You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина: Путин айткан денацификация деген эмне?
Орус-украин согушунун кесепети көбүбүзгө тийип, кесир-салакасын далайга сезип, көпкө чейин кеп боло турган окшоду. Башка терс таасирин айтпаганда да, ушул согуштун демилгечилеринин жана акторлорунун аракеттери эл аралык масштабда укуктук баасын алганча, не бир түркүн трибуналарда жана аудиторияларда айыгышкан кармаш жүрмөгү, нечендеген процесстер болмогу, эмитеден эле көрүнө баштады.
Мурдараак Гаагады эл аралык сот орус бийлигине карата агрессия боюнча кылмыш ишин козгогон эле. Кечээ АКШ президенти Байден конгрессте сүйлөп, Путин эртеби-кечпи “жооп берет, тиешелүү жазасын алат” деди.
Украинага кол салаарда, же өзү айткандай, атайы операция жүргүзөөрдө орус президенти Путин биздин максат - бул өлкөнү “демилитаризациялоо жана денацификациялоо” деп түшүндүрдү.
Демилитаризациялоо менен денацификациялоо жаңы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон терминдер. Бирок буга окшогон процесстер мурда болгон эмес дегендикти билдирбейт. Тигил же бул мамлекетти куралсыздандыруу, анын аскерий инфрастуктурасын атайылап, тыштан жок кылуу, күчтөрүн талкалоо боло келген иш.
Демилитаризация саясатын мамлекеттер өз куралдуу күчтөрүнө карата да колдонуп келген. Мисалы, Жапония экинчи дүйнөлүк согуштан жеңилген соң согуштук доктринадан баш тарткан.
Эл аралык мамилелерде айрым территориялар, өлкөлөр демилитаризациялык зона деп аталып келген. Айталы, Магеллан кысыгы, Суэц каналы, Аланд жана Шпицберген архипелагдары, Краков шаары. Учурда Антарктика демилитаризациялык аймак деген статуска ээ. Корея 1953-жылы, Вьетнам 1954-жылы Индокытай согушунан соң демилитаризациялык аймак деп аталып, бирок бул статус көпкө сакталган эмес.
Корея азыр карама-каршы эки мамлекет, эки система, эки башка режим, АКШ 1961-жылы Вьетнамга согуш ачып, 1975-жылы араң басылган.
Экинчи дүйнөлүк соуштан кийин Потсдам конференциясында жеңүүчү мамлекеттер (СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция) Германияны экиге бөлүп алып, СССР чыгышын, калгандары батышын демилитаризациялоого жана денацификациялоого киришет.
1945-1947-жылдары Германияга карата жүргөн денацификация адегенде эл аралык келишим, кийинчерээк мыйзам менен бекитилген.
Союздаштардын контролдук кеңеши деп аталган антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттердин биргелешкен органы тарабынан 1946-жылы мартта “Национал-социалисттерден жана милитаризмден арылтуу жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Максаты - Германияны национал-социалисттик партиясынын (NSDAP) таасиринен куткаруу, анын бийлигин, инфраструктрасын, фашисттик куралдуу күчтөрдү биротоло талкалоо, фашизмдин аскерий, саясий жана идеологиялык төбөлдөрүн, согуш кылмышкерлерин жазалоо.
Нацисттик идеологияны жана пропаганданы кайра жаралгыс кылуу ниетинде нацисттик жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, жоюу, нацисттик экономиканы тынчтык максаттарга кайра багыттоо, сот жана полиция системасын люстрациялоо иштери Германиянын чыгышында да, батышында да жүргөн.
Айрыкча нацисттик аскер кылмышкерлерин жазалоо процесси ургаалдуу жүргөн жана узакка созулган. 1945-1946-жылдары жургөн Нюрнберг процессинде НСДАП, СС, Вермахтын жана ушул сыяктуу саясий, аскерий уюмдардын колго түшкөн жетекчилери (177 адам ) соттолуп, 24 өлүм жазасына тартылган.
Германиянын америкалык зонасында эл аралык аскер трибуналы статусуна ээ сот процесси 1949-жылга чейин созулган жана 5 миңден ашык кылмышкер соттолуп, 486 киши дарга асылган. Тээ 1965-жылга чейин 45 миң кылмышкер нацизм үчүн соттолгон.
Атайы түзулгөн комиссия миллиондогон кишинин өмүр таржымалын, согушка чейинки жана согуш мезгилинде ишмердүүлүгүн изилдеп чыккан. Нацисттик режимге кызмат кылгандыгы үчүн соттолгондордон тышкары, жүз миңдеген адам иштен айдалып, мал-мүлкүнөн ажыратылып же сыртка качууга мажбур болгон. Америкалык жана советтик лагерлерде 11 миллиондон ашык туткун кармалып турган.
Ошентип, фашисттик Германия агрессиясы үчүн демилитаризациялоо жана денацификациялоо процессин баштан кечирген. Ошону менен денацификациялоо эл аралык мамилелерде укуктук ченем эмес, тарыхый окуя катары калган. Эми минтип, тарых барагында калууга тийиш бул термин, Москва тарабынан реанимацияланды.
Россия Украинаны денацификация кылам деп бастырып кирди. Эгерде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин нацизмге каршы эл аралык келишим менен денацификация процесси жүрсө, бул ирет бир беткей, бир гана Россия тарабынан жана орус бийлиги үчүн гана түшүнүктүү, негиздүү форматта ишке ашууда.
Бул аракеттин юридикалык негизи белгисиз, аргументациясы талаштуу, терминдин колдонулушу күмөндүү. Орус пропагандасы дүпүлдөтө керней-сурнай тартып, калың журтту өз аракетинин мыйзамдуулугуна ынандырууга аракет кылууда. Дүйнө коомчулугу окуяларга карата утурумдук флешмоб мамиле жасоо абалына өткөнүнө көп болду. Коомдук пикир тез өзгөрүлмө. Көпчүлүк бүгүн чуулдап, эртең теңирден тескери реакция кылган учурлар арбын.
Канеткен күндө да Россия дагы бир прецедент жаратып отурат. Кооптуу прецедент, коркунучтуу негиздеме. Эмнеси менен кооптуу? Эгерде эртең Россия кайсы бир өлкөдө “орус тилинин колдонуу чөйрөсү тарыды, орус тилдүүлөр кыйналды, даттанып жатат, жергиликтүү улутчулдар алардын укугун бузуп, азапка салып жатат. Биз гуманитардык жана тарыхый миссиябызды аткарып, бул эсирген, улутчул режимди денацификация кылмакчымын” десе, ким кантет?
Россиядан башка ири держава да ушул “аргументти” кийин колдонбойт же башкасын ойлоп таппайт, карт тарыхтын бүктөмүнөн кайсы бир баракты сууруп чыгып, бетке кармабайт деп кимибиз кепил боло алабыз.
Алмаз Кулматов, тарыхчы