Гуманитардык уюмдар Газадагы массалык ачарчылык жөнүндө эскертишүүдө

Палестиналыктар 2025-жылдын май айында кайрымдуулук ашканасында

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Палестиналыктар 2025-жылдын май айында кайрымдуулук ашканасында

Шаршемби күнү 100дөн ашуун гуманитардык жана адам укуктарын коргоо уюмдары Газа секторунда "жапырт ачарчылык" жайылып жатат деп коңгуроо кагышты. Алар тараткан билдирүүдө күн сайын Газага орто эсеп менен болгону 28 гана гуманитардык жүк ташуучу унаа кирип жатканы айтылат. Израил болсо тилкеге азык-түлүк жеткирүүгө тоскоол болбогонун ырастап, буга мисал катары ымыркайлар үчүн 2000 тонна тамак-аш жеткирилгенин кабарлады.

АКШ өзүнүн жогорку даражадагы өкүлү Европага жөнөп жатканын, анын максаты — ок атышууну токтотуу жана гуманитардык коридор ачуунун жолдорун сүйлөшүү экенин жарыялады.

ХАМАС кыймылы көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, соңку бир сутка ичинде 10 адам ачкадан каза болгон. Медиктердин айтымында, 2023-жылы октябрда кагылыш башталгандан бери жалпысынан 111 адам ачарчылыктан өлгөн.

Газа шаарындагы "Аш-Шифа" ооруканасынын директору Мохаммед Абу Сальмия Би-Би-Сиге билдиргендей, соңку үч күндө Газа секторунда 21 бала начар тамактануудан улам чарчап калды. Анын айтымында, сектордо 900 миңге жакын бала тамак-аш жетишсиздигинен жабыркап жатат.

Газа секторундагы кырдаал тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындар боюнча агенттигинин өкүлү Аднан Абу Хаснанын айтымында, гуманитардык абал тез начарлап жатат, ал эми ачарчылык менен суунун тартыштыгы "согуш куралы" катары колдонулууда.

Абу Хасна белгилегендей, азыр Газада 1 миллион бала ачарчылыктын жеткен чегинде турат, ошондой эле чөлкөмдөгү үй-бүлөлөрдүн 90%нын таза сууга жетүү мүмкүндүгү жок. Анын айтымында, ачарчылыктын оор кесепеттери эми жалаң балдарга эмес, бүтүндөй калкка таасир эте баштады.

Израил болсо калкты атайылап ачка калтырып жатат деген айыптоолорду бир нече жолу четке каккан. Бул өлкөнүн бийлиги Газага азык-түлүк жана башка гуманитардык жардамдардын өтүшүнө эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирүүдө.

Израил армиясынын өкүлү, подполковник Надав Шошани шейшемби күнү X социалдык тармагында Газанын чек арасында ири көлөмдө гуманитардык жүк турганы тартылган видеону жарыялады. Анын айтымында, 950 жүк ташуучу унаа чек арада топтолуп турат.

"Бул — Израил гуманитардык жардамдын өтүшүн жеңилдеткенден кийинки абал", — деп жазган ал.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги анклавдагы бир миллион бала ачарчылык коркунучунда турганын эскертти

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун Качкындар боюнча агенттиги анклавдагы бир миллион бала ачарчылык коркунучунда турганын эскертти
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израилдин Коргоо министрлигине караштуу палестин аймактарындагы жарандык маселелерди караган бөлүм — COGAT дүйшөмбү күнү билдирүү таратып, Газага ымыркайларга арналган 2000 тоннадан ашык азык-түлүк жеткирилгенин жарыялады. Бирок бул көлөм канча убакыт ичинде жеткирилгени так айтылган жок.

COGAT X тармагында: "Балдар үчүн азык-түлүктүн тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн эл аралык уюмдарды биз менен кызматташууну улантууга чакырабыз. Биз гуманитардык жардамды жөнөкөй жарандарга жеткирүүдө бекем позицияны карманып жатабыз. Бирок бул жардам ХАМАС үчүн эмес", — деп жазды.

Жума башында Agence France Presse (AFP) агенттигинин журналисттер ассоциациясы алардын Газадагы фрилансер кабарчысын ачарчылык катуу тооруп турганын жарыялады.

Көп өтпөй AFP агенттигинин жетекчилиги да бул тууралуу билдирүү жасап, алардын Газадагы фрилансер кызматкерлери адам чыдагыс абалга кептелгенин билдирди.

Агенттик: "2024-жылдын январь–апрель айларында AFP агенттиги өзүнүн сегиз штаттык кызматкерин жана алардын үй-бүлөлөрүн Газадан эвакуациялаган. Эми ошол эле кадамды фрилансер кызматкерлерге карата да жасап жатабыз, бирок катуу курчоодо турган аймактан алып чыгып кетүү өтө оор болуп жатат", — деп билдирүү жасап, Израил бийлигин эвакуацияга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Израил Газанын чек арасын толугу менен көзөмөлдөп турат жана чет элдик журналисттерди аймакка коштоосу жок киргизбейт.

Палестиналыктар гуманитардык жардам таратуучу жайдан бир каптан ун алып кетип баратышат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Палестиналыктар гуманитардык жардам таратуучу жайдан бир каптан ун алып кетип баратышат

Палестин тарап Израилдин аскерлерин жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана коргоо максатында атайын түзүлгөн Gaza Humanitarian Foundation (GHF) деген америкалык компаниянын коопсуздук кызматкерлерин жардам пункттарына келген адамдарды атып өлтүрүп жатышат деп айыптоодо.

Британ-израил журналисти, Haaretz гезити менен Economist журналынын кабарчысы Аншел Пфеффер Хан-Юнус шаарындагы гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пунктка израил аскерлеринин коштоосунда барган жана ал жактагы көрүнүштөрдү Би-Би-Синин эфиринде айтып берген.

Ал жардам алууга келген эл кезек талашып, түртүшүп жатканын көргөн. Америкалык күзөтчүлөр тополоңду токтотуу үчүн асманга ок чыгарып, көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Алар Пфефферге бул согуштук ок эмес экенин билдиришкен.

"Бир маалда абал көзөмөлдөн чыгып кетти. Күзөтчүлөр артка чегинип, коробкаларды алдыда тургандар талап-тоноп кетишти", — деди Пфеффер.

Хан-Юнисте суу үчүн кезек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хан-Юнисте суу үчүн кезек

БУУ Израилден чек ара өткөрмө бекеттеринде топтолгон жүктөрдү Газанын айдоочулары аркылуу алып кетүүгө жана жүктү аскердик аймактар аркылуу ташууга уруксат алуу өтө кыйын болуп жатканын буга чейин бир нече жолу билдирген.

Уруш уланууда, жолдор катуу талкаланып калган, май тартыштыгы өтө күчтүү — булардын баары кырдаалды ого бетер оорлотууда. Кээде куралчан топтордун аракетинен улам гуманитардык операциялар токтоп калууда. Бул көйгөйлөр азыр деле бар. БУУнун айтымында, азыркы таптагы эң чоң маселе — Израил армиясы (ЦАХАЛ) палестин жарандары гуманитардык жардам алып жатканда аларга ок атылбай турганына кепилдик бербей жатат.

БУУнун кызматкерлеринин айтымында, алар чек ара өткөрмө бекеттеринде жардамга келген жүктөрдү алып кетүүгө аракет кылганда, жүк ташуучу унааларга карапайым жарандар жакындап келишип, окко кабылышууда.

"Мындай окуялар буга чейин Израил аскерлери ур-соккуга катышпайт, бул аймакта болбойт деп бир нече ирет убада бергенине карабай кайталанууда", — деди БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Стефан Дюжаррик.

Газа

Сүрөттүн булагы, Mahmoud Issa

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 27-майдан тартып GHF уюму иштей баштагандан бери 1054 адам гуманитардык жардам алууга аракет кылып жатып окко учкан же тебеленип каза болгон.

Анын ичинен 766 адам GHF пункттарынын жанында, 288и БУУ жана башка уюмдардын пункттары менен колонналарынын жанында мерт болгон.

"Биздин маалыматтар ишенимдүү булактардан, анын ичинде дарыгерлерден, гуманитардык жана укук коргоочу уюмдардан алынган. Бул маалыматтар азыр биздин так жана катуу текшерүү ыкмаларыбыз аркылуу текшерилип жатат", — деп билдирди башкармалык.

ХАМАСтын Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, жекшемби күнү БУУнун гуманитардык жардам колоннасын күтүп турган 67дөн кем эмес адам Газанын түндүгүндө өлтүрүлгөн. Анын алдында — ишембиде, дагы эки жардам пунктунун жанында 39 адам өлтүрүлгөнү кабарланган. Жалпысынан акыркы бир жарым жума ичинде палестин тарап ушундай мүнөздөгү бери дегенде алты окуя катталганын билдирди.

Израил менен GHF бул маалыматты чеке кагууда. Жардам бөлүштүрүү системасына келсек, Израил муну Хамастын гуманитардык жардамды уурдоосуна жол бербөө үчүн зарыл деп түшүндүрөт. БУУ "этикалык себептерден улам" GHF менен иштөөдөн баш тартты.

Чиркөөдөгү сокку

Өткөн жумада Газадагы католиктердин жалгыз чиркөөсүнө жасалган чабуул тууралуу Израил армиясы жаңы маалымат таратты. Ал соккудан улам чиркөөнүн ичинде жашынып жаткан үч адам өлүп, бир нечеси жаракат алган.

Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) билдирүүсүнө ылайык, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында "бул аймактагы операция учурунда октун багыты кокустан өзгөрүп кетип, чиркөө жаңылыштыктан улам жабыркаганы" аныкталган.

Чиркөө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Алардын айтымында, бул окуядан кийин "диний имараттардын, баш калкалоочу жайлардын жана башка өзгөчө маанидеги объектилердин жанында ок атуу эрежелери кайрадан такталып, жаңыртылды".

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Папа Лев XIV телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин ЦАХАЛ бул окуяга байланыштуу "биз жарандарга келтирилген бардык зыян үчүн өкүнөбүз" деп билдирди.

Израил аскерлери ошондон бери "Газанын Ыйык үй-бүлө чиркөөсүнө гуманитардык жардамдын, анын ичинде азык-түлүктүн, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин жеткирилишин жеңилдеттик" деп билдиришти. (АА)