Украинадагы конфликт: мурдагы жана азыркы сүрөттөр

Орусиянын ракеталык чабуулдары Украинадагы көптөгөн шаар, айылдарды талкалады. Мурдагы жана азыркы сүрөттөр кыйроолордун масштабын көрсөтөт, бирок бул бомбаланган Украинанын бир эле бөлүгү.

Орус аскерлери Украинанын борбор калаасы Киевден бир нече чакырым аралыкта туруп, шаарга көптөгөн ракета аткылады. Адам өмүрүн алган аба чабуулдары болду.

Бул көп кабаттуу үй өткөн ишемби күнү таңга маал орус ракетасы тарабынан кыйраган.

Ирпин чакан шаары Киевден жыйырма чакырым алыстыкта жайгашкан. Орусиянын ракеталары бул шаарга да олуттуу зыян алып келди.

Украинанын экинчи ири шаары Харьковго бир нече күндөн бери аба чабуулдары жасалып, аймак бомбалоолордун чордонунда калды.

Украин бийликтери шаршемби күнү шаардагы турак- жайларга "түнү бою аткылоо" болгонун билдирди. Бириккен улуттар уюмунун айтымында, бул согуш кылмышы катары иликтениши мүмкүн.

Киевден 60 чакырым алыста, түндүк-батышта жайгашкан Бородянка шаарына дагы орусиялык аба соккулар жасалды. Бул жерде көптөгөн турак-жайдын күлү көккө сапырылды.

Бейшембиде дрондон тартылган видеолор кыйроонун көлөмүн көрсөтүп турат, имараттардын калдыктары жана көчөлөрдө машиналар дагы эле күйүп жатат.

Киевден 120 чакырым алыста жайгашкан Чернигов шаарынын түндүгүнөн Орусия чабуулга өтүп, шаар талкаланды.

Расмийлердин айтымында, бейшемби күнү шаардагы турак-жайларга, мектептерге жана көп кабаттуу үйгө жасалган чабуулдан улам отуздан ашуун киши набыт болду.

Чернигов облусуна караштуу Равнополье кыштагынын спутниктен алынган сүрөттөрүндө ракеталык чабуулдардан улам күйүп жаткан үйлөрдү көрүүгө болот.

Авторлор: Доминик Бэйли, Майк Хиллс, Люси Рожерс жана Зои Бартоломью