Кыргызстан Мекенди коргоочулар күнүн белгилөөдө

Сүрөттүн булагы, Getty

    • Author, Назгүл Коңурбаева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн майрам катары эс алуу күнү катары жарыяланган. Ал эми Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү 29-майда майрамдалат.

СССР ыдырагандан кийин деле 23-февраль Кыргызстанда мырзалардын майрамы катары эсептелип калган. Айрыкча жаш муундун өкүлдөрү бул күндүн маанисин элес деле албай майрамдашат.

Жаштардын көпчүлүгү бул эмне болгон майрам экенин жакшы биле бербейт. Айрыкча аскер катарында кызмат өтөбөгөн, армиядан түшүнүгү жок жаштар бул күндү жөн гана мырзалардын майрамы катары билишерин айтып берүүдө.

Бул күн советтик Армияныны катарында кызмат өтөгөн улуу муунду өкүлдөрүнүн жүрөгүнө жакын:

Бул күнү айымдар мырзаларын куттуктап, ар кандай белек тартуулашат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул күнү айымдар мырзаларын куттуктап, ар кандай белек тартуулашат.

- Совет доорунда 23-февраль кадимки эле иш күнү болгон. Анда бул майрам чоң шаан-шөкөт менен белгиленбесе дагы ар бир советтик жигиттин мекенчиликдик сезимин көтөргөн маанилүү майрам эле- дейт Германияда аскердик кызмат өтөп келген Алханбек.

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин деле бул салтка айланып калган майрам жыл сайын белиглене баштаган. Кийин 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп саналып, мырзалардын майрамы катары кеңири кулач жайды.

-Бирок азыркы кыргыз мырзалары Ата мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоого моралдык акысы барбы?- деп суроо салат журналист Адилет Айтикеев.

Адилет саламаттыгына байланыштуу аскер кызматын өтөгөн эмес. Бирок мекенди коргоо деген сөзсүз эле колуна мылтык алып, чек ара четинде туруу эмес дейт ал.

-Мырзалары эрктүү, күчтүү мамлекет гана экономикалык, саясий жактан бекем болот. Мына ушунда ар бир кыргыз мырзасы өзүнө жыйынтык чыгарышы керек-деди Адилет.

2003-жылдан тарта бул күн калндарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш осүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Бул күнү айымдар мырзаларын куттуктап, ар кандай белек тартуулашат.