твиттер”, ошондой эле Би-Би-Си, "Медуза" жана "Медиазона" (эки басылма тең чет элдик агент деп таанылган) сыяктуу медиалардын сайттары бөгөттөлдү.

"Фейсбук" орус мамлекеттик медиалардын баракчаларын өчүргөнү үчүн бөгөттөлдү, ал эми “Твиттер” жана көз карандысыз медиалар - Орусиянын Украинага бастырып киришин орус коргоо министрлиги менен башка расмий мекемелери айтканынан башкача кылып айтып бергени үчүн жабылышты.

Мисалы, Орусияда согушчул кыймыл-аракеттерди “согуш” деп айтууга болбойт, “атайын операция” термини гана уруксат берилген. 

Маалымат булактарын бөгөттөө үчүн DPI технологиясы (англисчеден deep packet inspection) колдонулат, бул технология “Суверендүү интернет жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен өздөштөрүлүп баштаган. Ага ылайык, мамлекет байланыш операторлорунун түйүндөрүндө “коркунучтарга каршы аракет көрүү үчүн техникалык каражаттар” (ККАТК) орнотулган. Бул техникалык каражаттар тийиштүү сервистерге мүнөздүү ары-бери жүрүп жаткан трафикти толугу менен талдап, аларды бөгөттөп сала алат. 

“Алар уламдан-улам күчтөнүп бара жатышат”, - дейт Козлюк. Анын айтымында, биринчи кезекте батышта популярдуу болгон социалдык тармактарга жол жабылган: Орусияда Фейсбуктун орточо бир айлык аудиториясы 2021-жылдын күз мезгилинде 35 млн кишиден ашуун болгон, ал эми Твиттердики - болгону 12 млн кишини түзгөн. 

Бул багытта Instagram (60 млн ашуун колдонуучу) жана YouTube (дээрлик 80 млн) ресурстарын бөгөттөп салуу орусиялыктар үчүн абдан оор залакасын тийгизүүчү кадам катары көрүнөт. Бирок мындай чараларды көрүүгө бардык себептер бар: Фейсбук сыяктуу эле YouTube дагы орус мамлекеттик медиаларына байланыштуу аккаунттарды өчүрүп жатат. Мисалы, 8-мартта журналист Владимир Соловьёвдун каналы өчүрүлдү. 

“Бирок, кайсы бир маалда, бийликке баары бир болуп калат окшойт, бул жерде ар бирин кылдап текшерип турууга эч кимдин чамасы жетпей калат: баарын үстөккө-босток кылып жаап башташат”, - деп Козлюк кооптонот. 

***

2021-жылдын 8-октябрында Орусиянын бийлиги Би-Би-Синин корреспонденти Андрей Захаровду чет элдик агенттин функциясын аткарып жаткан ММК тизмесине киргизди. 2022-жылдын 17-январында, Андрей Захаров берген арызынын негизинде соттун чечим минин сот иши бүткөнгө чейин бул статус убактылуу токтотулган.