Темир жолду көчүрүү демилгеси: мүмкүнчүлүктөрү жана сунуштар

Сүрөттүн булагы, Official
Бишкек мэриясы шаарды аралап өткөн темир жолду чет жакка көчүрүүнү көздөп жатат. Бул демилге жол тыгындарын азайтуу жана экологиялык маселелерди чечүү аракетинин бир бөлүгү катары каралууда. Долбоордун артыкчылыгы жана көйгөйү эмнеде? Бийликтин бул чечими Бишкек үчүн канчалык маанилүү?
Бишкек шаарын аралап өткөн темир жолду шаардын сыртына чыгаруу маселеси соңку ирет парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында көтөрүлдү.
Ага чейин былтыр калаа башчысы япониялык адистер менен чогуу тик учак менен шаарды толук кыдырып чыккан. Мэр аларды өтө дасыккан адистер деп баалаган жайы бар. Жунушалиевдин айтымында, япониялык адистер темир жол Бишкекти экиге бөлүп салып, шаардын келечегине кедергисин тийгизип жатат деген сунуштарын айтышты деген эле.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин маалыматына ылайык, Кытайдын "China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan" компаниясы бул багытта бир нече вариант сунуштаган. Анын айтымында, долбоордун курулуш иштери болжол менен 550 миллион долларга бааланып, түндүк айланма жолу тараптан жер даярдалып жатат.
"Бирок бошогон жерлерди биздин башкы планга туура келип, курулуш иштерди жүргүзсө жердин баасы 450 млн. доллардай болот экен. Алар мамлекет өзү каржылай турган болсо өзү каржыласын же бошогон жер тилкелерин бизге өтөрүп берсе курулуш иштерин өзүбүз жүргүзгөнгө даярбыз деген маселени коюп жатат. Учурда кайсы чечим менен барабыз деп караштырып жатабыз",- деди калаа башчысы.
Жунушалиев темир жол алынгандан кийин ал жерге Кант жана Токмок шаарларына каттай турган магистралдык жол куруу пландалып жатканын айтты.
"Жумушчу топ түзүлүп, биринчи жыйынды өткөрдүк. Учурда иш планын аныктап жатабыз. Алардын маалыматы боюнча 2 жылда куруп бүткөнгө даяр. Түндүк айланма жолго тиелешүү жерлерди тазалоо иштери жүрүп жатат",-деди ал.
Буга чейин Министрлер Кабинети "China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan" компаниясы менен Бишкек шаарынын темир жол жана унаа жол инфратүзүмүн кеңейтүү боюнча кызматташуу меморандумун бекиткен.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек мэриясын бул идеядан баш тартууга чакырды. Анын айтымында, темир жолду көчүрүүнүн ордуна шаардагы коомдук транспортту жакшыртуу керек.
"Бул өтө кымбат. 550 млн. долларды андан көрө автобустарга жумшоо керек. Мүнөт сайын жүрө турган кылып Бишкекти коомдук транспортко толтуруп койсо болот. Темир жолду көчүрүүнүн эмне кереги бар? Тыгын мурдагыдан дагы көбөйөт. Ишенип койгула. Бул туура эмес идея. Ал жерге үйлөр салына турган болсо мурдагыдан дагы жаман болот. Темир жолду Балыкчыдан, Кара-Балтадан адамдар каттагыдай кылып башкача колдонсо болот. Аны көчүрүүнүн кереги жок. Андан көрө жөө жүргүнчүлөрдүн маселесине басым жасагыла",- деди депутат.
"Жолду кеңейтүү тыгын көйгөйүн чечпейт"

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Борбор Азиядагы Америка университетинин экология боюнча ага окутуучусу Бактияр Асановдун пикиринде, темир жолду толугу менен көчүрүүнүн ордуна, аны Кара-Балта менен Кеминди байланыштырган заманбап, ылдам жүрүүчү поезддер менен жаңыртуу эң натыйжалуу чечим болмок.
"Бул Сокулуктан, Кара-Балтадан келип жаткан унаалардын санын азайтмак. Учурда канчалаган кишилер ал жактан Бишкекке каттап иштешет. Бул ыкма Бишкекте батирлердин баасынын төмөндөөсүнө дагы жардам бермек",- деди ал.
Эколог Бактияр Асановдун айтымында, жолдорду кеңейтүү аркылуу шаардагы тыгын маселесин чечүү мүмкүн эмес. Тескерисинче, мындай чаралар транспорттук агымды көбөйтүп, кырдаалды ого бетер оорлоштурушу ыктымал.
"Жолду кеңейткен сайын унаа тыгыны күчөй турганы – дүйнөлүк практикада далилденген факт. Азыр Европа мамлекеттери тескерисинче, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүүгө басым жасап жатат. Темир жол көчүрүлгөндөн кийин ошол аймакка кайра эле үйлөр салынат деп жатат. Эгер ал жерге турак жайлар курулса, анда унаа саны кайра эле көбөйөт. Жол тыгыны эки-үч эсеге өсүшү мүмкүн. Ал эми транспорттун көбөйүшү менен абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуу көлөмү дагы артат, бул болсо экологиялык абалды ого бетер начарлатат",- деди ал.
Экологдун пикиринде, бул маселени Бишкектин гана эмес, жалпы облус деңгээлинде карап чыгуу туура болмок. Анткени темир жолдун көчүрүлүшү шаар менен эле чектелбей. Аймактык транспорттук байланыштарга жана экологиялык абалга да таасирин тийгизет. Ошондуктан чечим кабыл алууда бүтүндөй региондун кызыкчылыктарын эске алуу зарыл дейт.
Урбанист Эмил Насриддинов дагы темир жолду шаардан чыгарып кетүүнүн ордуна аны тез жүрүүчү электричкага айлантуу туура деп эсептейт.
Айтымында, поезд Кара-Балтадан Токмокко чейин каттаса, Бишкектин ичинде жарандардын кыймылын жеңилдетмек жана аймактык өнүгүүгө шарт түзмөк.
"Бул ишканаларды, соода жана өнөр жай тармактарын борбордон сырткары өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк болмок. Учурда темир жолдун боюн карасаңар толук тосмолор менен курчалган. Лев Толстой көчөсүн ала турган болсок, ал жерде жөө жүргүнчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр өтө аз. Эгерде темир жолду заманбап электричкага айлантып, беш-алты жерге станция ачылса, жарандар үчүн жеткиликтүү транспорттук байланыш түзүлмөк",- деди ал.
Урбанисттин айтымында, станциялар ачылган жерлерде коомдук жайларды, соода жана бизнес борборлорун, билим берүү мекемелерин ачууга мүмкүнчүлүк болмок. Бул жаңы транспорттук түйүн шаардын жашоо сапатын жакшыртып, инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөк.








