23-февралдын тарыхы: Кыргызстандын аскердик даремети кандай?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда быйыл 23-февраль эс алуу күнү бойдон калууда.

Башкы штаб

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын сүрөтү

Буга чейин кыргыз өкмөтү Мекенди коргоочулар күнүн жумушчу күн кылуу маселеси көтөрүп чыккан эле. Бирок бул демилге атайын документ менен бекитилбегендиктен, Кыргызстанда 2022-жылы майрам тейден калды.

Эгемендик алгандан кийин Кыргызстанда айрым советтик майрамдар белгиленбей да, расмий майрам күндөрүнө киргизилбей да калган. Андай даталардын бири – совет мезгилинде кадырлап майрамдалган 23-февраль - Кызыл аскерлердин уюушулуш күнү болгон.

Бирок эл ичинде бул күн армияда кызмат өтөгөндөрдүн же эркектердин майрамы катары белгиленип келе берди.

2003-жылы, атайын токтомдун негизинде биринчи жолу 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү деген аталыш менен майрамдалган.

Соңку жылдары бул датаны майрам катары калтыруунун кажети барбы же жокпу деген талаш-талкуулар жанданып жатат. 2014-жылы Кыргызстанда Эмгек кодексине толуктоолор кирип, ага ылайык 23-февраль, 5-май (Конституциянын кабыл алынган күнү) жана 7-ноябрь (Улуу Октябрь революциясын эскерүү күнү) майрамдарын жумушчу күнгө теңөө сунушталган.

23-февралга тийиштүү жеринде демилгечилер бул датанын тарыхы Россиянын революциялык өтмүшүнө барып такаларын айтып чыгышкан. Анан калса, 1992-жылы Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары 29-майды белгилеген дешип, 23-февралды майрамдар тизмесинен чыгаруу керек дешкен эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Былтыр Акылбек Жапаровдун өкмөтү да 23-февралды дем алыш күндөрдүн тизмесинен алууну демилгелеп, бирок маселе дагы деле бир жаңсыл чечилбей калды.

Совет мезгилинде - 1922-1946-жылдары бул майрам Кызыл Армиянын жана флоттун күнү катары белгиленчү. Ал эми 1946-жылдан 1993-жылга чейин Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз флотунун майрамы катары белгиленип келди.

Союз ыдыраганы эгемендик алган мурдагы советтик өлкөлөр бул майрамдан баш тарткан. Учурда 23-февраль Кыргызстан, Россия, Беларус жана Тажикстанда майрам катары белгиленет.

«23-февраль Советтер союзунун убагында деле календарда кызыл дата эмес болчу. Жумушчу эле күн болчу, бүгүнкү күнү деле ошондой калтырсак болот. Ал күнү дем алыш кылуунун деле зарылчылы жок. Бул күндү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүнө чоң жардам берген дата катары эле калыш керек деп ойлойм. ЖККУнун башка өлкөлөрүндө деле ошондой, жумушчу күндөрдүн бири»,- деди коопсуздук боюнча аскердик эксперт Артур Медетбеков.

Артур Медетбеков

Сүрөттүн булагы, © Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артур Медетбеков, эксперт
Skip Каадасын эмес, атын өзгөрткөн майрам and continue readingКаадасын эмес, атын өзгөрткөн майрам

End of Каадасын эмес, атын өзгөрткөн майрам

Кыргызстанда бул күндү Мекен коргоочулар күнү катары белгилешкени менен көбүрөөк советтик таасир дале сезилип турат. Айталы, коомдук сайттарда кезинде советтик армияда кызмат өтөгөн улуу муундагылар аскердеги сүрөттөрүн жарыялашат. Мектеп, бала-бакчаларда бул күнү согуш тематикасына арналган чакан оюн-зооктор коюулуп, кыздар балдарга белек-бечкектер тапшырышат.

Бирок ошентсе да жыл өткөн сайын майрам мурдагы маанисинен алыстап, тек гана «мырзалардын майрамы» катары белгиленип бараткансыйт.

Соңку эки жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 23-февралга карата расмий иш-чаралар же аскерий параддар өткөрүлгөн жок. Бирок бул күнү кыргыз армиясынын күч-кубаты, аскерий даремети тууралуу талкуулар жанданат.

аскердик машыгуу

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Коопсуздук-2021» аскердик машыгуусу

АКШдагы GlobalFirePower аскердик аналитикалык порталы жыл сайын дүйнө өлкөлөрүнүн аскердик кубатынын рейтингин жарыялайт. Быйыл Кыргызстан бул рейтингде 140 мамлекеттин ичинен 90-орунда турат.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, кыргыз армиясынын карамагында ушу тапта 150дөй танк, 400 чакты бронемашина, 200дөй артиллериялык бирдик, 30 өз алдынча жүрүүчү артиллериялык жабдык, 20дан ашык ракеталык проектору бар экени айтылат. Мындан тышкары жети тик учагы бар делет.

Былтыр кыргыз-тажик чек арасында 36 адамдын өмүрүн алган Баткендеги куралдуу жаңжалдан кийин президент Садыр Жапаров өлкөнүн аскердик доктринасы кайрадан каралып чыгарын, армияны реформалоо керектигин айтып чыкты.

Көп өтпөй Бишкек Анкарадан “Байрактар” аталышындагы учкучсуз учактарды сатып алды.

bairaktar

Сүрөттүн булагы, president.kg

“Соңку жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өзүнүн аскердик кубатын чыңдап, аскердик техника, куралдарды жана кесипкөй аскер кызматкерлерин алып, коргоонуу шартын түзө баштады. Соңку моделдеги учкучсуз аппараттарды алды. Кыргыз аскерлери Россиядагы танк биатлондору өңдүү аскердик машыгууларга катышып, Куралдуу күчтөрүнүн деңгээли жогорулап жатат. Бул реформалардын башталышы”, -деди УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков.

Дегени менен эксперттер Борбор Азияда аскердик кубаты жагынан соңку жылдары Өзбекстан жана Казакстан алдыга озгонун айтып келишет. Ошол эле GlobalFirePower рейтингинде Өзбекстан - 54, ал эми Казакстан- 64 орунда.

«Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнүн армиялары чынында жөн эле фикция. Бул армиялар согуша албайт. Алардын ичинен бардык параметрлер боюнча эң эле жөндөмдүүлөрү казак жана өзбек армиялары. Бирок алар деле глобалдык согуштук аракеттерге жарабайт. Андайга алар ылайыкташкан эмес, болгону инструменталдуу аппарат. Тажикстандагы жарандык согушту жана Афганистан менен чек арадагы тирешти эске албаганда Борбор Азия өлкөлөрүндө согуштук тажрыйба жок. Чек арадагы чырлар, контрабандисттерди кармоо, алар менен атышуу армиянын согуштук тажрыйбасы эмес», - деген Cabar.asia порталына КМШ өлкөлөрү институнун Борбор Азия жана Казакстан бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин.

аскердик машыгуу

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Түштүк-2021» аскердик машыгуусу

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхы 1991-жылдан башталат. Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин өзүнүн армиясын түзүүгө киришкен. 1992-жылы 13-январда Коргоо иштери боюнча Кыргызстандын мамлекеттик комитетин түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Аны генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жетектеп, чек ара тилкелерин тактоо, кайтаруу, ички жана тышкы коопсуздукту камсыздоо милдеттери саны жагынан да, техникалык базасы жагына да чабалАскер күчтөрүнө жүктөлгөн эле.

 Ал аңгыча Баткен коогалаңы эгемен мамлекеттин коопсуздугуна чоң коркунуч жараттып, өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чоң сыноодон өткөргөнү эсте.

20 жылдан кийин былтыр чек арада дагы бир коогалаң орун алып, Кыргызстан аскердик саясатын кайрадан карап жаткан чагы.